УМК ППС

Атайын кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн

тарыхы

Балдарды инсан катары калыптандырууда, алардын акыл эсин өстүрүүдө жана фундаменталдык билимдин пайдубалын түптөөдө мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү системасынын орду өзгөчө. «Башталгыч класстын мугалими – баланын руханий дүйнөсүнүн инженерии, мүнөзүнүн архитектору, инсандык жетилүүдөгү түрдүү илдеттердин дарыгери, акыл эстин тренери, сезим жана ой чабыттарынын дирижеру, адамдын биринчи жүрүм турумунун адилеттүү соту, роза өёдүү кооз гүлдөрдү өстүрүүчү багбан», - деп В.А.Сухомлинский бекеринен айтпаса керек.

Коом тарабынан мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү системасына коюлган талаптарды турмушка ашыруу максатында 2012-жылы ОшМУнун ректорунун № 358- 1 буйругу менен Педагогика жана дене тарбия факультетинин алдында “Атайын орто кесиптик билим берүү” бөлүмү уюштурулган. Анын алгачкы башчысы болуп 2012-2015-жылдары п.и.к., доцент А.Исаев жетектеп келген.

Азыркы мезгилде б.а. 2015-жылдын сентябрь айынан бери бөлүмгө п.и.к., доцент З.С.Абдураимова башчылык кылууда.

Бөлүмдүн курамы 1-таблицада берилди.

Таблица № 1.

ФИО

Туулган

жылы

Ээлеген кызматы

Бүткөн окуу жайы, жылы

Жалпы

стажы

1.

Абдураимова

Зарийпа Самашевна

09.05.1958

Бөлүм башчы

ОГПИ 1982

Педфак

40

2.

Таниева Барниса Курбаналиевна

методист

ОшМУ.2016. Педфак