Окуу-методикалык иштери
      Окуу иштери 2017-2018 окуу жылында кафедрада толук баалуу табийгый илимий билим берүү жана биолог адистерин даярдоо үчүн биологиялык илимдердин негизги багыттарынын бир тобу окутулат. Алар төмөндөгүлөр: өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы, өсүмдүктөрдүн систематикасы, өсүмдүктөрдүн физиологиясы, цитология, генетика, биохимия, биотехнология, микробиология, биогеография, биологияны окутуунун усулдары ж.б., ЖОЖдук компонент катары бир катар предметтер, алсак, Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү, жаратылышты коргоо, гүл өстүрүүчүлүк, бир нече атайын курстар жана практикумдар киргизилген. Аталган предметтерди терең өздөштүрүү үчүн лекциялык материалдар жана лабораториялык иштердин иштелмелери жогорку илимий теориялык жана усулдук жактан иштелип чыгылган. Предметтерди жакшы өздөштүрүүгө жергиликтүү материалдарды пайдалануу көмөк көрсөтөт.
      Лекцияларды жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн шарттар камсыз болгон 2 лекциялык зал, 8 окуу- лабораториясы бар.       Кафедра азыркы учурдагы окутуунун 2 баскычтуу: бакалаврдык жана магистрдик системасына өткөн. Бүгүнкү күндөгү замандын талабына жооп берүүчү “биолог” адисте-рин даярдоо үчүн билим берүүнүн мамлекеттик стандартыдагы биологиялык илимдердин негизги багыттары окутулат. Алар төмөндөгүлөр:

1) мамалекеттик компонент катары – жалпы биология, ботаника (өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы, систематикасы, физиологиясы), генетика, биохимия, биотехнология, микробиология, биологияны окутуунун теориясы жана методикасы,

2) ЖОЖдук компонент катары бир катар дисциплиналар: Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү, өсүмдүктөрдүн жекече өрчүүсүнүн биологиясы, Кыргызстандын дары-дармек өсүмдүктөрү, гүл өстүрүүчүлүк, табият таанууну окутуунун методикасы, биологияны окутуунун инновациялык жана традициялык эмес методдору, табигый билимдердин негиздери, биогеография жана башка бир нече атайын курстар жана практикумдар киргизилген. Аталган дисциплиналарды терең өздөштүрүү үчүн лекциялык материалдар жана лабораториялык сабактардын иштелмелери жогорку илимий-методикалык жактан иштелип чыгууда.

Ошондой эле кафедрада Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздук механизмдерин өнүктүрүү долбоору – мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коппсуздугунун комплекстик стандартын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында ишке ашырылды. Келечекте бул стандарт Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүн коопсуздуктун жаңы сапаты менен камсыздайт. Долбоордун алкагында бир катар тегерек столдор, семинарлар, тренингдер өткөрүлгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында 12 пилоттук (сынамык) мектеп жана алдыңкы педагоги-калык жогорку окуу жайларында билим берүү коопсуздугунун 3 борбору түзүлгөн. Анын экөө Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында, бирөө Ош шаарынын ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында « Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору» түзүлгөн.

Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борборунун ачылышы

Стандартта мектеп чөйрөсүнүн коопсуздугунун 3 багыты камтылган:

1. Экологиялык коопсуздук – балдар экологиялык таза чөйрөдө окуп, алардын ден соолугуна эч нерсе коркунуч жаратбашы керек.

2. Ден соолук коопсуздугу – балдарды окутуу үчүн мектепте түзүлгөн саламат-тыкты сактоо инфраструктурасын билдирет.

3. Психологиялык коопсуздук – ар бир окуучу өзүн социалдык жактан активдүү инсан катары сезүүсү керек.

Жогорку багыттарды эске алуу менен мектеп шартында окуучулардын коопсуз билим берүү чөйрөсүн уштуруу максатында заманбап окуу куралдары менен камсыз-далган лекциялык, лабораториялык жана психологиялык аудиториялар түзүлүп, учурда семинарлар жана сабактар өтүлүп жатат.

      Коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн лекциялык аудиториядагы семинардын уюштурулушу       Коопсуз билим берүү чөйрөсү боюнча түзүлгөн лабораториялык аудитория       Коопсуз билим берүү чөйрөсү боюнча түзүлгөн психологиялык шарттар

“Толеранттуулукту жана коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору” коопсуз экологиялык жактан таза материалдардан жасалган столдор, отургучтар, шкафтар, гүл койгучтар менен жабдылган. Окуу имаратынын сыртын, ичин экологиялык жактан жашылдандырууну, азык-заттардын курамындагы нитраттарды, радиацияны, микроклимат боюнча аудиториядагы абанын температурасын, агымын, нымдуулугун, шумду, табигый жана жасалма жарыктандырууну, суунун тазалыгын, тунуктугун, түсүн, жытын жана башкалардын стандарттык нормага туура келгенин аныктоочу заманбап окуу куралдар менен камсыздалган.

Мектептин айлана-тегерегин жашылдандыруу – мектеп окуучуларынын саламаттыгы жана ар тараптуу: эстетикалык, экологиялык маданияттуулугунун өнүгүүсү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүн маанилүү жана алмаштыргыс бөлүгү. Ошондуктан окуу имаратынын сыртын жана ичин жашылдандырууда бак-дарактардын, бадалдардын жана чөптөрдүн ар кандай түрүн өзүнө камтуучу туруктуу биосистеманы уюштуруу зарыл. Ал үчүн вертикалдык жана горизанталдык жолдор менен жашылдандыруу иш-чараларын жүргүзүүгө болот. Мисалы, Вертикалдуу жашылдандырууда колдонулуучу негизги өсүмдүк катары: асылып өсүүчү чырмоок, асылып өсүүчү роза, лиандын түрлөрү, шилби (жимолость), кулмак (хмель) жана кыркылган дарактар түзөт.

      Ошондой эле окуу имаратынын ичин жашылдандыруу боюнча стандарттык нормага туура келиши жөнүндөгү маалыматтар лабораториялык-практикалык сабак учурунда аныкталат.       Окуу имаратынын коридорун жашылдандыруунун 30%дык нормага туура келгендигин студенттердин аныктоо учуру       Лабораториялык аудиторияны жашылдандыруунун 30%дык нормага туура келгендигин аныктоодо канча карапа гүлдү өстүрүүгү болорун өлчөө       

Мындан сырткары, “Билим берүү чөйрөсүнүн азык коопсуздугу” боюнча төмөнкүдөй мазмундагы теориялык маалыматтар өздүштүрүлүп, алар лабораториялык-практикалык сабакта аныкталат.

Коомдо адамдардын, өзгөчө балдардын социалдык уюмдардагы тамак-аш коопсуздугу бүгүнкү күндөгү негизги маселелерден. Учурдагы заманбап шарттарда мектеп окуучуларынын туура тамактануусу жөнүндөгү маселе өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Анткени туура тамактануу – баланын жетилип келе жаткан организминин сергек өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ.

Тамак-аш организмге зарыл болгон азыктардын жана биологиялык активдүү заттардын булагы, бирок муну менен катар эле ар түрдүү чоочун заттардын (ксенобиотиктердин, уу химикаттардын, нитраттардын, нитриттердин, микотоксиндердин, ар түрдүү биологиялык булгагычтардын (микроорганизмдердин, вирустардын, гельминттердин) ж.б.у.с. да булагы болуп эсептелет. Ошондуктан тамак-аш азыктарынын коопсуздугун ар бирибиз билүүбүз зарыл.

Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу – бул тамак-аш азыктарын кадимки шарттарда пайдалануу зыянсыз экенине, азыркы жана келечек муундардын ден соолугуна коркунуч жаратпай турганына негиздүү ишеним болгон абал.

