История

Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасы

Информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар (ИТАС) кафедрасы Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин (30.05.01, пр.№8) негизинде ректордун 2001-жылдын 1-июнундагы №121-буйругу менен алгач программалоо кафедрасы деген аталыш менен уюшулган. 2004-жылдын 8-декабрында ОшМУнун ректорунун №265-А буйругу менен программалоо кафедрасынын базасында информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар деген жаңы аталыштагы кафедра болуп түзүлгөн. 2004-жылдын 1-июнунан баштап информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар деген аталыш менен жаңы кафедра катары уюшулуп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Кафедра уюшулган күндөн баштап, 2004-2009-окуу жылына чейин физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Кыбыраев Абдыкалы Оморович кафедраны жетектеп келген.

2009-2014-окуу жылдарында информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Осмоналиев Абдикамил Бурканович жетектеген.

2014-2020-окуу жылдарында информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Чамашев Марат Какарович жетектеген.

ИТАС кафедрасы МИТ факультетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин (28.08.2020, пр.№1) негизинде ректордун 2020-жылдын 17-сентябрындагы №127- буйругу менен "ИТАС" кафедрасынын аталышы автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар (АССТ) болуп өзгөрдү.

2020-2023-окуу жылдарында автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасын физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Молдояров Уларбек Дүйшөбекович жетектеген.

2023-жылдын 28-августунан баштап автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын башчысынын м.а. болуп, техника илимдеринин кандидаты, доцент Кудуев Алтынбек Жалилбекович жетектеп келүүдө.