Material-technical base of the department

Ош МУнун Башкы корпусунда кафедрага караштуу кааналар: 231, 232, 237, 312- каана. Учурда 231-каана жалпы билим берүүчү, орто жана жогорку кесиптик мектептин математика жана информатика курсуна тиешелүү болгон 1500гө жакын аталыштагы окуу китептери жана окуу колдонмолору, предметтик журналдар, газеталар, окутуунун техникалык каражаттары (2 компьютер, лазердик принтер, принтер-сканер-ксерокс аппараты, электрондук окуу каражаттары ж.б.) менен жабдылган. Компьютерлер Интернет жана ОшМУнун Интранет тармактарына туташтырылган, окутуучулар Интернет тармагынан акысыз пайдаланышат.

232-каана “Агартуу Академиясы” лабораториясынын базалык окуу каанасы катары тандалып алынган.Каана капиталдык ремонттон өткөрүлүп офистик эмеректер (стол-стулдар, шкафтар),маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (электрондук доска, видеопроектор, компьютер) менен жабдылган,дидактикалык каражаттар менен (электрондук окуу колдонмолор, окутуунун жаңы технологиялары боюнча окуу колдонмолору жана журналдар ж.б.) толукталды.

237-каана мектеп тибинде (математиканы жана информатиканы окутуу каражаттары: плакаттар, көргөзмө куралдар, чийүү аспаптары ж.б.) жабдылган.

312-каана компьютердик класс тибинде болуп окутуунун техникалык каражаттары (компьютерлер, электрондук окуу каражаттары, информатиканы окутуунун методикасы боюнча окуу колдонмолор, лабораториялык сабактардын иштелмелери ж.б.) менен жабдылган. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин Интернет борбору аркылуу дүйнөлүк Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

ОшМУда кафедралар, факультеттер жана башка структуралык бөлүмдөр менен байланыш (документтердин файлдарын, кабарларды, ж.б. маалыматтарды жөнөтүү жана кабыл алуу) FTP сервери жана ички Интранет тармагы аркылуу CommFort программасы менен жүргүзүлүүдө (Сервердин дареги: 192.168.1.21, порт 9730).