Тамак-аш азыктары көп компоненттүү система, андыктан андагы бардык кошулмаларды үч топко бөлүүгө болот:

             Жогоркудай теориялык маалыматтар өздөштүрүлгөн соң, алардын курамындагы нитраттардын канчалык деңгээлде экендиги лабораториялык сабакта аныкталат. Мисалы,       Мөмө жемиштердин курамындагы нитраттын стандарттык нормага туура келишин аныктоо
      Банандын курамындагы нитраттын стандарттык нормага туура келишин аныктоо       
      Картошканын курамындагы нитраттын стандарттык нормада экендигин аныктоо       Помидордун курамындагы нитраттын стандарттык нормада экендигин аныктоо        Аудиториядагы радиациянын стандарттык нормада экендигин аныктоо
      Жагымдуу микроклиматты түзүүдө анын негизги компоненттери болгон: абанын температурасы, анын агымы, нымдуулугу, табигый жана жасалма жарыктандыруу, шум жана башкалар дагы стандарттык нормада экендиги заманбап окуу куралдары аркылуу лабораториялык сабак учурунда аныкталат. Ошентип, “Коопсуз билим берүү чөйрөсү” дисциплинасынан студенттер теориялык билимдерди өздөштүрүү менен практикалык көндүмдөргө ээ болушуп, аларды өз турумуш тиричтлигинде колдоно алышат. “Профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы”       Өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий       лабораториясы жөнүндө маалымат       Лабораториянын негизги максаты – өсүмдүктөр дүйнөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн иш жүзүндө көрсөтүү. Бул максатта бир нече илимий изилдөөлөр жана экспедициялар жүргүзүлгөн. Профессор Б.Каримова жогорудагы окуу-илимий лабораториясын түзүү үчүн Кулун-Ата коругуна эки ирет (2016-2017-жылдар) илимий экспедиция уюштурган. Экспедицияга биология илимдеринин кандидаттары, доценттер О.Коланов, Б.Каримов, ага окутуучулар О.Маматкулов, А.Курбаналиевалар катышкан. Бул экспедиция оңойго турган жок, эчен ашуулар ашып, суулар кечип, мөңгүлөргө жетип, атчан-жөө жүрүп материалдар жыйналды.                    

Изилдөөнүн обьектиси катары лабораторияда өсүмдүктөрдүн түркүн тиричилик формалары: талломдуу өсүмдүктөр ( козу-карындар, балырлар, эңгилчектер), жогорку түзүлүштөгү мох сыяктуулар, папоротник сыяктуулар, гүлдүү өсүмдүктөр камтылган. Ошону менен бирге, Кыргызстандын түштүгүндөгү Кызыл китепке киргизилген айрым өсүмдүктөр; сууларды тазалоочу өсүмдүктөр (фитофильтрлер); бактерициддик өсүмдүктөр; медицинада колдонулуучу өсүмдүктөр, суунун тазалыгын билдирүүчү өсүмдүктөр (индификаторлор) көрсөтүлгөн.

Лабораторияда аталган өсүмдүктөрдүн айрымдары сабак өтүүдө жана илимий максаттарда атайын өстүрүлгөн. Өсүмдүктөрдүн анатомиялык түзүлүшү, көбөйүү про-цесстери микроскопто көрүлүп, интерактивдүү доскага чыгарылып үйрөнүлөт.

Лаборатория өсүмдүктөрдүн коллекциялары, герба-рийлери, заманбап микро-скоптор: “Тринокулярный Levenhuk MED 20”, “Olimpus СH 20”, “Биолам”, интерактивдүү доска, проекторлор менен жабдылган. Доскада айрым өсүмдүктөрдүн көбөйүшү жана алардагы органикалык заттардын пайда болушу б-ча көргөзмөлүү жумуштар аткарылат.

Лабораторияда өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча профессор Б.Каримованын мекте-бинин калеминен жаралган илимий макалалар, журналдар, аныктагычтар, Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби, КРнын генетикалык фондунун Кадастры (авторлордун бири катары), монографиялар, сөздүктөр, методикалык колдонмолор, адабий чыгармалар ж.б. бар. Лабораториядагы материалдарды окутуучу-илимпоздор, магистранттар, студент-тер пайдалана алышат.

