Мен сүйгөн чыгарма

«БЕКИТЕМИН»
ОшМУнун ректору
, профессор
К.А.Исаков

____________________
«1» февраль, 2016
-ж.

2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылына карата

“Мен сүйгөн чыгарма” аттуу адабиятчылар менен биргеликте адабий талкууларды факультеттерде уюштуруунун иш-ырааты

1. Иш-чаранын максаты

-Студенттерди бош убактысын туура пайдаланууга, көркөм адабият окууга тарбиялоо;

-Тайпа ичинде, курстар арасында, жалпы эле студенттик чөйрөдө көркөм адабиятты популяризациялаштыруу, көркөм адабият окуган студенттердин барк-баасын көтөргөн чөйрө жаратуу (студенттер арасында көркөм адабият окууну модага айландыруу);

-Студенттердин көркөм адабиятка кызыгуусун массалык түргө айландыруу;

- Куратор менен тайпадагы студенттердин чыгармачыл байланышын күчөтүү;

-Факультет, институт, коллеждерде тарбиялык иштерди күчөтүү, структураларда иш-чараларды уюштуруунун өз алдынчалыгын калыптандыруу.

2. Иш-чаранын мазмуну, уюштурууга жоптуулар жана мөөнөтү

ОшМУнун бардык структуралары өз алдынча ар бир курсунда семестрде бир жолу “Мен сүйгөн чыгарма” аттуу адабий талкууларды адабиятчылар менен биргеликте өткөзөт.

Талкуу өткөзүүчү курстар

Талкуулануучу темалар, жазуучулар (болжолдуу сунуштар)

Өткөзүү убактысы

Уюштурууга жооптуулар

1

5-курстар

Дүйнөлүк адабияттар

10-мартка чейин

Декандар-дын, дирек-торлордун тарбия иштери боюнча орун басарлары, адабият кафедралары кураторлор

2

4-курстар

Совет доорундагы кыргыз адабияты

30-мартка чейин

3

3-курстар

Чыгыш адабияты

10-апрелге чейин

4

2-курстар

Пушкиндик окуу

30- апрелге чейин

5

1-курстар

Т.Касымбековдун чыгармалары

20-майга чейин

6

5-курстар

Кыргыз тарыхый чыгармалары

30-сентябр. чейин

7

4-курстар

Батыш адабияты

20-октябрга чейин

8

3-курстар

“Үркүн” жөнүндө чыгармалар

10-ноябрга чейин

9

2-курстар

Айтматовдук окуу

12-декабрга чейин

Ар бир структура төмөндөгүдөй конкреттүү иш мерчемдерди документтештирүүсү зарыл:

«БЕКИТЕМИН»
ОшМУнун
_________факультетинин
деканы____________________

______________________
«
__ » февраль, 2016 -ж.

Көркөм адабият окуучу тайпалар

Тайпалар окуучу жана тал-куулоочу адабияттын аттары

Өткөзүү убактысы

Жооптуу кураторлор

1

2...

..30

«БЕКИТЕМИН»
ОшМУнун ректору
, профессор
К.А.Исаков

____________________
«1» февраль, 2016
-ж.

 

2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият жылына карата

ОшМУнун “Эң мыкты окурмандар тайпасы” адабий сынагынын жобосу

Сынактын максаты

-Студенттерди тайпасы менен коллективдүү көркөм адабиятка кызыктыруу;

-Тайпадагы студенттердин ынтымакташып максат багыттуу аракеттенүүсүн шарттоо;

-Студенттердин рухий өнүгүүсүн өбөлгөлөө, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын талаптарын айкалыштыруу – сынактын жеңүүчүлөрүнө тарыхый-аймак таанытуучу экскурсияларды уюштуруу.

Сынактын шарттары

-Сынакка ОшМУнун бардык академиялык тайпалары катыша алат жана каалоочулар сынакка катышуу ниеттери бардыгын декандын орун басарына билдирүүлөрү зарыл.

-Сынакка катышууну каалаган тайпанын ар бир студенти дүйнөлүк же кыргыз жазуучуларынын бирден көркөм адабий чыгармасын (роман, повесть, аңгеме ) кунт коюп окуп чыгуусу зарыл (тайпанын ар бир студенти ар башка чыгарма окуусу шарт);

Тайпадагы студенттердин аты-жөнү

Жазуучунун аты-жөнү

Чыгарманын аты

Окуп чыгууга берилген мөөнөт

1...

-Тайпа 15-майга чейин факультеттик деңгээлде адабиятчылардын катышуусунда “Мен сүйгөн чыгарма” аттуу адабий талкуу өткөзүп, анда тайпанын ар бир студенти өзү окуган чыгарманын мазмуну, темасы, идеясы жана чыгармадан алган таасирлери жөнүндө кыскача айтып берүүлөрү керек;

-Тайпа “Мен сүйгөн чыгарма” аттуу адабий талкуу өткөзгөндүгүн массалык маалымат каражаттарында чагылдыруулары шарт;

-Ар бир факультет, институт, коллеж бирден жеңүүчү тайпаны 2-турга - университеттик деңгээлдеги сынакка сунушташат. Экинчи тур 20-май күнү “ОшМУда китеп түнү” аттуу иш-чаранын алкагында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо

Жеңүүчүлөргө төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылат:

-1-орунга ээ болгон тайпага жана кураторуна Сары-Челек коругуна автоунаа уюштурулат;

-2-орунду жеңген тайпага жана кураторуна “Арстанбап” пансионатына жолдомо;

-3-орундагы тайпага жана кураторуна Кара-Шоро жайлоосуна автоунаа уюштурулат;

-Орунга ээ болбой калган тайпалар үчүн ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу жайына жолдомо.

ОшМУнун тарбия

департаментинин директору:                                 З.С.Божонов