Научно-исследовательская работа
       УРМАТТУУ СТУДЕНТ ДОСТОР!       Көп жылдык тарыхы бар, Кыргызстандын эң алдынкы окуу жайларынын бири болгон Ош мамлекеттик университетинин студенти болушуңар менен куттуктайм! Бүгүн силер үчүн жаштыктын эң эсте калаарлык мезгили башталды, олуттуу жашоого кадам таштадыңар.       Так ушул жерде өз алдынчалуулук үчүн сынактар тапшырылат, демилгелүүлүк менен жоопкерчилик айкалышат, билим алуу менен аны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сыналат. Ушул жерден акыреттик достор табылат, мүмкүн сүйүү жолугат.       Жогорку окуу жайында мектептен айырмаланган эрежелер, шарттар бар, жана алар силер үчүн таптакыр жаңы. Бирок, бул жаңылыктар силерди чочутпастан, тескерисинче динамика, мотив бериши керек. Сүйүктүү студент достор! Качан гана ар бирибиз конкреттүү түрдө Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салымыбызды кошконубузда өлкөбүздө өнүгүү, өсүү камсыз болот. Жаңы мезгилге шайкеш келген, күчтүү, билимдүү, таза, жаңы муундун катарын толуктайсыңар деп терең ишенем!
Кожобеков Кудайберди Гапаалиевич ОшМУнун ректору, профессор.
1-курстар үчүн китепче