Жогоруда көрсөтулгөндөрдүн негизинде профессор Каримова Б.К. шакирттери менен биргеликте лабораториядагы көрсөтулгөн окуу куралдарды колдонуу менен сабактарды өтөп келген жана ал төмөндө чагылдырылган:




Кыргыз Республиканын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер; Кыргыз Республиканын «Даңк» медалынын ээси; Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти, биология илимдеринин доктору, профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясынын ачылыш аземи 2021-жылдын 11-мартында Табият таануу жана география факультетинде өткөрүлдү.








      Ошондой эле кафедранын мүчөлөрүнүн бир бөлүгүнүн илимий изилдөөлөрү биологияны окутуунун методикасы менен байланышып, алар шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү, айылдык мектептер менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Мисалы, ОшМУнун алдында уюштурулган мугалимдердин билимин өркүндөтүү институ менен биргеликте кафедрадагы методисттердин жетекчилиги астында методикалык-семинарлар өткөрүлүп турат. Ал боюнча п.и.к., доцент Д.Эмилбекова, ага окутуучу Э.Буранов, окутуучу Ж.Абдиллаевалар тарабынан окутуунун заманбап технологияларын колдонуу аркылуу тренингдик-семинарлар уюштурулуп, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери менен тыгыз байланыштар түзүлгөн.

            Педагогикалык жана мамлекеттик педагогикалык практикада       аткарылуучу иштер                Окутуунун эки баскычтуу системасына, б.а. бакалавр формасына өткөндөн бери окутууну өндүрүш менен байланыштырууга чоң маани берилген. Студенттер 2-курстан баштап эле мектептерге же башка өндүрүштүк мекемелерге адаптациялык практикаларды өткөрүү окуу пландарына кирген. Бул адаптациялык жана педагогикалык практикалардын алдына төмөндөгүдөй милдеттер коюлат: • жалпы билим берүүчү орто мектептин иш системасы жана мектеп документтациясы менен таанышуу; • педагогикалык жана усулдук кеңешменин ишин жана аларды өткө-рүүнүн методикасын үйрөнүү; • мектептеги алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбасын үйрөнүү жана аны өздөрүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонуу; • мугалимдердин сабактарына катышуу; • сабактарды өтүү жана аларга анализ берүү; • ата-энелер жана окуучулар жамааты менен иштөө ыкмаларын жана тарбиялык саат өтүүнүн методикасын үйрөнүү; • предмет боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү; • мектепти жана кабинетти жасалгалоону, көргөзмө куралдарды жана дидактикалык материалдарды даярдоону, окутуунун заманбап техникалык каражаттарын колдонууну үйрөнүү. Жалпысынан алганда кафедранын методисттери төмөнкү багыттар боюнча иш алып барышууда. 1. Мектептин окуу китептеринин мазмунун кайрадан түзүп чыгуу. 2. Мектеп окуучулары үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү. 3. Түрдүү мазмундагы методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу. 4. Окутуунун инновациялык жана традициялык эмес методдорун ана- лиздөө менен аларды мектеп практикасына киргизүү. 5. Мугалимдик кесипке багыт берүү менен, алардын кесиптик компе- тенттүүлүгүн калыптандыруу. Мындан сырткары, кафедранын методисттери мугалимдердин шаар-дык, областтын райондорунун секциялык иштерине катышып турушат.    Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде 2022-жылдын 12-мартында "Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ" кафедрасынын окутуучулары тарабынан Ош шаарынын мектептеринин биология, химия мугалимдерине "Коопсуз билим берүү чөйрөсү" боюнча илимий-практикалык семинар уюштурулду. Семинарда төмөнкүдөй маселелер каралды: 1. Окуу имаратын жашылдандыруу. 2. Окуу имаратындагы микроклиматтын компоненттерин аныктоо. 3. Азык коопсуздугу боюнча мөмө-жемиштердин нитраттарын аныктоо. Учурдун талабына туура келген маселелер талкууланып мугалимдер үчүн өтө кызыктуу иш-чара өткөрүлдү.  >      
  
    







      
8-апрель куну Бк(б)-1-21 тайпасына окутуучу А.Ж. Дурсунбаева «Кыргызстандын дары-дармек өсүмдүктөрү» предметинен ботаникалык бакта лабораториялык сабак өтүү учурунда









7-апрель Буткул дуйнолук ден соолук кунуно карата Ош Мунун аялдар кенеши тарабынан конулдуу иш чара уюштурулду. Баардык факультеттердин аялдар кенешинин мучолору калкты сергек жашоо образына угуттоп, веложарыш откордук. Анда Ош Мунун профсоюз уюму демоорчулук кылып, женичуулорго сыйлыктарды жана белектерди ыйгарды.






