News Архив

Магистратура
      Тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө 550400- социалдык-экономикалык билим берүү багыты боюча адистерди даярдап чыгарат.
            Тарых факультетинин базасында 2014-2015-окуу жылында магистратура бөлүмү ачылды. Магистратурадагы окуу процессин факультеттеги жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу, Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедраларындагы 12 илимдин кандидаты, доцент, профессорлор жүргүзөт.
     
 Магистратуранын багыттарына алынган лицензияда көрсөтүлгөн “дистанттык окутуунун технологияларын колдонуу менен” деген көрсөтмөнүн негизинде бюджетте окуган педагогикалык багыттарды бүтүрүүчүлөрүнүн арасында on-line режиминде окуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.       
Магистратура программасы боюнча практикалардын жумушчу программаларын ОшМУнун нормативтик документерине ылайык иштелип чыгып факультеттин Окумуштуулар кенешинде кароо сунушталган. Анда социалдык-экономикалык билим берүү багытына ылайык Башкаруучулук, илимий-педагогикалык, илимий изилдөөчүлүк практикаларынын баардык компетенциялары камтылып даярдалган.      
 Магистратуралык программанын сапатын жогорулатуу боюнча ишкана-мекемелердин мектептердин адистеринин (стейхолдерлердин) катышуусу менен практикалардын жумушчу программалары, силлабустар (калыптандыруучу компотенциялар, күтүлүүчү натыйжалар чагылдырылып) ноябрь айында талкууланат жана рецензия жазылат.            
 №1164 19.05. 2016 ж. буйруктун негизинде магистратура программалары боюнча практикаларда магистранттарга, иш берүүчүлөргө (стейхолдерлерге), маалымат жеткирүүнү жакшыртуу максатында ОшМУнун сайтында практикага тиешелүү нормативдик жана методикалык материалдар, жумушчу программалар тез аранын ичинде жайгаштырылат.                  
 №1164 19.05. 2016 ж. буйруктун негизинде магистратура программалары боюнча студенттердин практикаларынын сапатын мындан ары жогорулатуу максатында Башкаруучулук, илимий-педагогикалык, илимий изилдөөчүлүк практикалары боюнча жумушчу программаларды, силлабустарды (калыптандыруучу компетенцияларын, күтүлүүчү натыйжаларын чагылдырып) иштеп чыгуу кафедраларга милдеттендирилип, алгачкы варианты түзүлдү жана аны талкуулап бекитүү маселеси каралууда.