Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы

ДЕНЕ ТАРБИЯНЫН, СПОРТТУН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАСЫ

КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ

Ош Мамлекеттик Университетинин педагогика факультетинин базасында 1999-2000-окуу жылында дене тарбия бөлүмү ачылган. 2001-жылдын 7-сентябрындагы №181 буйругунун негизинде “Дене тарбиясын окутуунун назарияты жана усулияты” кафедрасы түзүлгөн.

Дене тарбиясын окутуу, анын теориялык, методикалык жана практикалык иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу, жогорку билимдүү дене тарбия мугалимдерин даярдоо, кафедранын квалификациялык мүнөздөмөсүн түзөт.

Кафедраны Кыргыз Республикасынын эмгек сиёирген машыктыруучусу, “Эл агартуунун мыктысы” Т. Оморов 2004-жылдын октябрь айына чейин жана 2004-жылдын ноябрь айынан 2007-жылга чейин кафедраны доцент м.а. А.Изамаматов, 2007-жылдан 2008-жылга чейин эркин кръш боюнча спорттун чебери Р.Карабаев 2008-жылдан 2012-жылга чейин ага окутуучу К.Жээналиев, 2012- жылдан 2017-жылга чейин ага окутуучу С Темирбаев, 2017-жылдын сентябрь айынан бери кафедраны окутуучу Ы.Райимбердиев жетектеп келет.

Азыркы мезгилде кафедрада 2 илимдин кандидаты 4 доцент, 5 ага окутуучу, 14 окутуучу жана 3 спорт инструктор, бир улук лаборант эмгектенишет. Ошондой эле кафедрада иштеген окутуучулардын спортто да абдан чоң ордулары бар. Кафедранын төмөнкү окутуучулары ОшМУда спорттун түрлөрү боюнча машыктыруучулук кызматты аркалашып мелдештерде жана Универсиадада бир топ ийгиликтерди жаратып келишүүдө. Атай кетсек К. Жээналиев, А.Казибеков. К.Дуйшънали кызы “жеңил атлетика”, Т. Оморов “бокс”, А. Исраилов “кур күрөш”, Т. Сатиев “дзюдо”, А. Изамаматов “футбол”, М. Жусубалиев “ордо”, Г.Мурзакаримова “тогуз коргоол”, Ө. Матазов “греко – рим күрөшү” С.Темирбаев “оор атлетика”, Р. Джоробаев “баскетбол”, Н.Ысмаилова “волейбол” кыздар, С.Исманов “волейбол” балдар.

Кафедранын бир топ окутуучуларынын басмадан атайын дене тарбия адистиги үчүн окуу китептери методикалык колдонмолору, илимий макалалары жарык көргөн. Кафедранын доценти А. Изамаматовдун «Дене тарбия адистигиндеги студенттер үчүн окуу практикасына методикалык колдонмо», доцент Ю. Панитковдун «Айланпа машыгуу» деген китеби, ага окутуучу С.Темирбаевдин «Дене тарбия сабагына комплекстүү көнүгүүлөр» окуу – методикалык колдонмосу, ага окутуучу М.Жусубалиевдин «Аутогендик машыгуу» , “ Гимнастикалык жалпы өнүктүрүүчү көнүгүүлөр жыйындысы” деген усулдук колдонмолору , ага окутуучу К. Жээналиевдин “Методическая разработка и методическая помощь новым преподвателям и организаторам физической культуры и спорта” деген колдонмолору жарык көргөн.

Ушул күнгө чейин окуп кетишкен студенттердин ийгилигине сарасеп салсак:

Ким Алексей –бокс боюнча КРнын 2000-2001-жылдарындагы эки жолку чемпиону. Жалал-Абат, Бишкек, Кочкор жана Наманган шаарларында болуп өткөн Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. КРнын спортунун чебери. Штанга көтөрүүдө спорттун чеберчилигине талапкер. КРнын курама командасынын мүчөсү.

