About chair
Кафедранын перспективдүү иш планы (2021-2026)


Роман-герман филологиясы кафедрасы 1994-жылдын апрель айында өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу түзүлүп, аны филология илимдеринин кандидаты, доц. Ш.В.Мараш-Оглы жетектеп турган. 1997-жылдын сентябрь айынан тарта кафедра башчысынын милдетин улук окутуучу С.Б. Алымкулова аткарган. 2007-2017-жылдары кафедраны кайрадан ф.и.к., доц. Ш.В.Мараш-Оглы жетектеген. Учурда кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Кабылов Тойчу Бекмуратович жетектөөдө. Кафедранын ишмердүүлүгүндө тышкы байланыштарды күчөтүү зор роль ойнойт. Бул жаатта кафедра Ош шаарындагы мамлекеттик жана менчик мектептер менен. Тил үйрөтүү борборлору менен тыгыз байланышта иш алып барат жана Франциянын Кыргызстандагы элчилиги менен такай кызматташат. Кафедранын француз тили секциясы 1995-жылы сентябрда түзүлгөн. Бул секция Франциянын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен, Кыргызстандын маданий жана тил боюнча өкүлү Жордж Колердин колдоосунда негизделген. Бишкектеги Француз Консулдук кызматы окуу процессин жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында материалдык көмөк көрсөтүп келет. Мына ушул алкакта 2001-2002-окуу жылында маданият жана кызматташтык атташеси Шарлотта Урбен жыл бою DALF, DELF экзамендерине даярдануу курстарын жетектеп, башка окуу-усулдук жумуштарды аткарып келген. 2002-2003-жылдары Лорен Карлье үй-бүлөсү менен келип РГФ кафедрасында эмгектенип кеткен. 2003-2004-окуу жылында Полин Куто сабак өтүү менен биргеликте көптөгөн француз адабиятына жана маданиятына арналган кечелерди, аңгеме жазуу жана диспуттарды өткөргөн. 2005-2006-окуу жылында Александра Тиркюир, 2012-13-о.ж. Амели Шаркоссе, 2013-14-о.ж. Натали Сенгсаванг жана 2016-жылы февралда Алекси Сантрен факультетте волонтер катары иштешип, өз салымдарын кошушкан.