18-19 мая 2022 года по инициативе ФАО и сельскохозяйственной консультационной компании «Агролид» был проведен тренинг с участием специалистов Министерства сельского хозяйства КР, Департамента карантина, химизации и защиты растений, фитосанитарных лабораторий, Департамента экспертизы сельхозкультур, КТУ «Манас», ОшГУ, консультационных организаций в области сельского хозяйства из Чуйской и Ошской областей Республики. Тренинг был посвящен изучению видов ржавчинной болезни злаковых культур. По итогам изучения были проведены полевые симуляционные упражнения по обследованию и идентификации видов ржавчины на растущих растениях, обучение по отбору растительного материала и создание гербарного материала из больных органов растений. Со стороны Ошского государственного университета в тренинге участвовали ППС кафедры ботаники, общебиологических дисциплин и МПБ, ветеринарии и агрономии факультета естествознания, туризма и аграрных технологий. _____________________________________________________________________________ 2022-жылдын 18-19-май күндөрү ФАО жана «Агролид» айыл чарба консультациялык компаниясынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Карантин, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин, фитосанитардык лабораториялардын, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо департаментинин, Чүй жана Ош облустарынан айыл чарба тармагындагы консультациялык уюмдардын, «Манас» КТУнун жана ОшМУнун адистеринин катышуусунда тренинг өткөрүлдү. Тренингдин максаты - дан өсүмдүктөрүнүн дат оорусунун (ржавчина – Puccinia) түрлөрүн изилдөөгө арналды. Изилдөөнүн жыйынтыгында талаа шартында дан өсүмдүктөрүн жабырланткан даттын түрлөрүн изилдөө жана аныктоо боюнча машыгуулар өткөрүлдү. Өсүмдүк материалын тандоого жана өсүмдүктүн оорулуу органдарынан гербарий материалын түзүү методикасы өздөштүрүлдү. Тренингде ОшМУ тарабынан табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ, ветеринария жана агрономия кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышышты.  






      


Ош МУ нун аялдар кеңеши 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата эжекелер арасында сууда сүзүү боюнча мелдеш өткөрүшүп, жеңүүчүлөр профсоюз тарабынан диплом жана белектер менен сыйланышты. Биздин факультеттин аялдар кенешинин торайымы кафедранын окутуучусу Аида Дурсунбава да бар
      







Окуу-методикалык иштер

Кафедранын перспективалык планы:

· кафедра мүчөлөрүнүн окуу-методикалык чеберчилигин жогорулатуу;

· ар бир дисциплина боюнча окуу методикалык комплекстердин электрондук, басма варианттарын даярдоо;

· студенттердин арасында тарбиялык иштерди өркүндөтүү;

· кафедранын “Биология”профили боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;

· кафедра мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана илимий-медициналык кадрларды даярдоо;

· кафедранын дисциплиналары боюнча окуу колдонмолорун, окуу китептерин даярдоо жана басмадан чыгаруу;

· теориялык жана практикалык сабактарда заманбап технологияларды максатка ылайыктуу пайдалануу үчүн программаларды жана башка дидактикалык колдонмолорду иштеп чыгуу;

· эл аралык билим берүү программаларына жана долбоорлорго активдүү катышуу.


ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕР

Кафедранын дисциплиналары боюнча жумушчу программалары тиешелүү багыттардын негизги билим берүү программаларынынын негизинде түзүлөт жана кафедранын кеңешмесинде бекитилип, уюштуруулуучу иштер чагылдырылган иш планы, кеңешмелеринин планы түзүлөт.

