Activity
            Жобого жана жылдык иш-пландарга ылайык департамент төмөнкүдөй жумуштарды аткарып келет:

• Сапатты жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнүн план-графиктерин иштеп чыгуу;
• Студенттердин билим деңгээлине мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу, жыйынтыктарына анализ жүргүзүү;
• Университеттин бөлүмдөрүндө ишмердиктин сапатын баалоону жана өздүк баа берүүнү уюштуруу;
• Окутуучулардын сабактарына катышуу, анализдөө, баа берүү.
• Дисциплиналардын Окуу-методикалык комплекстеринин сапатына баа берүү, алардын сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү иш чараларды белгилөө;
• Жылдын “Мыкты окутуучусу”, “Мыкты лектору”, “Дисциплинанын мыкты ОМКсы” конкурстарын уюштуруу, өткөрүү, жыйынтыктоо, ж.б.у.с.

            ББСД төмөнкүдөй иштерди аткаруу аракетинде:

• Сапаттын кепилдигинин ички жана тышкы системаларынын түрдүү моделдерин, үйрөнүү боюнча администрация, факультеттин жетекчилери менен семинарлардын сериясын өткөрүлдү;
• Студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, жумуш берүүчүлөр үчүн анкеталар түзүп, аталган респонденттер арасында анкетирлөө жүргүзүлүү;
• Карьера борборунүн ишин активдештирүү, волонтер-студенттерди тартуу;
• Өздүк баа берүү үчүн адистиктерди тандоо, өздүк баа берүүнү өткөрүүнүн планы түзүү. Жумушчу топторго өздүк баалоону өткөрүүнүн методикасы, критерийлери, алынган маалыматтарды иштеп чыгуу жана анын отчетун түзүү боюнча үйрөтүүчү семинарлар өткөрүлдү;
• Өздүк баалоо процедурасын өткөрүү жана анын документтерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтор түзүү;
• Сапатты камсыздоого таасир этүүчү факторлордун көп экендигин эске алуу менен, ББСД бул жаатта ар түрдүү эл аралык ж.б. долбоорлор да өбөолго болорун түшүнөт. USAIDдин “Сапаттуу билим” долбоору менен келишиминин негизинде Ош МУ 50дөн ашуун окутуучунун “Инсанга багытталган окутуунун компоненттери” боюнча 128 сааттык квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү. “Заманбап окутуу теххологиялары” боюнча семинар ПО курам үчүн регулярдуу уюштурулуп келет.
• 2 баскычтуу структурага өткөнгө байланыштуу “Кредит технология боюнча окутууну уюштуруу”, “Окутууга компетенттүүлүк мамиле” боюнча семинарлар бардык структураларда өтүлүп жатат;
• ББСД көптөгөн долбоорлор TEMPUS (TUNINQ, CANQA, EDUCA,), USAID, эл аралык уюмдар (СОРОС – Кыргызстан, ФПОИ, ФЕЦА ж.б.) кызматташып келет. Алар да окуу процессинин материалдык камсыздалышын, ПО курамдын квалификациясын өркүндөтүү иштерин жакшыртууга өбөлгө түзүп жатышат. Мисалы, USAIDдин “Сапаттуу билим” долбоорунун алкагында университетке жалпы баасы 153000 сомдук 3 компьютер, 1 CANON (3 функциялуу).1 проектор жана 3 адистик үчүн 500дөн ашуун методикалык адабияттар берилди. TUNINQ, CANQA, “Сапаттуу билим” долбоору аркылуу окутуучулар түзгөн программалар, методикалык колдонмолор, илимий-усулдук макалалар басылып чыкты. EDUCA долбоорунун алкагында университетке студенттердин билимин тестирлөөнү уюштурууга керектүү, 2400?, заманбап сканер алынды. Ушул долбоордун каржылоосу менен окутуучулар Европанын көптөгөн университеттеринин (Рим, Пиза, Гент, Брюселль, Магдебург, Кумбрия ж.б.) тажрыйбасын үйрөнүп келишти. CANQA долбоорунун натыйжасы катары “Экономика” программасынын көз карандысыз аккредитациядан өткөндүгүн белгилөөгө болот. Мындай жумуштар ББСДнын перспективдүү пландарында белгиленген жана сапатты көтөрүүдө орду бар.