Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык профессор-окутуучу жана кызматкерлердин спартакиадасы 25-30 январга чейин болуп өттү. Чет тилдер факультетинин (ФИЯ)нын окутуучулары Исмаилова Р.А., Жээнбекова Ч.М., Аттокурова Т., Жоробекова Г., Жалиева Ж.М., Козубаева А. ж.б. спорттун баардык түрүнө активдүү катышышты.


27-октябрь ЧТФда Өзгөчө Кырдаал Министилигинин окуу борборунун ага окутуучулары Көккөзов Арипжан Максытович жана Чекиров Токтогул, студенттерге Жер титирөөдө жүрүм-турум эрежелери жөнүндө семинар-тренинг өтүп беришти.


17 - ноябрь студентердин күнүнө карата чет тиилдер факультети 16-ноябрь күнү "Студенттикке кабыл алуу-2015" аттуу кечеси өткөрүлдү. Аталган иш-чара ОшМУнун башкы корпусунун чоң залында болуп өттү. Бул кечеде ЧТФнын деканы, ф.и.к., доцент С.Ш. Калыгулова студентерди куттуктап биринчи курстарга студенттик билет, окурмандык билет жана зачеттук китепчелерин тапшырды. Мындан сырткары студенттерди куттуктоо үчүн Илимий иштер боюнча проректор, биология илимдеринин доктору, профессор Т.Т. Жумабаева жана Кадрлар бөлүмүнүн башчысы педагогика илимдеринин кандидаты., профессор Г.Т. Турдубаева баш болуп куттукташты. Кечени талантуу ырчылар: Марсиана Дарманбек кызы, Догдурбек Акималиев жана Нуртилек Абдыгапаровтор коштоду. Факультеттин биринчи курстарынан түзүлгөн "FFL" командасы кечени өзгөчө шаңга бөлөдү.