Spor etkinlikleri

18-март 2024-жыл.

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 21-Март “Нооруз” күнүнө карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктер (студенттер үчүн) ортосунда спорттун Ордо түрү боюнча ДЕКАНДЫН КУБОГУ болуп өттү.

МЕЛДЕШТИН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТИ:

1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;

2. Ордо оюнун пропагандалоо;

3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо;

4. Кыргыздын улуттук оюндарына болгон кызыгуусун өнүктүрүү;

5. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо;

6. Студенттерди сергек жашоого үндөө;

7. БжМ факультетинин Ордо боюнча курама командасын аныктоо.

Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти.

Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

1. “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу” адистигинин студенттеринен куралган команда 1-орунду;

2. Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ адистигин студенттеринен куралган команда 2-орунду;

3. “Менеджмент” адистигинен түзүлгөн курама команда 3-орунду багындырышты.

Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз.

21-март НООРУЗ майрамыңыздар кут болсун!!!


18-март 2024-жыл.

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине жана 21-Март “Нооруз”күнүнө карата БжМ факультетинин студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун ШАХМАТ жана ТОГУЗ КОРГООЛтүрү боюнча БжМ факультетинин «Мыкты шахматчысы», «Мыкты тогуз коргоолчусу» наамы үчүн КР УИА мүчө корреспонденти, э.и.д., профессор П.КУПУЕВДИН КУБОГУНУН алкагында уюштурулган мелдеш болуп өттү.

Бул спорттук турнирдин негизги максаты:

1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;

2. Шахмат жана тогуз коргоол оюндарын пропагандалоо;

3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо;

4. Үзгүлтүксүз спорт менен машыгууга үйрөтүп, спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү;

5. Окутуучулар менен студенттердин байланышын бекемдөө аркылуу коруппциялык процесстерди жокко чыгаруу;

6. Окутуучулар менен студенттерди сергек жашоого үндөө.

7. БжМ факультетинин Шахмат жана Тогуз коргоол боюнча курама командасын аныктоо;

8. Эң мыкты спортчуну сыйлоо

Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти.

Жеңүүчүлөр I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз.



4-март 2024-жыл.

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 8-март "Аялдардын эл аралык күнүнө" карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктер (окутуучу-эжекелер жана студент-кыздар) ортосунда спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча Декандын кубогу болуп өттү.

Бул спорттук турнирдин негизги максаты:

1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;

2. Волейбол оюнун пропагандалоо;

3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо;

4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү;

5. Окутуучулар менен студенттердин байланышын чындоо;

6. Окутуучулар менен студенттерди сергек жашоого үндөө.

Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти.

Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

· “Менеджмент” адистигин студенттеринен куралган кыздар командасы 1-орунду;

· “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу” адистигинин студенттеринен куралган кыздар командасы 2-орунду;

· БжМ факультетинин “Профессордук окутуучулук курамынан (40+)” түзүлгөн курама команда 3-орунду багындырышты.

Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз. Урматтуу айымда майрамыңыздар кут болсун!!!


24-февраль 2024-жыл.

23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата ОшМУнун окутуучу-кызматкерлери үчүн профсоюз уюму тарабынан уюштурулган спорттун БИЛЬЯРД түрү боюнча мелдеште "Бизнес жана менеджмент" факультетинин БИжЭМ кафедрасынын доценти Абдыкадыров Санжар Кубатович 3-орунду багындырып III ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ менен жана ошондой эле МжМ кафедрасынын доценти Сакибаев Канатбек Шерикбаевич "МЫКТЫ ОЮНЧУ" номинациясы аталышында ДИПЛОМ менен сыйланышты.
Спортту даңазалап, татыктуу оюн көрсөткөндүгү үчүн агайларыбыздын ден-соолуктары чың болуп, иштеринде ийгиликтер көп болсун демекчибиз.
Бүгүнкү 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүңүздөр кут болсун!!!
Майрамыңыздар менен!!!













20-февраль 2024-жыл.

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктери (окутуучу-агайлар жана студенттер) ортосунда спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча Декандын кубогу болуп өттү.

Бул спорттук турнирдин негизги максаты:

1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;

2. Волейбол оюнун пропагандалоо;

3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо;

4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү;

5. Окутуучулар менен студенттердин байланышын чындоо;

6. Окутуучулар менен студенттерди сергек жашоого үндөө.

Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти.

Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

· “Менеджмент” адистигин студенттерин 1-орун;

· “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистигинин студенттер 2-орун;

· “Ишкана экономикасы жана башкаруу” адистигинин студенттери 3-орун.

Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз. Майрамыңыздар кут болсун!!!


21-февраль 2024-жыл.

ОшМУнун 85 жылдык мааркесине жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын улуттук Каратэ-до Шотокан WSF федерациясынын президенти, КР эмгек синирген каратэ боюнча спорт чебери, мастерлер жана ветерандар арасында каратэ боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жана кубоктордун жеңүүчүсү кара курдун ээси 7-ДАН. Рысбеков Нурдөөлөт Рысбекович менен БиМ факультетинин студенттеринин ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нурдөөлөт Рысбекович студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди. Диалог абдан кызыктуу болду. Иш-чара өз максатына жетти.


08-февраль 2024-жыл.

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө жана ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Бизнес жана менеджмент факультетинин профсоюз комитети тарабынан агайлар арасында спорттун бильярд түрү боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр I-II-III-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.














11-ноябрь, 2023-жыл.

Ош мамлекеттик университетинин “Бизнес жана менеджмент” факультетинде студенттеринен түзүлгөн курстар аралык курама командаларынын жана профессордук-окутуучуларынын курама командасынын ортосунда спорттун “футбол” түрү боюнча өткөрүлүүчү “Декандын кубогу болуп өтүү.

Оюндун жыйынтыгында:

1. БжМ факультетинин профессордук окутуучулук курамынан куралган команда 1-орунду;

2. 2-курстардан куралган футбол боюнча курама команда 2-орунду;

3. 3-курстардан куралган футбол боюнча курама команда 3-орунду багындырышты.

Жеңүүчүлөр I-II-III-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошону менен бирге татыктуу оюн көрсөткөн оюнчуларга “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты чабуулчу” наминациялары ыйгарылып акчалай сыйлыктар берилди.

Баардык катышуучуларга бекем ден-соолук каалайбыз!