Акушердик жана педиатриялык дисциплиналар ПЦКсы
Урматтуу кесиптештер жана студент достор!


      Дүйнө жүзү боюнча калктын ден соолугунун начарлап жатышы байкалып жатат. Анын себеби болуп дүйнөлүк глобалдуу жаратылыштагы өзгөрүүлөр. Андагы негизги маселе – ден соолугу чың аялдардын төрөөсү бузулууда, оорулуу ата-энелерден оорулуу балдардын көп төрөлүүсү байкалууда. Ошондуктан калктын генофонду бузулууда десек болот. Биздин мамлекет азыркы учурда финансылык жана экономикалык кризис болуп жаткандыктан учурда калктын ден соолугуна зыяндуу таасирин тийгизип жатат. Андыктан, жогорку окуу жайларда, жогорку билимдүү, тажрыйбалуу, медициналык ишкерлерди окутуп чыгаруу зарыл. Себеби, алар ар түрдүү кырдаалдарда, мезгилде, адамга биринчи жардам көрсөтүп, дарыланууга жардам берсе калктын, балдарыбыздын ден соолугу чың, көңүлү ачык абалда чоңойто алабыз десек болот. Мен, бардык жарандарды, медициналык ишкерлерди, мугалимдерди адамдардын ден соолугуна көңүл кош мамиле жасоого жол бербеңиздер демекчимин.

«Акушердик жана педиатриялык

дисциплиналар» ПЦКнын төрайымы,

окутуучу Арзиматова Б.К.