Практика жана өндүрүш менен байланыш
      Жалпы физика жана ФОУ кафедрасы «физика» адистигиндеги студенттер шаардын жана райондун мектептеринен окуу жана түрдүү практикалардан өтүшүн уюштурат. Ал үчүн шаардык жана райондук билим берүү мекемелери менен практикадан өтүү боюнча келишимдер түзүлгөн.
      Энергетика кафедрасы “Электр менен камсыздоо адистиктерин даярдоо максатында ОшПВЭС, ОшРЭС (чыгыш жана батыш), Түштүк регионундагы райондук электр тармактары, Ош шаарындагы жана райондордогу мамлекеттик каттоо мекемелери, Ош шаарындагы «Долбоор АОО» институту, «Курулуш мекемелери жана компаниялары» менен окуу практикасын, өндүрүштүк практиканы мамлекеттик практиканы өткөрүү жана тиешелеш адистердин лабораториялык жана практикалык сабактарга окуу усулдук жана таркатма, көргөзмө куралдар менен камсыздоо жаатындагы байланыш түзүлгөн. Ошондой эле ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн жогорку аты аталган мекемелерге иш орунга жайгаштыруу маселелери да жолго коюлган.
      Автомобилдик транспорт кафедрасы “Жол кыймылынын коопсуздугу” адистигин заман талабына ылайык даярдоо максатында Ош шаардык жана областык мамлекеттик автоинспекциялар, Ош шаарындагы жана түштүк регионундагы унаа башкармалыгында окуу практикасын, өндүрүштүк практиканы мамлекеттик практиканы өндүрүштө иштеген адистердин көзөьөлүндө практикалардан өтүшөт. Ошондой эле ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн жогорку аты аталган мекемелерге иш орунга жайгаштыруу маселелери да жолго койулган.
      Телекоммуникациялык системалар кафедрасы “Байланыш тармактары жана системалары” адистигин даярдоодо Кыргыз Телекомдун Оштогу бөлүмү, Ош шаардык автоматтык телефондук станция, радио релейлик магистралдардын территориялык башкармасы, ЭлТР коомдук телевидениеси, Байланыштын улуттук агенствосу ж.б. ишканалар менен окуу жана өндүрүштүк практикаларды өткөрүүдө байланышып иш алып барат.