Форум жөнүндө
Форум жөнүндө

2016-жылдын 1-2-августунда Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин базасында мекендештердин үчүнчү «Мекендештер – 2016» форуму өтөт.

Мекендештердин «Мекендештер – 2016» форуму – бул мекендештердин, өкмөттүн жана бизнестин натыйжалуу диалогу үчүн туруктуу (эки жылда бир жолу), өзүнүн ийгиликтүү экенин далилдеген аянтча, ал чыныгы ишкер долбоорлорду жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн келечектерин, инвестициялык жана инновациялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн.

Форумдун алкагында өлкөнүн чегинен тышкары жакта, дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жашап жана иштеп жаткан бардык мекендештерибиз, ошондой эле басымдуу түрдө үч – Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү ар бир тармактагы кырдаал жөнүндө, КРда бизнести жүргүзүүнүн келечектери жана жолдору, инновациялык жагдай жөнүндө өкмөт мүчөлөрүнүн оозунан угат, пикир алмашат, өлкө, область, район, шаар үчүн көптөгөн долбоорлорду турмушка ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулайт.

2016-жылдын апрелинен тартып май айына чейин «Мекендештер - 2016» Форумунун уюштуруу комитети алдыдагы иш-чара жөнүндө маалымдар болууну арттыруу үчүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын жетекчилиги жана бизнес чөйрөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Бизнес-компаниялар жана бизнес-ассоциациялар, көргөзмө комплекстери менен ондогон жолугушуулар өткөрүлдү. Жооп иретинде биз Форумга бизнестин зор кызыгуусун алдык.

Бир жарым күндүк Форум өзүнө Мекенден алыс жакта убактылуу жашап жаткан мекендештерибиздин катышуусу менен өлкөнүн өнүгүшүнүн орчундуу маселелерине пленардык жана секциялык жыйналыштарды, дискуссияларды, көргөзмө орундарын, жергиликтүү сувенирдик продукцияны сатуучу ярмаркаларды камтыйт. Форумдун катышуучулары фольклордук жамааттардын чыгармачылыгына маашырланып, колдонмо көркөм өнөрдүн үлгүлөрүн, шырдактарды, териден жасалган буюмдарды, зергер буюмдарды, чийден жасалган төшөлгөлөрдү, керамика буюмдарын көрүп жана сатып ала алат.

«Мекендештер - 2016» Форумунун башкы өнөктөрүнүн бири болуп Ош мамлекеттик университети саналат, ал маданий бай программаны даярдап жатат. Форумдун катышуучуларына кеңири туристтик программа сунуш кылынат. Бардык үч – Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары – өзүнүн кайталангыс маданий жана жаратылыш ажайып жерлери менен белгилүү. Ош шаарынын туристтик компаниялары туристтик маршруттардын каталогун иштеп чыкты, аны менен биздин www.roza.kg www.mekendeshter.org жана forum.mekendeshter.org сайттарыбыздан тааныша аласыңар.

Бул иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Экономика министрлиги, КР Тышкы иштер министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызмат аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Ош шаарынын мэриясы, Ош мамлекеттик университети, "Замандаш" Ассоциациясы менен өнөктөштүктө жана алардын түздөн-түз катышуусу менен өткөрүп жатат жана ал инвестициялык жагдайды жакшыртууга жана областтын экономикасына ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвестициялардын келишин андан ары стимулдаштырууга багытталган.

«Мекендештер - 2016» Форумунун бардык катышуучулары, спикерлери, меймандары жөнүндө маалымат иш-чараны өткөрүүгө жакындаганда сайтта берилет.

Бизге www.roza.kg www.mekendeshter.org сайтынан көз салгыла.