Дистанттык окутуунун структурасы
Дистанттык окутуу төмөндөгү стадиялардан же этаптардан турат:
• мотивдешүү стадиясы
• уюштуруу стадиясы
• түшүнүү стадиясы
• текшерүү жана баалоо стадиясы
• кайталоо стадиясы
• жалпылоо стадиясы
Мотивдешүү стадиясы. Ийгиликтүү окуу үчүн студенттин кызыгуусу, мотивдери (кызыкчылыктары), баалууулуктарды аныкташы жана керектөөлөрү чоң мааниге ээ. Студентте окууга болгон каалоо болушу керек жана ал мунун зарылдыгын аңдап-сезүүсү керек. Окуу процесси өз табиятында максат багыттуу, бирок анча-мынча кокустук учурлар да болушу мүмкүн. Коюлган максатты жана күтүлүүчү жыйынтыкты түшүнүү окуу информациясын кабылдоону жеңилдетет.
Окутууну мотивдештирүүнүн ар түрдүү жолдору жана ыкмалары бар. Алардын катарына, сөзсүз түрдө окуу процессинде компьютерди жана компьютердик технологияларды пайдалануу кирет. Мисалы, Интернеттен сапаттуу, жакшы шөкөттөлгөн жана жеткиликтүү маалыматты алууга эч нерсе жетпейт. Албетте, бул окуу процессин жандандырып, студенттин кызыгуусун арттырат, демек, окутүуга болгон мотивдешүүсүн касыздайт.

Уюштуруу стадиясы. Окутууну уюштуруунун формалары – бул лекция, практикалык, лабораториялык, семинардык сабактар, курстук жана дипломдук долбоорлор, консультациялар ж.б.
Бирок дистанттык окутууда билим алуунун негизги формаларынын бири болуп өз алдынча иштөө эсептелет. Ошондуктан модернизацияланган техникалык каражаттарды колдонуу, айрыкча, “аралыктан туруп окутууда” эгерде студент окутуучунун сунуштарын, даярдануунун, зачеттор менен сынактарды тапшыруу планын ыкчам түрдө алууга мүмкүнчүлүгү болсо, эң жакшы натыйжа бериши мүмкүн.
Чындыгында бүгүнкү күндө окуу борборунан (университеттен) алыс аралыкта турган студент профессордун лекциясын угуусу, көрүүсу, видеоконференцияга катышуусу же консультация алуусу, компьютердик лабораториялык эксперимент өткөрүүсү, ж.б. үчүн техникалык мүмүкүнчүлүктөр чоң. Албетте, мында сапатсыз окутуу коркунучу реалдуу түрдө пайда болушу мүмкүн, анткени Интернет аркылуу окуу курстарын абройлуу окуу жайлары гана эмес, азыркы маалымат технологияларын пайдалануу менен билим берүү кызматынан бизнес жасоого далалаттанган аты чыкпаган компаниялар деле сунуштап жатышпайбы.

Түшүнүү стадиясы – бул окуу процессинин кульминациясы. Ал студенттердин интеллектуалдык ишмердүүлүгү менен тикеден тике байланышкан жана сырткы таасирден обочо турат.

Текшерүү жана баалоо стадиясы. Бул стадия негизинен студенттердин интеллектуалдык ишмердүүлүгүнөн гана эмес, билимди тажрыйбалуу окутуучу менен болгон диалогдо текшерүү мүмкүнчүлүгүнөн олуттуу түрдө көз каранды. Бул стадия өз ичине учурдагы текшерүүнү, аралыктагы текшерүүнү жана жыйынтыктоочу текшерүүнү камтыйт.

Учурдагы текшерүү
Дээрлик ар бир тема материалды толугураак окуп-үйрөнүү жана аны өздөштүрүү даражасын баалоо үчүн студентке жардам берүүчү суроолор жана тесттер менен коштолот. Бирок учурдагы текшерүүлөрдүн саны темалардын санына дал келбеши мүмкүн, анткени алардын белгилүү бир бөлүгү дискуссиялар менен жана аралык текшерүү менен алмаштырылат. Ошондуктан мында курстун түшүндүрмө бөлүгүндө учурдагы текшерүүнүн формалары жана аларды өткөрүү методикасы жөнүндө айтылат. Учурдагы текшерүү үчүн иштин төмөндөгү формалары бир топ жайылтылган жана ылайыктуу болуп саналат:
• тесттер;
• ачык суроолор;
• түрдүү тапшырмалар жана мисалдар, ошонун ичинде булактар менен иштөө;
• микродолбоор.
Ачык суроолор – бул ачык мүнөздөгү (б.а. студентке жоопту салыштырмалуу түрдө эркин түзүүгө мүмкүндүк берүүчү), теманын мазмунун толук камтуучу 3-5 суроолор сериясы. Алар көбүнчөсү студент материалдын мазмунун түшүнгөндүгүн көрсөтүүчү жерде пайдаланылат. Сөзсүз түрдө ачык суроолорго берилген жоопту баалоонун критерийлери келтирилиши керек, мисалы:
Жоопто кур дегенде үч толук сүйлөм болушу керек.
• Жооптун өз убагында берилиши (нускамада көрсөтүлгөндөй).
• Жооптун толуктугу.
• Жооп мисалдар менен тастыкталышы керек (1 же 2 мисал).
• Тигил же бул сөздөрдү же терминдерди пайдалануу.
Микродолбоор
Аталышы айтып тургандай, студентке кандайдыр бир баштапкы түшүнүктөр (параметрлер, алгоритмдер, максаттар ж.б.) берилет, ушул боюнча алар кандайдыр бир нерсени – технологияны, процедураны, объектини долбоорлошу керек.
Ал эми тест менен баа коюу формасы бир топ анык (туура жана туура эмес жооптор санынын катышы боюнча).

