26.01.2016-жылы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №116 чечими менен кабыл алынган жана 25.01.2016-жылындагы ОшМУнун ректорунун №41 буйругу менен бекитилген жобого тиешелүү толуктоолор, түзөтүүлөр кийирилип ОшМУнун Административдик кеңешинин 2017-жылдын 28-октябрындагы №7-жыйынынын токтомунун негизинде чыгарылган ОшМУнун ректорунун 2017-жылдын 30- октябрындагы №1472 буйругу менен бекитилген 2-басылышы. Жобо бардык окутуу программалары боюнча магистердик диссертацияларга коюлган жалпы талаптарды, алардын түзүлүшүн жана коргоону уюштуруу, каттоо эрежелерин камтыйт. Жобо магистранттарга, магистранттардын илимий жетекчилерине, программа жетекчилерине, кафедра башчыларына жана ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн кызматкерлерине арналган. Ош мамлекеттик университетинин №29 бюллетенинин толуктоолор, түзөтүүлөр кийирилип 2-чыгарылышы Магистрдик диссертация жөнүндө жобо. Кыргызчага которгон, толуктоолорду, кошумчаларды түзгөн, киргизген б.и.д., профессор, Жумабаева Т.Т. Ош шаары. Ош мамлекеттик университети. Билим, 2017. – 32 бет