Кесипке багыт берүү иш-чаралары
- Факультеттин магистратура бөлүмүнүн орус жана кыргыз тилинде даярдалган буклеттери бар. Жана ошондой эле ОшМУнун магистратура департаментинин орус жана кыргыз тилинде даярдалган буклетин колдонот.
- ОшМУнун сайтында МИТ факультетинин ичинде магистратура бөлүмү бар. Ал жерге кесипке багыт берүү иштеринин өткөн жылдагы иш-чаралары, маалыматтары, эмики жылга пландары жайгашкан. Ошондой эле жеке социалдык тармактар (Facebook, Одноклассники) аркылуу кесипке багыт берүү иштер жүргүзүлүүдө.
- ОшМУнун магистратура департаменти менен кошо ТВ, журнал-гезиттерге чыгарылып жүрөт.
- 2016-2017-окуу жылы үчүн кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүүдө МИТ факультетинин магистратура бөлүмүнүн башчысы Имаралиев Өмүрбек Магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы Кенжаев И. жана башка факультеттердеги жооптуулар менен биргеликте иш сапарларына чыгып келген. Алар: Баткен шаарына, Баткен облусунун райондоруна 2 күндүк иш сапары, Ош шаарынын мектептерине, ЖОЖдоруна болгон ар жумадагы иш чаралар (фотогалереяда сүрөттөрү бар).
- Чет элдик магистранттарды тартуу үчүн чет элдик бир нече университеттер менен байланышуулар болду. Бирок алардын көпчүлүгү биздин шартка көнбөй тургандыгын айтышты. Мисалы: - Караганда университети келип биздин контракты төлөсө алмашып окутабыз дейт, ага биздин магистранттардын материалдык абалы жооп бере албайт; - Вильнюс университетинин магистранттары бизге келип окуудан баш тартышат ошондуктан алмашып окуу процесси ишке ашпай калат. Мындан эки жактуу аракет болсо гана ишке ашаары белгилүү болду.
- Кесипке багыт берүү иштеринде бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын ролу жогору деп айтууга болот. Себеби магистранттар бардыгы биздин бүтүрүүчүлөр. Алар баары бири-бири менен байланышып магистратура тууралуу маалыматты таркатууга жана аларды бизге тапшырууга өбөлгө түзүүдө.