МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТИ
Кафедранын негизги максаты: . Кыргызстан тарыхынын, кыргыз элинин эн байыркы мезгилден азыркы күнгө чейинки саясий, социалдык-экономикалык жана маданий тарыхын, тарыхый инсандарынын таржымалын, мамлекеттуулугунун өнүгүүсүн ар тараптуу жана терең изилдөө, окуп үйрөнүү, аларды студенттерге жеткирүү жана алардын терең билим алуусуна жетишүү болуп саналат. Ушул максатка жана милдеттерге ылайык кафедранын профессордук-окутуучулук курамы өздөрүнүн окуу-усулдук, илимий-изилдөө жана коомдук-тарбиялык иштерин алып барышат. Бул максаттарды ишке ашырууда кафедранын мүмкүнчүлүктөрү дээрлик жетишүү.
Кафедранын негизги милдеттери: Окуу планынын жана башка нормативдик документтердин негизинде окуу процессии Кыргызстан тарыхы боюнча фундаменталдык жана атайын предметтер менен камсыз кылуу жана алардын сапаттуу окутулушун уюштуруу. Аудиториялык сааттарды жогорку илимий-меходикалык деңгээлде өткөрүү, студенттердин илимин иштерин сапаттуу уюштуруу аркылуу Кыргызстан тарыхынын, тарыхый булактарынын, тарыхнаамасынын актуалдуу проблемаларын студенттерге жеткирүү. Кафедра бардык тарыхчы эмес адистиктердин студенттеринин жогорку квалификациялуу, ар тараптуу өнүккөн, заманбап адис катары калыптануусуна өз салымын кошуу.
<font color="#800000"></font><i></i><i></i><b></b>