Аралыктагы текшерүү
Аралыктагы текшерүү кандайдыр бир ири бөлүктүн мазмунун (бир нече теманы) же курстун биринчи жарымын камтыйт. Аралыктардын саны окуу планы менен аныкталат, текшерүүнүн түрүн (учурдагы текшерүүдөгүдөй эле) Дистанттык окутуу борборунун методикалык кызматы менен макулдашып, окутуучу аныктайт. Бул тест,жазма текшерүү иши (дилбаян,эссе), проблемалык кырдаал болушу мүмкүн.

Жыйынтыктоочу текшерүү
Жыйынтыктоочу текшерүү курс окулуп бүткөн соң өткөрүлөт, анын мазмуну бардык курсту (же, жок дегенде, курстун өзөктүү аспектилерин) камтыйт.
Дистанттык окутууда жыйынтыктоочу текшерүүнүн бир топ жайылтылган методдору:
• тестирлөө;
• текшерүү иши (дилбаян, эссе);
• комплекстүү кейс;
• тайпалык же жекече долбоор.
Дегинкиси,жыйынтыктоочу текшерүүнүн ар кандай методун пайдаланууга болот, бирок бир гана чектөө бар – ал лекциянын же окуу китебинин текстин (“чыгармачыл” болсо да) айтып берүү болбошу керек. Бирок жыйынтиыктоочу текшерүүдө тесттик эмес методдорго артыкчылык берилгени оң.
Комплекстүү кейс – бул кесиптик ишмердүүлүктүн анализди жана чечилишти талап кылган, бири бири менен логикалык жактан байланышкан (бири биринен келип чыгуучу) кырдаалдардын жыйындысы. Мындай тапшырмалар студентте ишмердүүлүктүн функционалдык блокторунун багыттуу негиздерин калыптандырууга арналган курстарды окуп үйрөнүүдө өзгөчө жакшы: менеджмент жана андан туунду курстар (стратегиялык, инновациялык, антикризистик менеджмент, персоналды башкаруу ж.б.), процессуалдык-укуктук курстар, практикалык психология жана ушул сыяктуулар.
Жекече долбоор жөнүндө жогоруда айтылды. Ал эми тайпалык (же топтук) долбоордо андан айырмаланып, комплекстүү тапшырма 3-5 бөлүккө бөлүнөт, ар ким өз бөлүгүн аткарган соң, студенттер эмне кандайча аткарылгандыгы тууралуу маалымат алмашып, өз бөлүктөрүн макулдашкан соң, окутуучунун “соттоосуна” коюшат.
Өздөштүрүүнүн рейтинг системасында сынак үчүн коюлган баа бардык курс үчүн коюлган баа болуп эсептелбейт. Эгерде сынакты “көзүр” катары кармабай, учурдагы текшерүүлөргө, тапшырмаларга, дискуссияларга жана жазуу иштерине басым жасалса, анда студент алган баа анын курсту өздөштүрүүсүнүн реалдуу даражасына толук төп келерин эске алуу керек. Албетте, окуучу өзү баарыдан мурда окуп-үйрөнүлүүчү материалды түшүнүп, негизги жоболорун эстеп калып, аларды практикалык маселелерди чечүүдө колдоно билерине ынануусу керек. Башка жагынан, окутуучунун активдүү ролу да чоң мааниге ээ, анткени ал өз окуучуларынын билимине ынанып гана калбастан, күндүзгү окутуудагы сыяктуу эле өтүлгөн материалдын студенти тарабынан мыкты өздөштүрүлүүсүнө жетишүү үчүн окутуу программасын оңдоп-түзөө тууралуу чечим кабыл алууга тийиш. Текшерүү жана баалоо этабына жыйынтыктоочу текшерүү да кирет, анын жүрүшүндө окуучулардын жетишкен билим деңгээли объективдүү аныкталууга тийиш. Дистанттык окутууда жыйынтыктоочу текшерүүнүн өзгөчө бир нюансы бар: окутуучу телекоммуникациялык чынжырдын аркы башында белгилүү бир даражадагы билим гана эмес, билим берүү программасын өздөштүргөндүгү тууралуу документ (диплом, күбөлүк, сертификат) алууга ат салышып жаткан адам олтургандыгына ынанышы керек. Кадимки окутууда деле текшерүү жана баалоо стадиясында окуучуларды идентификациялоо үчүн кошумча чараларды көрүү керек болоору белгилүү эмеспи.
Кайталоо стадиясы алынган билимдер менен билгичтиктерди бышыктоого, аларды көндүмдөр менен ишмердүүлүктүн чыгармачылык тажрыйбасы деңгээлине жеткирүүгө арналган. Ушул эле максатка бир топ жогорку деңгээлде жалпылоо стадиясы кызмат кылат.