Дистанттык окутуу формасы жөнүндө
Акыркы 3-4 жыл ичинде Кыргызстандын билим берүү системасында дистанттык окутуу түшүнүгү көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, кеңири талкууга алынып келүүдө. Дистанттык окутууга, т.а. лекциялык, практикалык (семинардык) же лабораториялык сабактарга барып катышуусуз эле жогорку билим алууга байланышкан бир катар пилоттук долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Белгилүү болгондой, 2012-жылдан тартып Кыргызстан дистанттык окутууга өттү. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасынын жогорку, орто жана кошумча билим берүү мекемелеринде дистанттык билим берүү технологияларын (дистанттык окутууну) колдонуу МЕТОДИКАСЫНЫН” долбоорун иштеп чыгып, талкууга койду.
“Дистанттык окутуу” термини (distance education) орус тилиндеги, о.э. англис тилиндеги педагогикалык адабияттарга да толугу менен кире элек. Мунун "дистанттык билим берүү" (distant education), "дистанттык окутуу" (distant learning) сыяктуу варианттары кездешет. Ал эми айрым өз алдынча изилдөөчүлөр дистанттык окутууну уюштурууда эбегейсиз ролду телекоммуникацияга ыйгаруу менен, аны “телеокутуу” катары да аныкташууда (teletraining). Бирок “дистанттык окутуу” ("дистанционное обучение") термини көбүрөөк колдонулууда. Тарыхый өңүттөн караганда “дистанттык окутуу” сырттан окутуу дегенди билдирет. Бирок, азыр бул - аудио-, видеотехниканы, Интернетти жана байланышуунун спутник каналдарын пайдаланып окутуу каражаты.
Дистанттык окутуу – бул окутуучу негизинен студенттин өз алдынча иштөөсүнө таянуу менен иштеп чыккан окуу программасын пайдаланып окуу процессин жүргүзүүнү камсыздоочу билим берүү технологиясы. Окутуунун бул чөйрөсү окуучу негизинен мейкиндиктен жана убакыттан көз карандысыз түрдө окутуучудан алыс тургандыгы, ошол эле мезгилде студент менен окутуучу телекоммуникация каражаттарынын жардамы аркылуу диалог жүргүзө алышат. Ошентип, Ош МУ сиздерге Интернет аркылуу жогорку билим алып, азыркы экономикалык шарттар талап кылган жаңы адистиктерге ээ болууну сунуштайт. Университеттин алдыңкы адистеринин жетекчилиги астында дистанттык технологияларды пайдаланып окутуу – бардык окууну каалагандар үчүн жашаган жеринен көз карандысыз эле Интернет байланышы аркылуу жеткиликтүү болот. Окутуу процессин ийгиликтүү аяктаган соң, студент мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болот, бул болсо анын өзү тандаган кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жаңы бийиктиктерди багындырууга шарт түзөт.
Эгерде Сиз дистанттык окутуу формасын тандаган болсоңуз, анда Сиз окуу материалдарын өз алдыңызча издеп убара тартпайсыз – лекциялардын конспектилери студенттерге Интернет системасы аркылуу окуу процессинин бекитилген графигине ылайык жеткирилет. Ал эми ар бир студент окуу материалдарын өздөштүрүүдө кыйынчылыкка тушукса, ал электрондук почта аркылуу университеттин дистанттык билим борборуна кайрылуу менен каалаган учурда окутуучудан (тьютордон) консультация ала алат.