Социалдык база
      Физика-техника факультетинин заманбап 450 орундуу жатаканасы (Курманжан Датка көч. 285) бар. Жатакананын «Кечки серенада» аттуу радиосу күн сайын 16:00 дөн 18:00 гө чейин жатаканадагы студенттерге жаңылыктарды уктуруп, маданий жана рухий эс алуусуна өбөлгө түзүп, шаңга бөлөп турат. ОшМУнун «Үмүт» телестудиясында жана «Нур» гезити менен факультеттин студенттери тыгыз иштешип саясий-укуктук, руханий билим көрөңгөлөрүн жогорулатып келүүдө. Университеттин профилакториясында факультеттин студенттери үчүн ай сайын 2 орун бөлүнүп турат. Мындан тышкары, студенттер жылына атайын жолдомолор менен Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын жээгинен орун алган “Эс алуу” зонасына жана Ысык-Көлдөгү «Үмүт» эс алуу жайына барып эс алып келишет. Жатаканада атайын волейбол, баскетбол оюн талаалары бар.
      Жатаканада жашаган физика-техника факультетинин студенттери үчүн “Таза бөлмө” жана “Жасалгалуу бөлмө” деген кароо сынагы жарыяланып, 3-ноябрь күнү сынакты текшерүү үчүн комиссия түзүлүп төмөндөгүдөй жыйынтыкты билдиришти. “Таза бөлмө” сынагы боюнча бөлмөлөр тазалыгы менен айырмалангандыгы үчүн 1-орунду №1-жатакананын 321-бөлмөсү, 2-орунду №1-жатакананын 409-бөлмөсү жана 3-орунду №4А жатаканасынын 402В-бөлмөсү аныкталды жана “Жасалгалуу бөлмө” сынагы боюнча бөлмөлөр тазалыгы менен айырмалангандыгы үчүн 1-орунду №1-жатакананын 308-бөлмөсү, 2-орунду №3-жатакананын 108-бөлмөлөрү табылып, факультеттин дипломдору менен сыйланышты жана профсоюздун атынан белектер тапшырылды.