Жаштар комитетинин структурасы

Тарбиялык иштер

Тарбия иши – болочок адистердин инсандык маданиятын калыптандыруу жана өнүктүрүү милдеттерин ишке ашырууга багытталган факультеттин окуу процессинин бир бөлүгү.

Тарбиялык иштердин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: окуучулардын кесиптик иш катары окууга болгон мамилесин жана социалдык-кесиптик топко – ден соолукту сактоого таандык болуу сезимин калыптандыруу. Болочок адистердин адамдык жана профессионалдык сапаттарын ар тараптуу өнүктүрүү, студенттер үчүн ишке ашырыла турган чыгармачылык ишмердүүлүктү дайыма стимулдаштыруу, өз кесибине кызыгуу, тандап алган адистиктин теориялык жана практикалык базасын өз алдынча өздөштүрүү.

Тарбиялык иштерде жүргүзүлүүчү иш-аракеттер:

- Студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүү;

- Патриоттук тарбия;

- Рухий-адептик тарбиялоо;

- Маданий-массалык иштер;

- Сергек жашоого мотивацияны калыптандыруу: сергек жашоо образын жайылтууга багытталган иш-чаралар;

- Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү;

- Көз карандылыктын алдын алуу (баңгилик, аракечтик, тамеки тартуу);

- Жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу;

- Этностор аралык конфликттердин алдын алуу.