Сырттан окуу бөлүмүнүн тарыхы
ОШ МУНУН СЫРТТАН ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН ТАРЖЫМАЛЫ Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдары элге билим берүү системасы өнүгүү жолуна түшүп, элдин рухий маданиятка, илим-билимге болгон умтулуусу күч алган. Илимдин, техниканын өндүрүшкө кирип келиши менен жаштарды кесиптик чеберчиликке, айрыкча өлкөнүн келечеги болгон жаш муундарды тарбиялоо үчүн педагогдорду даярдоо мезгилдин талабы эле. Айрыкча, жаштарды илим-билимге, маданиятка ээ кылуу үчүн мугалимдердин жетишсиздиги өлкөнүн кендирин кесип турган. Согуш жылдарындагы, андан кийинки мезгилдердеги кыйынчылыктарды башынан өткөргөн кыргызстандыктар эки эселенген күч менен билимге, ишке багыт алышкан. Келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү максатында Фрунзеде кыз-келиндер пединституту жана Пржевальскиде (Караколдо) педагогикалык институттар ачылса да, республикада кадрлар жетишсиз болуп турган. Тарыхый шарт, турмуштук зарылдыктан улам 1956-жылы ОМПИде сырттан окуу бөлүмү ачылып жаштардын өндүрүштөн ажырабай туруп билим алуусуна мүмкүнчүлүк пайда болгон. Ушундай коомдук талапты аткаруу үчүн ОМПИде сырттан окуу бөлүмүнүн ачылышы жогорку билим алуу үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн б.а. элге билим берүү системасын мугалимдик кадрлар менен камсыздоого, өндүрүштө иштеп жаткан жогорку билими жок мугалимдердин кесиптик билимин жогорулатууга, партиялык жана советтик органдарда иштеп жаткан кызматкерлердин жогорку педагогикалык билим алуусуна, айрым жүйөлүү себептер менен окуусун аяктай албай калган инсандарга жогорку билимге ээ болуусуна толук шарттар түзүлгөн. Фрунзедеги сырттан билим берүү пединституту жоюлгандан кийин өлкөбүздүн түндүгүндө мугалимдердин сырттан билим алуусу Кыргыз мамлекеттик университетинде жүргүзүлсө, түштүк регион боюнча Ош пединститутунда билим алышкан. 1957-жылы Ош пединститутунда“кыргыз тили жана адабияты”, “биология”, “математика”, “орус тили жана адабияты”, “география”, “тарых” жана “чет тилдер” адистиктери боюнча сырттан окуу ачылган. Ош пединститутунда сырттан окуу бөлүмүнүн ачылышы окуу жайдын статусун жогорулаткан. Бөлүмдүн ачылганынын алгачкы жылдарында күндүзгү бөлүмдө кандай адистиктерди даярдаса, сырттан окуу бөлүмүндө да ошол эле адистиктерди даярдап, мезгил өткөн сайын эл чарбасына өтө муктаж болгон адистерди уядан учуруп, түштүк аймакта педагогдорду даярдоонун борборуна айланган. Ал жылдары күндүзгү окуу бөлүмүнө караганда, сырттан окууда студенттердин саны бир топ жогору болгон жана ал студенттердин катарында бир гана түштүк Кыргызстандын өкүлдөрү эмес Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас областтарынан жүздөгөн студенттер билим алышкан. 50-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун сырттан окуу бөлүмүнүн өркүндөп-өсүшүнө институттун директору А. Омуралиев, директордун орун басары Г.Р. Герус, табият таануу жана география факультетинин деканы К.В. Пискарев, чет тилдер факультетинин деканы М.Е. Пан, физика-математика факультетинин деканы Т. Мамуров, кафедра башчысы, доцент К.Д.Шамгунов, орус тили кафедрасынын башчысы доц. Р.Х. Муратов, ошондой эле В.С. Зимогляд, Н.К. Камалов, П.Ф. Величков, Ж.Ж.Жаныбеков, Ж.Б. Бешимов, А.Н. Поляков, Ф.Н.Заитов, Л.Д. Поколодный, В.И. Сидляренко, В.П. Черненко, Р.С.Абдуразаков, С.А. Абдыкалыков жана башкалар көптөгөн салымдарын кошушкан. Ош ПИнин сырттан окуу бөлүмү алгачкы жылдарда өз алдынча структуралык бөлүм болбой, күндүзгү окуунун бир бутагы катары эсептелген. Жылдан –жылга студенттердин санынын өсүшү менен окуу процессинин жүрүшүнө жооптуу кызматкерлерди кызмат ордуна дайындай баштаган. Сырттан окуу өз алдынча болгондон баштап сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы кызмат орду ачылган. Бул орунга П.Ф. Величков (28.12.1956-1.09.1957), А.Н.