Акын менен поэзия кечеси

«БЕКИТЕМИН»
ОшМУнун ректору
, профессор
К.А.Исаков

____________________
«
2 » февраль, 201 6 -ж.

2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылына карата
“Акын менен поэзия кечеси” аттуу поэзиялык кечелерди факультеттерде уюштуруунун иш-ырааты

1. Иш-чаранын максаты

-Студенттердин поэзияга болгон табитин арттыруу, кызыкчылыгын ойготуу;

-Студенттерди гуманизмге, эстетикага тарбиялоо;

-Университетте поэзиялык клубдарды жаңы таланттар менен катарын толуктоо;

-Окуу жайыбызда ыр жазган студенттердин талантына шык берген шарт жаратуу;

-Факультет, институт, коллеждерде тарбиялык иштерди күчөтүү, структураларда иш-чараларды уюштуруунун өз алдынчалыгын калыптандыруу.

2. Иш-чараны уюштуруу

ОшМУнун ар бир факультет, институт, коллеждери айына бир жолу “Акын менен поэзия кечеси” аттуу поэзиялык кечелерди өткөзөт. Бул иш-чараны өз деңгээлинде уюштуруу үчүн декандын тарбия иштери боюнча орун басарлары тарабынан төмөндөгүдөй иш-аракеттер жасалууга тийиш:

-Бир ай мурун поэзия кечесин өткөзүү боюнча акын менен макулдашуу;

-Өз факультетиндеги студенттер арасынан ыр жазган студенттерди табуу жана аларга өз ырларын окуганга шарт түзүү;

-Поэзия кеченин программасын “Жигер” клубу (Омокеев У.) менен биргеликте түзүү;

-Сахнаны эгер акын каласа өз каражатынан жасалгалоосуна уруксат берүү;

-Аудитория, музыкалык аппаратура, көрүүчүлөр, алып баруучуларды уюштуруу;

-Бир жума башта поэзия кечеси тууралуу афиша илүү;

-Иш-чараны массалык-маалымат каражаттарында чагылдыруу ж.б.

3. Иш-чараны төмөндөгү акындар менен уюштуруу сунуш кылынат:

Акындардын аты-жөнү

Чыгармасы

Телефону

1

Зинакан Пасанова

“Арыба, жүрөк”, “Жамгыр тоодон башталат”

0555 56-75-57

2

Маматибраим Жаныбеков

"Мезгил, мекен, апам жана мен", "Тамчыдагы күн", "Оомат".

0550 55 80 10

3

Куштарбек Кимсанов

“Рубаилер”

0777 04-77-77

4

Омокеев Улук

“Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар”

0778 64-50-50

5

Каныбекова Назгүл

“Турмуштун теңдемеси”

0779 50-01-70

6

Сыдыкбек Апиш уулу

"Эрке кыялдар"

0771 04 58 71

7

Бекмурат Келдибаев

“Күн жашынган аска”

0773 04-67-05

8

9

ОшМУнун тарбия

департаментинин директору:                                                                         З.С.Божонов