Кафедрада окуу-методикалык иштерге байланыштуу “Жогорку окуу жайларда жана жалпы билим берүүчү орто мектептердин биология сабактарында заманбап окутуу технологияларын колдонуу методикасы” деген темада илимий-теориялык, окуу-усулдук биргелешкен семинар иштейт. Ал боюнча илимий-методикалык докладдар даярдалып, кафедранын илимий теориялык жана методикалык семинарында талкууланып турат. Семинарда биологиянын түрдүү тармактарындагы жетишкендиктери, биологиянын азыркы учурдагы актуалдуулугу жана орчундуу маселелери боюнча стейхолдерлер менен биргелешкен семинарлар уюштурулат.

Кафедрадагы бардык окутуучулар түрдүү багыттар боюнча билимин өркүндөтүүчү курстарга, илимий методикалык семинарларга катышып, сертификаттарды алышкан. Мисалы: Эмилбекова Д.А., Абдымомунова Б.А., Маматкулов О.И., «Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү»; Коланов О, Буранов Э.Ш., Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А., Абдымомунова Б.А., Маматкулов О.И., “Дистанттык окутуунун технологиясы”; Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А., Абдымомунова Б.А., Маматкулов О.И., Буранов Э.Ш. “Предметти жана тилди интеграциялап окутуунун методикасынын негиздери”; Эмилбекова Д.А., Абдымомунова Б.А., Буранов Э.Ш. “Баштапкы эксперимент - SEA”; “Эмилбекова Д.А., Боронбаева А.А., Умарова Р.Д., Осмонали у.Адакан “Окутуунун он-лайн платформасы”, Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А. “Заманбап окутуу технологиялары”. Кафедранын бардык окутуучулук курамы “Окуу процессинде тестирлөөнү колдонуунун териясы жана усулу” аттуу семинарларга катышып, сертификатка ээ болушкан.

Кафедранын окутуучулары сабактарды электрондук окуу материалдарын, мультимедиялык каражаттарын жана лабораториялык тажрыйбаларды жүргүзүүдө натуралдык обьектилерди заманбап микроскопторду колдонуу менен өтүшөт. Бул багытта атайын жабдылган 216-217-311-313-аудиторияларда кафедранын мүчөлөрүнүн сабактарды өтүү жадыбалы түзүлүп, анын аткарылышы кафедра тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Окуу куралдары:

1. Тажибаев А. Кенжеева Г.К. Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы боюча лабораториялык сабактар үчүн колдонмо.– Ош, 2001

2. Тажибаев А., Уметалиев М.Т. Генетика жана селекциянын негиздеринин кыскача курсу. – Ош, 2003

3. Тажибаев А. Генетикадан маселелер жана көнүгүүлөр. – Ош, 201 7.

4. Каримова Б.К., Ж.С. Абдырахманова Өсүмдүктөрдүн систематикасы боюнча лабораториялык практикум. – Ош, 2020

5. Эмилбекова Д.А. Биологияны окутуунун теориясы жана методикасы, Ош, 2017

6. Эмилбекова Д.А., Субанова М. Билимди системалаштыруунун ыкмалары жана каражаттары (методикалык-колдонмо) Ош, 2003

7. Эмилбекова Д.А., Субанова М Биологиялык түшүнүктөрдү калып тандыруунун негизинде окуучу-лардын билимин системалашты-руу (жаныбарлардын биологиясы курсу) (методикалык колдонмо) Бишкек, 2012.

8. Т.Т.Жумабаева , Саипкулова Г.С., Молдалиев Ж.Т. Биохимия боюнча лабораториялык колдонмо. – Москва, 1966

9. Эркебаев Т.К., Аттокуров К.Ш., Мурзабаев Б.О. Өсүмдүктөрдүн физиологисы боюнча практикум. - Ош, 2001.

10. Абылаева Б.А., Алыбекова А.Э. Практикум по биотехнологии микроорганизмов. Ош, 2010

11. Абылаева Б.А. Микроорганизмдердин биотехнологиясы боюнча практикум. – Ош, 2016

12. Коланов О., Карымшаков О., Эргешбаев М., Аттокуров К.Ш. Экология. Жогорку окуу жайларынын биологиялык жана биологиялык эмес адистиктер үчүн окуу китеби. – Ош, 2000