News Архив

Independent testing center
2011-2015-окуу жылдарындагы өнүгүү Концепциясынын алкагында ачык-айкын жана сапаттуу билим берүүгө жетүү багыты коюлган.
Бүгүнкү күндө бул Концепциянын негизинде окуу процесстерин уюштуруу жана башкарууда чоң иштер аткарылды, окуу процесстерин уюштуруу толугу менен автоматташтырылды. Андан сырткары студенттердин билимин көз карандысыз текшерүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү, бул болсо студенттерди окутуудагы билимин баалоо процессин ар кандай адамдык факторлордон арылтууга мүмкүнчүлүк берет. Ушундай кадамдардын бири көз карандысыз тестирлөө борборун түзүү болду.
Бүгүнкү күндө бул борбор ОшМУнун студенттерин, андан сырткары профессордук – окутуучулук курамды тейлейт. Компьютердик тестирлөөнү иш жүзүнө ашыруу үчүн борбор керектүү оргтехника жана программалар менен камсыздалган.
Бул борбордун түзүлүшү студенттердин билимин реалдуу баалоо үчүн шарттарды жараткандыктан, бул жетишкендиктерди улай университеттин ректорунун демилгеси менен дагы эки №2, №3 - көз карандысыз тестирлөө борборлорун түзүү ЮСАИДдин 100000 АКШ долларлык колдоосу аркылуу ишке ашты.
Көз карандысыз тестирлөө борборлорун түзүүнүн максаттары:
• Студенттердин базалык, учурдагы, аралык, жыйынтыктоочу жана калдык (остаточные знания) билимдерин текшерүү. Студенттерге өз билимдерин алдын ала (пробный) текшерүү мүмкүнчүлүгүн түзүү;
• Студент менен окутуучунун ортосундагы конфликттик жагдайларда көз карандысыз тест аркылуу студенттин билим деңгээлин аныктоо аркылуу студенттердин билимдерин объективдүү баалоого жетишүү;
• Көз карандысыз тестирлөө аркылуу, студенттердин билимин баалоодогу коррупциялык элементтер азайтууга өбөлгө түзүү;
• Профессордук-окутуучулук курамдын иштерин автоматташтырылган информациялык система аркылуу оптималдаштыруу.
Бүгүнкү күндө университетте үч көз карандысыз тестирлөө борборлору түзүлүп, ар биринде 40 компьютер, 1 интерактивдүү доска бар. Андан сырткары тестирлөөнү көзөмөлдөө үчүн камералар орнотулган.