The aim of the chair

Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти (МИОТжББМ) кафедрасы “Математика жана информациялык технологиялар” факультетиндеги негизги профилдештирүүчү кафедралардын бири. Кафедранын нормативдик-укуктук базасы жогорку кесиптик билим берүүнүн эки баскычтуу системасынын талаптарына толук жооп берет.

Кафедранын миссиясы: Окутуунун кредиттик технологиясынын шарттарында сапат кепилдигин камсыз кылуу менен жалпы билим берүүчү, орто жана жогорку кесиптик мектептинкомпетенттүү математика жана информатикамугалимдерин жана менеджерлерин,илимий кызматкерлердидаярдоо; билим берүүгө компетенттүү мамилени жүзөгө ашыруу багытында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү.

Максаттары:

1. Кафедра профилдештирүүчү төмөнкү багыттар жана программалар боюнчасапаттуу билим берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү:

Бакалавр иат: «Физика-математикалык билим берүү»

    • Даярдоо профили: «Математика»
    • Даярдоо профили: «Информатика»

Магистр атура :

· «Физика-математикалык билим берүү»

  • “Билим берүү менеджменти”

Аспирантура :

13.00.02.- Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (математика)

2. Кафедранын профилдештирүүчү дисциплиналарды мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окутууну уюштуруу;

3. Окутуунун заманбап инновациялык технологияларын колдонуу мененсапаттуу билим берүү;

4.Кафедранын окутуучуларынын квалификацияларын жогорулатуусуна, өзүнүн үстүнөн иштөөсүнө, тажрыйба алмашуусуна жетишүү;

5.Билим берүүгө компетенттүү мамилени жүзөгө ашыруу багытында илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын билим берүүдө колдонуу;

6. Бакалаврларды жана магистранттарды даярдоодо мобилдүүлүктү ишке ашыруу;

7. Рыноктук экономиканын шарттарында “Агартуу Академиясы” коомдук фондунун алкагында киреше алып келүүчү иш-аракеттерди уюштуруу.

Кафедранын дареги:
723500,КыргызРеспубликасы,Ош ш., Ленин к., 331, ОшМУнун башкы корпусу. Математика жана информациялык технологиялар факультети. Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти кафедрасы, 233-каб.
Телефон: 0(3222) 7-11-81, 0771-05-63-00.Веб-сайт: www.oshsu.kg ,
E-mail: attokurovanarkan@rambler.ru , elnuraavazova@mail.ru