Кафедранын иш чаралары

Билимдерди баалоонун каражаттары

Окутуунун жыйынтыгын текшерүү экзамен менен жыйынтыкталат. Жыйынтыктоочу текшерүүгө учурдук текшерүү жана аралык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул процедуралар Ош МУнун №9-бюллетениндеги “Студенттердин билимин текшерүүнүн модулдук-рейтингдик система жөнүндөгү” жобого ылайык жүргүзүлөт.

Учурдук, аралык жана семестрдик текшерүү дисциплинанын жумушчу программасына ылайык, деканат тарабынан түзүлгөн графиктин негизинде модулдарды тапшыруу жолу менен ишке ашырылат. Учурдагы текшерүү: сабак учурларында, окутуучуга модул кабыл алганга жана студенттердин өз алдынча иштөөсүнө бөлүнгөн сааттардын негизинде кафедра тарабынан түзүлгөн график боюнча жүргүзүлөт.

Учурдагы студенттин билимин текшерүүнүн формасы кафедра тарабынан белгиленет. Учурдагы текшерүүнүн тесттик, билеттик, контролдук иш, семинарлар, коллоквиумдар, долбоорлордун бет ачары, үй тапшырмасы, лабораториялык иштердин отчеттору, эсеп-графикалык иштер, рефераттар, кошумча суроолор, аңгемелешүү, ж.б. формалары колдонулат.

Семестрдеги ар бир дисциплина 100 балл менен бааланат. Баллдарды модулдарга бөлүштүрүү материалдын маанилүүлүгүнө жараша технологиялык карта аркылуу ишке ашырылат. Жалпы балл (60) модулдарга жана сабактардын түрлөрүнө (лк., пр., сем., лб.) бөлүштүрүлөт жана 40 балл жыйынтыктоочу текшерүүдө берилет.

Баллдар окуу пландагы сабактардын ар бир түрүнө (жекече сабактар менен бирге) бөлүнгөн сааттардын көлөмүнө пропорционалдуу тартипте бөлүштүрүлөт. Ар бир сабак боюнча эң жогорку балл «жакшы» жана «эң жакшы» билимдерин, активдүүлүгүн көрсөтө алган студенттерге гана коюлат.

Ар бир дисциплина боюнча жыйынтык текшерүүнүн суроолору түрдүү вариантта иштелип чыккан жана ал AVN автоматташтырылган маалымат системасында тесттик түрдө жайгаштырылып, студентти ар тараптуу обьективдүү баалоого шарт түзөт.