ОшМУнун ар бир группасы бийлейт

«БЕКИТЕМИН»
ОшМУнун ректору
, профессор
К.А.Исаков

______________________
«
26 » январь, 2016 -ж.

2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылына карата “ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу бийлердин фестиваль-кечелерин факультеттерде уюштуруунун иш-ырааты

1. Иш-чаранын максаты

- Студенттердин бош убактысын туура пайдаландыруу, аларга бий өнөрүн үйрөтүү жана бий маданиятын калыптандыруу;

- Тайпалардагы студенттердин ынтымакташып, биримдикте бир багытта иштей алуусун камсыз кылуу;

- Куратор менен тайпадагы студенттердин чыгармачыл байланышын күчөтүү;

- Факультет, институт, коллеждерде маданий-массалык иштерди жогорку деңгээлде уюштурууга көнүктүрүү.

2. Иш-чараны уюштуруунун кезеги жана мөөнөтү

ОшМУнун ар бир факультет, институт, коллежи өз алдынча жыл этегине чейин төмөндөгүдөй кезек менен “ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу бийлердин фестиваль-кечелерин өткөзөт.

Факультети

Өткөзүү убактысы

Уюштурууга жооптуулар

Өткөзүү жайы

1

Медициналык коллежи

26-февраль

Декандар-дын, директор-лордун тарбия иштери боюнча орун басарлары, кураторлор

Иш-чара бийлөөгө ыңгайлуу окуу имараттарынын алдында, короосунда, жатаканаларда, фойелерде, атайын бий клубдарында, шаардын аянттарында, эс алуу бактарында (театрда эмес) уюштурууга болот. Алдын ала тарбия де-партаментинин директору менен макулдашуу зарыл.

2

Педагогика жана дене тарбия

11-март

3

Медицина

20-март

4

Бизнес жана менежмент

31-март

5

Чет тилдер

8-апрель

6

Кыргыз филологиясы жана журналистика

22-апрель

7

Эл аралык мамиле

8

Искусство

13-май

9

Табият таануу жана география

19-май

10

Теология

11

Математика жана информациялык технологиялар

16-сентябрь

12

Физика-техника

30-сентябрь

13

Конфуций

14

Финансы-юридикалык коллежи

14-октябрь

15

Орус филологиясы

28-октябрь

16

Юридика

10-ноябрь

17

Тарых

18

Эл аралык медицина

25-ноябрь

19

“Билим”, “Ыйман” лицейи

1-декабрь

3. Иш-чарада бийленүүчү бийдин түрлөрү жана ага жооптуу тайпалар

Төмөндөгү бийдин түрлөрү факультет, институт, коллеждердеги ар бир тайпага декандын орун басарлары тарабынан бирден бөлүнүп берилет жана студенттик тайпалар бөлүнгөн күндөн баштап өздөрү хореограф жалдап, же өз алдынча изденишип (интернет ж.б.) даярдануулары, үйрөнүүлөрү зарыл. Тайпаларга бийлерди үйрөтүү жоопкерчилиги ар бир тайпанын кураторуна жүктөлөт. Куратордун иши тайпанын бий үйрөнүүсү менен өлчөнөт. Тайпалар өздөрүнө бөлүнгөн бийди үйрөнүү менен катар башка бийлерди да көрсөтүүсүнө уруксат берилет.





 

«БЕКИТЕМИН»
ОшМУнун
__________________факультетинин
деканы_____________________
______________________
«
__ » февраль, 2016 -ж.

Бийдин түрлөрү

Бийлөөчү тайпалар

Жооптуу кураторлор

1

Кыргыз бийлери

2

Индия бийи

3

Испан бийи

4

Түрк бийи

5

Өзбек бийи

6

Орус бийи

7

Араб бийи

8

Лезгинка бийи

9

Кытай бийи

10

Чыгыш бийи

11

Хип-хоп бийи

12

Латиноамерикалык бийи

13

Ламбада бийи

14

Бал бийи

15

Заманбап бийи

16

Көчө бийи

17

Танго бийи

18

Брейк-данс бийи

19

Твикс бийи

 

Көрсөтүлгөндөрдөн башка да бийлердин түрүн бийлеп чыгууга уруксат берилет

 

4. Иш-чараны уюштуруу формасы

Иш-чарага факультеттин бардык студенттери, ошону менен бирге башка факультеттер конок катары чакырылып, ал күнү студенттер жооптуу иш-чарага гана эмес, бий майрамына келгендей маанай түзүлүүсү кажет. Ар бир бийдин талабына ылайык жарашыктуу кийимдерди кийинишип, студенттик тайпанын өкүлдөрү кезеги менен ортого чыгышып түрдүү бийлерди бийлешет, ал эми күйөрмандар бий аянтчасын тегеректешип, кол чаап сүрөп турушат. Жыйынтыгында өзгөчө таланттуу бий топторун деканат түрдүү сыйлыктар менен белгилеп койсо болот. Тайпалардын бийлеринен соң жалпы бий (дискотека) уюштурулушу керек.

ОшМУнун тарбия

департаментинин директору:                                                                                         З.С.Божонов