Поляков (1.09.1957-1.09.1958), Бешимов Жолчубек (1.09.1958-1.02.1959), Жаныбеков Жээнбек (18.02.1959-8.10.1959) сыяктуу компетенттүү, жооптуу инсандар чыгармачылык менен эмгектенишкен. Сырттан окуу бөлүмүнүн башчылары Директордун сырттан окуу боюнча орун басарлары 1957-жылдан баштап табият таануу, кыргыз жана орус филологиясы боюнча адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү жакшы жолго коюлган. Жогоруда аталган кызматтык орун 1960-жылдан баштап институттун директорунун сырттан окуу боюнча орун басары деп аталган. Директордун орун басары кызматын Кац Алексей Леонидович (5.10.1959 – 16.05.1961), Бекмамбетов Рашид (16.05.1961 – 14.09.1962), М.А. Абдулина (14.09.1962 – 20.12.1967) өңдүү кызматкерлер аткарышкан. 1966-жылы институттун директору кызматы институттун ректору кызматына өзгөртүлгөндүктөн, директордун сырттан окуу боюнча орун басары кызматы проректордун кызматына өзгөртүлгөн. Сырттан окуу боюнча алгачкы проректор Жумаш Койчуманов (20.12.1967 – 28.12.1970) болгон. Андан кийинки жылдарда бул кызмат орунда Б. Мурзубраимов (28.12. 1970-05.11.1975), К.Жумабаев (05.11.1975 - 10.12.1986), Б. Кулмашев (16.03.1986-01.05.1992) эмгектенүү менен сырттан окуу процессинин өнүгүүсүнө тиешелүү салымдарын кошуп келишкен. Сырттан окуу боюнча проректорлор Институттун материалдык базасын чындоо менен тарых (1960), математика жана физика (1962) адистиктери үчүн сырттан окуу бөлүмү ачылган. 1992-жылы күндүзгү жана сырттан окуу проректорлорунун функциясы бириккендигине байланыштуу бул кызмат орду өз алдынча аталбай калган. Ал эми 1998-жылы кайрадан сырттан окуу боюнча проректордун кызматы киргизилип, бул кызматта ф.и.д., профессор Ш. Базарбаев 2004-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген. Андан соң бул кызматта п.и.к., доцент Танавархан Акматова (08.01.2004-30.11.2005), ф.-м.и.к., доцент Авазбек Асанов (06.12.2005-30.07.2009) иштешкен. 2009-жылдын 17-августунда Ош МУда “Дистанттык окуу жана инвестиция”департаменти (сырттан окуу иштерин кошуу менен) түзүлүп, анын директору кызмат ордуна п.и.к., доцент Темир Жоробеков дайындалган. 2009-жылдын 1-декабрынан сырттан жана дистанттык окутуу департаменти болуп кайра түзүлүп, анын директору кызматын п.и.к., доцент Абдималик Оморалиев 2010-жылдын 16-августуна чейин аткарган. Бул кызмат 2010-жылдын 16-августунан сырттан жана дистанттык окуу боюнча проректору кызматы деп аталып, ага б.и.к., доцент Тажимамат Эркебаев дайындалган. 15.10.2010-14.10.2011-жж. мөөнөтүндө бул кызматта профессор И. Г. Кенжаев иштеген, 2011-жылдын 14-октябрынан бери сырттан жана дистанттык окуу боюнча проректору кызматын ф.и.к., доцент Олжобай Шаимкулов аткарып келүүдө. 2001-жылы Ош МУнун сырттан окуу бөлүмүндө 25 адистик боюнча кадрлар даярдалса, бүгүнкү күндө 46 адистикте 10584 студент билим алууда. 2011-2012-окуу жылында сырттан окуу бөлүмүндө жаңы структура - үзгүлтүксүз билим берүү институту ачылып, анда жогорку билимдин базасы менен (окуу мөөнөтү 2,5 жыл) 200 студент, атайын орто билимдин базасы менен (окуу мөөнөтү 3,5 жыл) 137 студент 5 адистикте билим ала баштады. Ош МУнун ректорунун буйругу (№ 28 16.04.1999-ж.) менен дистанттык билим берүү борбору ачылып, ал 2005-жылы жабылган. Мезгилдин талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо окутуунун сырттан окуу формасынан дистанттык окутууга кайрадан толук өтүү зарылдыгы жаралды. Заманбап билим берүүнүн технологиясын пайдаланып окутуунун жаңы формасына өтүү алыскы райондордо жана чет өлкөлөрдө жашап, эмгектенип жүргөн жаштардын билим алуу көйгөйүн чечүүнүн оптималдуу варианты болуп саналат. Ошондуктан О.А.Шаимкулов сырттан жана дистанттык окуу боюнча проректору кызмат ордуна келген күндөн баштап окутуунун ушул формасына өтүү маселесине өзгөчө көнүл коюп иш алып барууда. Натыйжада сырттан окууда олуттуу өзгөрүүлөр жана жаңылыктар киргизүү боюнча семинарлар уюштурулуп, окуулар өткөзүлүп, ар бир предмет боюнча электрондук китепчелер даярдалып, заман талабына ылайык окуу- методикалык комплекстер түзүлүп, байма-бай сунуштар, талкуулар жүргүзүлүп жатат.