Спорттук иш-чаралар
      11-ноябрь спорттун баскетбол түрү боюнча Дене тарбиянын, спорттун теориясы жана методикасы кафедрасы тарабынан ОшМУнун баскетбол курама командасына мыкты, чебер оюнчуларды тандоо жана студенттердин ортосундагы достукту бекемдөө максатында факультеттер арасында уюштурулган мелдеште Физика-техника факультетинин курама командасы 2-орунду ээлеп II даражадагы диплом менен сыйланышты.
      Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнө карата 1-январь улуттук күрөш 2-январь эркин күрөш боюнча факультеттер аралык командалык мелдеш болуп өттү. Биздин командадан 2 студент 1-орунду 2 студент 3-орунду салмагы боюнча багындырышты. 1-орунду ОБД-1-11 тайпасынын студенти Абдуллаев Нурбек (96кг), ОБД-2-11 тайпасынын студенти Нуркул уулу Кабыл (84кг) ал эми 3- орунду ТОРАТс-1-15 тайпасынын студенти Сражидин уулу Азим (75кг) жана ЭСб-1-16 тайпасынын студенти Карабаев Алтын (65кг) жеңишке жетишип дипломдор менен сыйланышты.
      Студенттердин ортосундагы достукту бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо жана ОшМУнун факультеттер ортосунда боло турган мелдешке курама командаларды тандап алуу максатында 2016-жылдын 24-сентябрь күнү Фудбол уюштурулду. Жалпы 12 команда катышып алардын ичинен жыйынтыгында 1-орунду ЭСб-1-16 тайпасы, 2-орунду ЭСс-1-16 тайпасы, 3-орундарды ТОРАТс-1-16 жана ЭСс9-1-16 тайпалары багындырды. Ошондой эле 28-сентябрь стол тенниси боюнча тандоо тур болуп өттү. 12 студент катышып 3 студент жеңишке жетишти. 1-орунду ТОРАТс-2-16 тайпасынын студенти Максат уулу Ильяз, 2-орунду ЭСб-1-16 тайпасынын студенти Жакшылыков Айкөл ал эми 3-орунду ЭСб-1-16 тайпасынын студенти Карабаев Алтын багындырган. 7-октябрь спорттун шахмат түрү боюнча 7 студент катышып 1-орунду ТОРАТс-1-16 тайпасынын студенти Орозбек уулу Арзыбек, 2-орунду ТОРАТс-1-16 тайпасынын студенти Давлатов Азамат ал эми 3-орунду ЭСс9-1-16 тайпасынын студенти Рахматуллаев Акун багындырган. 1-ноябрь күнү спорттун баскетбол түрү боюнча 1-орунду “Достук”командасы, 2-орунду ЭСс-1-16 тайпасынын студенттери жана 3-орунду ЭСб-1-16 тайпасынын студенттери жеңишке жетишти. 2-ноябрь күнү спорттун волейбол түрү боюнча 1-орунду ЭСс-1-15 тайпасынын студенттери, 2-орунду ФЕб-1-15 тайпасынын студенттери жана 3-орунду ТОРАТс-2-16 тайпасынын студенттери жетишти. Алар студенттикке кабыл алуу күнүндө факультеттин дипломдору жана белектери менен сыйланышты.