News Архив

Ekonomide Bilişim Bilimi ve Matematik

Урматтуу замандаштар!

Биздин жашообуздагы эң жөнөкөй жагдайдан баштап өтө татаал деп эсептелген процесстерди компьютердик технологиясыз элестетүү мүмкүн эмес.

Бул өңүттү экономикалык ишкердүүлүк менен алектенүү да жанып өтпөйт.

Конкуренция күчтүү болгон азыркы шартта мейли каржы системасында, мейли бухгалтердик эсептөөлөрдө же болбосо жеке сектордо болбосун алдын ала жүргүзүлгөн так эсеп-кысапсыз ишенимдүү ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Бул амалдар болсо бизнести моделдештирүү деп аталат. Ал эми моделдештирүү маалыматтар базасына негизделет. Ошондуктан бизнести уюштурунун экономикалык негиздерин өздөштүргөн, моделдештирүү көндүмдөрүнө ээ болгон жана компьютердик технологияларды колдонууну гана билбестен, аны түзүүнү, өркүндөтүүнү колго ала турган адистерди даярдоо бүгүнкү күндүн талабы. Мындай адистер эмгек рыногунда конкуренцияга да туруктуу болушат. Бул адистик албетте бизнес-информатика.

Бул багытта ОшМунун Бизнес жана менеджмент факультетинде факультет уюшулгандан бери “Бизнес-информатика жана экономикадагы математика” кафедрасы тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып келүүдө.

ОшМУнун ректоратынын колдоосу менен талаптагыдай материалдык-техникалык база түзүлдү. Керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз болдук.

Мунун натыйжасында 2012-жылдан баштап “Бизнес-информатика” багыты боюнча бакалаврларды даярдоо колго алынган.

2016-жылы биринчи бүтүрүүчүлөрдү чыгардык. Алардын дээрлик баары ишке орношушту. Кимиси банктарга, кимиси бухгалтер болуп, кимиси жеке сектордо, айрымдары окутуучулук кызматтарда иштей башташты.

Демек, экономикалык теория менен компьютердик технологияларды бир ширеткен, башкача айтканда эки тизгин бир чырбылды колго кармаган бизнес-информатика багытынын келечеги кең, кадамы арыштуу.

Келгиле, адамзат эңсеген жаңы чектерге бирге барабыз!