Профориентациялык иштер
Буклет_бакалавр_ИСП_2023



2022-жылдын 13-майында Алай районунун мектептерине кесипке багыттоо жумуштарын жүргүзүугө ИСП кафедрасынын окутуучулары Омаралиева Г., Абдумиталип уулу К., Сатибай уулу Б., Маткалык кызы К. барышты
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20221126171652-Uluk.jpeg


2012-2013-окуу жылынан баштап Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1-курсуна эки баскычтуу “Бакалавр - Магистр” системасы боюнча студенттерди төмөнкү багыттар боюнча кабыл алынууда.

1). 710100. Информатика жана эсептөө техникасы (негизги тест, математика же физика). Төмөнкү профилдер боюнча кабыл алынат:
• «Эсептөө техникаларын жана автомат-таштырылган системаларды программалык жабдуу» (ПОВТАС – Программное обеспечение вычислительной техники и автоматизированных систем);
• «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган систе-малары» (АСОИУ – Автоматизированные системы обработки информации и управления).
2). 710200. Информациялык системалар жана технологиялар (негизги тест, математика же физика). Төмөнкү профил боюнча кабыл алынат:
• «Экономикадагы информациялык система-лар жана технологиялар» (Информационные системы и технологии в экономике);
3). 550200. Физика-математикалык билим берүү (негизги тест, математика же физика). Төмөнкү профилдер боюнча кабыл алынат:

• «Математика»;
• «Информатика;

4). 510200. Колдонмо математика жана информатика (негизги тест, математика же физика). Төмөнкү профилдер боюнча кабыл алынат:

• «Колдонмо математика жана информатика»;
5). 710300. Колдонмо информатика (негизги тест, математика же физика). Төмөнкү профилдер боюнча кабыл алынат: • «Колдонмо информатика».

Урматтуу абитуриенттер!

Эгерде силер күнү-түнү продукция өндүрүп, Интернетти багындыргыңар келсе, анда Ош МУнун ПОВТАС адистигине тапшыргыла!
Эгерде силер экономиканы башкарып, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкуңар келсе, анда Ош МУнун ИСТ адистигине тапшыргыла!
Эгерде силер мекеме-ишканаларда башкарууну автоматташтыргыңар келсе, анда Ош МУнун АСОИУ адистигине тапшыргыла!

Кесипке багыттоо боюнча суроолор

1. Кыздар инженер-программист боло алабы?
Жооп: Ооба, боло алат. Кыздардан эң жакшы программист чыгат, анткени алар өтө сезимтал жана аракетчил келишет. Мисалы, дүйнөдөгү №1-программист Августа Ада Лавлейс болгон. Ал 1815-жылы 10 декабрда төрөлгөн жана улуу англис акыны Джордж Байрондун кызы болгон. Августа Ада Лавлейс Беббедждин аналитикалык машинасына программа түзгөн жана биринчи болуп “цикл” түшүнүгүн киргизген.
2. Күнү-түнү продукция өндүрүү дегенди кандай түшүнсө болот?
Жооп: Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан түшүмдү 1 жылда бир жолу гана алууга болот деген философия элдин аң-сезимине сиңип калган. Бүгүнкү күндө күчтүү инженер-программист аба-ырайынын жаанчыл же жер семирткичтердин таңкыс экендигине карабастан күндүзү деле, түнү деле убактысына карап программа түзүп, тигил же бул маселени чыгара ала турган программалардын пакетин түзө алат. Мына ушул программалардын пакети программист өндүргөн продукция болот, б.а. товар болот. Аны колдонсо да болот, пайда тапса да болот жана сатса да болот.
3. Экономиканы башкаруу дегенди кандай түшүнсө болот?
Жооп: “Ким маалыматка-информацияга ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” деген учкул сөз бар. Бүгүнкү күндө информация электр энергиясы сыяктуу эле “товарга” айланды, б.а. анын базар наркы пайда болду. Дүйнө жүзүндө банк системасы өркүндөп өсүп, алардын ишин тейлөө үчүн информациялык системалар – компьютердик программалар (мисалы, 1-С бухгалтерия, 1-С предприятия, 1-С складские программы ж.б.) пайда болду. Мындай программаларды “Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар” адистигинин бүтүрүүчүлөрү түзө алат, демек экономиканы башкаруу экономист-программисттин колунда.
4. Ош МУнун жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктеринин контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн кошумча тесттеги баллы канча болуш керек?
Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктердин контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн негизги тести 105 баллдан жогору болуш керек, ал эми кошумча тесттин болушу талап кылынбайт. Эгерде кошумча тести болсо ал конкурста артыкчылыкка ээ болот.
5. Эгерде “ПОВТАС” адистигин бүтүрсө кандай кызматтарда иштей алат?
Жооп: “ПОВТАС” адистигин бүтүргөндөр инженер-программист, программист-аналитик, прикладдык-программист, системдик-администратор, инженер-электронщик, информацияны коргоочу программист, башкы программист, программалык жабдуу боюнча башкы адис, маалыматтар базасынын администратору, информациялык-эсептөө бөлүмүнүн начальниги, эсептөө техникасын ремонттоо мастери, инженер-инструктор, эсептөө системасынын илимий кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору, информатика мугалими сыяктуу кызмат орундарында иштей алат.
6. Эгерде “ИСТ” адистигин бүтүрсө кан-дай кызматтарда иштей алат?
Жооп: “ИСТ” адистигин бүтүргөндөр инженер-программист, экономист – програм-мист, программист-аналитик, прикладдык-программист, информацияны коргоочу программист, башкы программист, программалык жабдуу боюнча башкы адис, информациялык-эсептөө бөлүмүнүн начальниги, информациялык системаларды (1-С бухгалтерия, 1-С предприятия ж.б.у.с.) тейлөөчү адис, банк системасындагы компьютерлерди тейлөөчү адис, банк системасындагы компьютерлерди программалык жабдуу боюнча адис, эконо-мист-статист, информациялык-эсептөө бөлүмүнүн экономисти, инженер-инструктор, эсептөө системасынын илимий кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору, информатика мугалими, экономика мугалими сыяктуу кызмат орунда-рында иштей алат.
7. Эгерде “АСОИУ” адистигин бүтүрсө кандай кызматтарда иштей алат?
Жооп: “АСОИУ” адистигин бүтүргөндөр инженер-программист, программист-аналитик, прикладдык-программист, информацияны коргоочу программист, башкы программист, программалык жабдуу боюнча башкы адис, информациялык-эсептөө бөлүмүнүн начальниги, инженер-инструктор, эсептөө системасынын илимий кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору, маалыматтар базасынын администратору, өндүрүштү автомат-таштырылган системалар менен башкаруу инженери, компьютердик системалардын аналитиги, компьютердик коммуникациялар боюнча аналитик, берилгендердин компьютердик банкынын аналитиги, информатика мугалими сыяктуу кызмат орундарында иштей алат.
Программалоо кафедрасы жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн ичинен «Информатика жана эсептөө техникасы» жана «Информациялык системалар жана технологиялар» багыттары боюнча бүтүрүүчү кафедра болуп эсептелет.



Кафедранын дареги:
723500. Ош ш., Ленин к., 331. Ош МУнун башкы корпусу. Математика жана информациялык технологиялар факультети.
Программалоо кафедрасы. 321-каб.
Телефон: 03222-5-62-42, 0773-50-00-54.
E-mail: program.osu@gmail.com
Web-сайт: //www.programmaloo.narod.ru