Айтиев Жыргалбек - кикбокс боюнча КРнын 2002-жылдагы чемпиону. КРнын спортунун чебери. Бокс боюнча спорттун чеберчилигине талапкер. КРнын курама командасынын мүчөсү. Ош облусунун губернаторунун стпендианты.

Атаханова Барно – каратэ-до боюнча КРнын 2000-жылдагы кыздар арасындагы биринчилигиндеги күмүш медалдын ээси. Андижан, Жалал-Абат шаарларында болуп өткөн Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, спорт чеберчилигине талапкер. КРнын курама командасынын мүчөсү. 2003-жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Дене тарбиянын назарияты жана усулияты” сабагы боюнча Республикалык Олимпиаданын жеңүүчүсү.

Кадыров Канатбек – бокс боюнча КРнын 2002-2003-жылдарындагы чемпионатында коло медалдын ээси. Спорттун чеберчилигине талапкер.

Матисаков Гапар – кикбокс боюнча 2003-жылдагы Азия мамлекеттеринин профессионалдар арасындагы мелдештин жеңүүчүсү, титулдук кемердин ээси, спорттун чеберчилигине талапкер.

Абдулазимов Улукбек – бокс жана кикбокс боюнча КРнын 2000-2001-жылдардагы жаштар арасындагы чемпиону. Бишкек, Алма-Ата, Ташкент, Жалал-Абат шаарларында болуп өткөн Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, спорттун чеберчилигине талапкер.

Максутов Темир -волейбол боюнча КРнын чемпионатында IV-орун, Ысык-Көл шаарында болуп өткөн Эл аралык мелдештин күмүш медалынын ээси. “Универсиада – 2002-2003жж. жеңүүчүсү. 2003-жылдагы областын “Эң мыкты” оюнчусу. Спорттун чеберчилигине талапкер.

Анарбаев Акжол - КРнын самбо боюнча чемпионатында I жана III даражадагы дипломду 57 кг дык салмакта ээлеген. Жалал-Абад обласстынын Аксы районундагы кур күрөш боюнча Эл аралык мелдешке катышып 1- орунду алып келген.

Бакиров Алибек – КР нын Бишкек шаарында болуп өткөн Эл аралык мелдеште күрөш боюнча 1-орунду алган.

Келсинбеков Кадыр – Алыш күрөшү боюнча спорттун чебери, Дүйнөлүк универсиаданын коло медалынын ээси. (2013-ж), бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күмүш медалынын ээси (2014 - ж),бүткүл дүйнөлүк алыш бел боо күрөшү боюнча алтын медалынын ээси (2015 – ж Польша)

Тайирбек уулу Эрлан – Волейбол боюнча спорттун чебери С. Чокморов байгесине арналаган мелдеште алтын медаль ээси, мыкты оюнчу (2014 - ж)

Пайзилда уулу Дамир - КР бокс боюнча жаштар арасында өткөрүлгөн мелдештин алтын медалынын ээси Жалал-Абад 2015 – ж

Болотбеков Марат - бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар арасында өткөрүлгөн мелдеште коло медалынын ээси (2013 - ж)

Камалов Жалал – Самбо боюнча Азиянын биринчилигинде коло байгесинин ээси

Коргонбай уулу Эламан – ММА жана панкратион боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону. (2015 - ж)

Садирдинов Роман - Бокс боюнча спорттун чебери КР спортакиадасынын жеңүүчүсү 2012 - ж, Казакстан Республикасынын Атрау шаарында өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү 2013-ж.

Мамарасул кызы Алтынай - 2016-жылы Беларуссияда откон дуйнолук чепионата 1- орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланган. 2016-жылы Россиянын Сверловский шаарында 2-орунду ээлеп, кумуш медалдын ээси болгон. 2016-жылы Кыргызстанда откорулгон Кочмондор оюнунда биринчи жана экинчи орунду ээлеп, алтын жана кумуш медалды ээлеген. 2017-жылы Туркмонстандын Ашхабат шаарында жабык имаратта откорулгон 5-Азиялык оюндарында тркмън курош боюнча кумуш медалды, алыш курошу боюнча алтын медалды багындырды.