Дистанттык окуу
2012-2013 окуу жылында Физика-техника факультети багыты 640200 “Электроэнергетика жана электротехника” профили “Электр менен камсыздоо” адистигине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин лицензиясын алып, алгачкы жолу дистанттык окуу формасына студенттерди 1-курска кабыл алган. Ушул мезгилде 1-курста 16 студент, 2-курста 20 студент билим алышууда. Университеттин 1-курсуна кабыл алынган студент окутуучу үчүн алыстагы билим алуучу субъект болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир студент алгачкы күндөн баштап факультеттин деканаты тарабынан билим алууга керектүү окуу, окуу-усулдук жана окуу нормативдик документтер менен камсыздалат. Окуу жылынын башында мурда бекитилген график боюнча студенттер үчүн багыттоочу сессия уюштурулат. Багыттоочу сессия учурунда студент дистанттык окуу технологиясынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып чыгат жана ошол эле убакта окутуучу менен Интернет аркылуу байланыш кандай ишке ашарын үйрөнүшөт. Студенттерге окуу каражаттары жана билим берүү ресурстарын кандай пайдалануу керектиги тууралуу атайын окуу планга киргизилген предмет (Дистанттык билим берүүнүн негиздери) боюнча окутуучу 72 сааттык курс өтөт. Деканат тарабынан ар бир студентке окуу процессинин графиги, дистанттык сабактардын жадыбалы, окутулуучу предметтердин жумушчу программалары, электрондук окуу китептери, тесттик суроолору жана окутуучу менен байланыш үчүн пароль-логиндери берилет. Окуу процессинин графиги боюнча ар бир семестрде студенттер үчүн 2 жолу аралыктан текшерүү уюштурулат. Бул учурда белгиленген убакта студент Интернет аркылуу окутуучу менен байланышып, студент окутуучуга кызыккан суроолорун берип жооп ала алат жана окутуучу аркылуу түзүлгөн тесттик суроолорго жооп берет. Студенттин туура берген жооптору балл менен туюнтулуп, маалымат системасында катталып калат. Семестрдин аягында график боюнча студенттер жыйынтыктоочу текшерүүдөн өтүшөт. Жыйынтыктоочу текшерүүнүн тесттик суроолоруна ийгиликтүү жооп берген студенттер сынактан өттү де эсептелип, баарына тиешелүү балл коюлат.