Öğrencilerle

2019 жыл 30-Апрелде Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда спортсмендердин достук мамилесин чындоо багытында "AYBAT FIGHTING CHAMPIONSHIP" Спорт клубунун демоорчулугу астында эл аралык турнир болуп отту. Бул турнирде ОШ МУнун БиМ факультетинин "Бизнес информатика" адистигинин 1 курсунун студенти Тойчибеков Аскат 1-оорунду багындырып атайын сыйлыктар менен сыйланды. Аскаттын спорт багытында жараткан ийгиликтери менен "Бизнес информатика жана экономикадагы математика" кафедрасынын жалпы профессордук окутуучулук курамы куттуктап мындан аркы окууларында жана спорттук беттешетерде чон ийгиликтерди жара беришине тилектеш экендигин билдиришти.


25.04.2019 жыл Ачык эшик кунундо "Бизнес информатика" адистиги активдуу катышышты. (Фото отчет)


Илим жумалыгынын алкагында уюштурулган«Санариптик экономика» деген аталыштагыКВНде «Бизнес информатика» адистигинин студенттери II-оорунду багындырышты. (Фото отчет)


Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен 2019 – жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы деп аталгандыгына байланыштуу “ Бизнес информатика” адистигинин жалпы студенттеринин катышуусунда КОНОК ЛЕКЦИЯ болуп өттү.

Бул лекциянын негизги коногу «Кыргыз жайыты» улуттук ассоцациясынын Ош, Баткен областтары боюнча координатору Сактанов Арапбай «Жайыт башкаруу жана пайдалануу жана информациялык электрондук жайыт комитет» деген темада жогорку денгээлде лекция окуду.

Лекциянын жүрүшүндө өлкөнү санариптештирүүнүн пайдалуу жактары жана электрондук жайыт комитетинин бул жаатта аткарган иштери бир топ жеӊил жана алгылыктуу болору тууралу кызыктуу суроо-жооптор болуп кенен форматта талкууланды (Фото отчёт)


«Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы тарабынан жана тайпалардын кураторлорунун жардамы менен “Бизнес информатика адистигинин жалпы студенттерине адистикти калыптандыра турган компетенциялар, окуунун жыйынтыктары жана максаттары боюнча атайын кенен маалыматтар берилип турат. (Фото отчет)


Ар жылы 26-Ноябрь “Бүткүл дүйнөлүк маалыматташтыруу” күнүндө “Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасынын жалпы профессордук окутуучулук курамы “ Бизнес информатика” адистигинин студенттеринин демилгеси менен биргеликте, “Бизнес жана менджмент” факультетинде адистиктер аралык оюн-зоокторду, КВНдерди, конкрустарды уюштуруп жеңүүчүлөрду аныктап куттуктоолорду уюштуруп келишет. (Фото отчёт)