Кыскача тарыхы
ОшМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчү адистиктерине жана факультеттер аралык тарых эмес адистерине “Кыргызстан тарыхы” предметинен окутуучу кафедра болуп эсептелет. «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы алгач 1992-жылы баштапкы «СССР тарыхы» кафедрасынын базасында түзүлүп, 1996-жылдын 4-декабрына чейин иш алып барган. 1996-жылдын 28-августагы кафедранын жыйынын (протокол №1), ОшМУнун Окумуштуулар Кенешинин чечимине (протокол №28 25-ноябрь, 1996-ж.) жана ректордун буйругуна ылайык «Ата Мекен тарыхы» кафедрасы «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. Бул кафедра тарых факультетин жана университеттин тарых эмес адистиктерин камсыз кылып турган. 2006-жылы «Кыргызстан тарыхы» кафедрасы эки өз алдынча кафедрага бөлүнгөн 2006-жылдын 28-августагы ОшМУнун Окумуштуулар Кенешинин чечимине (протокол №1) жана ректордун буйругуна (№322, § 1) ылайык « Кыргызстан тарыхы» кафедрасы төмөндөгүдөй бөлүндү: 1. «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы (бутуруучу кафедра). 2. «Ата Мекен тарыхы» кафедрасы (тарых эмес адистиктерди камсыз кылуучу кафедра). 1- Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы кафедрасы кафедраны доцент Смадияров Сыдык жетектеп кафедранын курамында 2 ага окутуучу 10 окутуучу эмгектенип. Тарых факультетинин тарых адистиктерине Кыргызстан тарыхы жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча сабак окутулган. 2- Ата мекен тарыхы кафедраны профессор Абытов Байболот жетектеп кафедраны 1 профессор 1 доцент 4 ага окутуучу 6 окутуучу эмгектенип ОшМУнун факультеттер аралык тарых эмес адистиктерин камсыз кылуучу кафедра болуп эсептешкен. ОшМУнун ректорунун 6-сентябрь 2010-жылдагы буйругуна (№335-1) ылайык 2 кафедра кайрадан биригип башчысынын милдетин аткаруучу болуп тарых илимдеринин кандидаты доцент Смадияров Сыдык Акунович дайындалган. Ошол эле жылы ноябрь айында кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп тарых илимдеринин кандидаты доцент Гапаров Т. А. дайындалган. Кайрадан тарых-юридика факультетинин “Кыргызстан тарыхы” кафедрасынын башчысы кызмат ордуна 2013жыл 30-январынын. № 26.1 буйругунун негизинде Смадияров С.А. дайындалган. 2014-ж. 5-сентябрь №408 буйруктун негизинде ОшМУнун тарых-юридика факультети эки факультетке (тарых факультети, юридика факультети) бөдүнгөндүгүнө байланыштуу тарых факултетинин декандык кызматка Смадияров Сыдык Акунович конкурстук шайлоонун негизде шайланып. 2014-ж. 29-сентябрь №465 буйруктун негизинде Ташмаматов Омурбек Аматбекович тарых факультетинин “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын башчысы болуп дайындалган. «Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология » кафедрасынын окутуучулар курамында азыркы учур-да 7 тарых илимдеринин канди¬даты, доцент, 4 ага окутуучу, 8 окутуучу эмгектенет. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы Тарых факультетинде жана ОшМУнун турмушундагы илимий, окуу-усулдук, тарбиялык жана жалпы маданий-массалык иштерине кафедранын профессор-окутуучулардын катышуусу жана кошкон салымдары арбын.