Bookkeeping
Эсеп бөлүмү
ОшМУнун каржы жана чарбалык кызматтары эсеп бөлүмүнөн бөлүнүп чыккан.
Эсеп бөлүмү Ош мамлекттик университетти түзүлгөндөн баштап түзүлгөн жана жогорку даражадагы эсепчилер эмгектенип, университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келет.
Азыркы күндө заманбап технологиялар менен жабдылып, 2002-жылдан атайын «1.С.7 Бухгалтерия» программасы менен 2010- жылга чейин иштеп келди. Замандын жаңы технологиясы жылдан жылга өнүп өскөндүгүнөн эсеп бөлүмүндө, 2010-жылдан тартып жаңы өркүндөтүлгөн атайын эл аралык стандартка ылайыкташтырылган «1.С.Бугалтерия 8.1» программасын эсепчилер өздөштүрүп, азыркы күндө ушул программа менен университетте болуп жаткан эсеп – кысап, каржы жана чарбалык кызматтар аткарылып келет.
Ушул мезгилде эсеп бөлүмүндө 2 киреше кассири,1 чыгаша кассири, 3 эмгек маяна эсепчиси, 3 материалдык эсепчи кызмат кылат. 2002 –жылдан 2007- жылга чейин эсеп бөлүмүнүн башчысы болуп Т.К. Бусурманова, 2008-жылдан 2010-жылдын октябрына чейин Э.А.Обдунов жетектеп келди. 2010-жылдын ноябрынан тартып Б.Т. Тойчиева жетектеп келет.

ОшМУнун эсепчилери. Эсеп бөлүмүнүн функциялары төмөндөгүлөр:
1. Университеттин бекитилген сметасы боюнча каралган акча каражатын, материалдык баалуулуктарды туура пайдалануу жана сарамжалдуу чыгаша жасоо, атайын жана бюджеттик каражаттарды өзүнүн багыты боюнча бөлүштүрүү жана эсеп операцияларынын бухгалтердик документтерин даярдоо;
2. Университеттин негизги кирешеси болгон, башкача айтканда студенттерден түшкөн контракттык төлөмдөр, жана башка кирешелерди кабыл алуу, алардын отчеттун жасоо, тиешелүү жерлерге отчет тапшыруу;
3. Университеттин администрациясынын, окуу профессордук курамдын, көмөкчү персоналдардын эмгек маянасын өз убагында эсептөө жана эмгек маянаны таркатуу, студенттердин, аспиранттардын, илимий ишмерлердин стипендиясын эсептөө, аны таркатуу, өз убагында эсепке алуу жана бухгалтердик документтерди даярдоо, тиешелүү жерлерге ар бир айда отчет тапшыруу;
4. Университет менен иштешкен ишканалар, жекече ишканалар менен өз убагында көрсөтүлгөн смета боюнча эсеп операцияларын жасоо;
5. Университеттеги акча каражаттын эсептөө жана материалдык баалуулуктарды инвентаризациялоо, эсепке алуу, туура, так жыйынтыктоо, бухгалтердик документтерди мыйзамга жараша толтуруу, эсеп операцияларынын жүрүшүн текшерүү.

Жогоруда көрсөтүлүп кеткен функцияларды аткаруу ар бир эсепчинин милдетти.

Урматтуу Ош МУнун студенттери сездердин контрактык толомдорду 2014-жылдын январынан баштап РСК банка толоонуздорду кабарыныздарга жеткиребиз.