News Архив

НББП

ОшМУнун тарых факультетинин студенттери бакалавриат программасы боюнча 4 жыл билим алып, социалдык –экономикалык билим берүү багытынын “тарых” профили боюнча “бакалавр” академиялык даражасына ээ болушууда. “Бакалавр” академиялык даражасы сизге өлкөбүздүн жана чет өлкөлөрдүн билим берүү тармагында, социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөлөрүндө жогорку билимдүү адис катары эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Бакалавр” академиялык даражасына ээ болгондон кийин, сиз, билимиңизди факультеттин магистратура бөлүмүндө уланта аласыз. Магистратурада окуу мөөнөтү 2 жыл. Магистратуранын бүтүрүүчүсү социалдык-экономикалык билим берүү багытынын тарых профилинин магистри академиялык даражасына ээ болот. Магистр академиялык даражасына ээ болуу, заманбап жогорку билимге ээ болгон адис катары өлкөбүздүн жана чет мамлекеттердин билим берүү, илим тармактарында, эл чарбасынын башка чөйрөлөрүнүн башкаруу түзүмдөрүндө жумушка орношууга негиз болот.

Тарых факультетинин“Башкарууну документтик камсыз кылуу, архивист” адистигинин колледжине тапшырсаңыз болот. Колледжге 9 кл. жана 11 кл. базасында кабыл алынат. Колледждин бүтүрүүчүсү “Башкаруунун документтерин жүргүзүүчү адис, архивист” квалификациясына ээ болот жана мамлекеттик бардык струтктураларда иштей алат.

Тарых факультети ааламдашуу шартында атаандаштыкка жөндөмдүү адисти даярдоо үчүн төмөнкүдөй шарттарга ээ:

· Көп баскычтуу сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгүнө;

· Жогорку квалификациядагы, кесипкөй окутуучулук курамга;

· Электрондук доска менен жабдылган окуу аудиторияларына;

· Акысыз интернет түйүнүнө байланышкан 2 компьютердик класска;

· 32027 даананы түзгөн китеп фондуна ээ китепканага жана окуу залына;

· Археологиялык жана этнографиялык материалдарга бай тарых музейине жана илим-изилдөө лабораториясына;

· Кыргыз элинин жана аны менен коңшулаш элдердин тарыхын, маданиятын, карым-катнашын изилдөөчү илимий борборлорго;

· Эл аралык программаларга катышуу, чет өлкөлөрдөн билим алуу (ички жана тышкы академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча) ;

Терең урматоо менен, тарых факультетинин деканынын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнүн орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Осмонова Самара Курбаналиевна.