2018-2019-окуу жылында Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1-курсуна эки баскычтуу “Бакалавр - Магистр” системасы боюнча жана колледждге толук эмес орто билим (9-класс), толук орто билим (11-класс) базасында төмөнкү багыттар жана адистиктер боюнча абитуриенттер кабыл алынат.
Факультеттин адистиктери
Колледж
Окуу мөөнөтү: 9-класс базасында 2 жыл 10 ай; 11-класс базасында 1 жыл 10 ай). Колледждин бардык адистиктерине кабыл алуу экзамендин
негизинде жүргүзүлөт.
Адистиктери:
- 230110. Эсептөө системалары каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө. Квалификациясы - техник. .
- 220206 . Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (тармактар боюнча). Квалификациясы - техник.
- 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча). Квалификациясы - техник.
Бакалавриат
Окуу мөөнөтү :
Күндүзгү окуу бөлүмүндө - 4 жыл, сырттан, дисттанттык жана кечки окуу бөлүмүндө - 5 жыл. Бакалавриатты аяктаганда "БАКАЛАВР" академиялык даражасы ыйгарылат. Факультеттин бардык багыттарына кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен жүргүзүлөт:
1. Негизги тест 2. Кошумча тест: Математика же физика.
Даярдоо багыттары:
- 550200 «Физика-математикалык билим берүү». Даярдоо профилдери:
- «Математика»
- «Информатика»
- 51020 0 « Колдонмо математика жана информатика» .
- 710100 «Информатика жана эсептөө техникалары». Даярдоо профил дер и :
- «Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо»
- «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары».
- 710200 «Информациялык системалар жана технологиялар» . Даярдоо профили :
- «Экономика».
- 590100. Маалымат коопсуздугу. Даярдоо профили:
«Маалымат коопсуздугу» .
- 710300 «Колдонмо информатика».
Магистратура
Окуу мөөнөтү:
Күндүзгү окуу бөлүмүндө - 2 жыл, сырттан, дистант-тык жана кечки
окуу бөлүмүндө - 3 жыл. Магистратураны аяктаганда "МАГИСТР" академиялык даражасы ыйгарылат.Кирүү экзамендери: Адистик боюнча
экзамен.
Даярдоо багыттары:
- 550200 «Физика-математикалык билим берүү». Даярдоо профили:
- «Математика жана информатика». ;
- 550200 «Математика» .
- 580200 «Билим бер үүдөгү менеджмент » .
- 510 2 00 « Колдонмо математика жана информатика» .
- 710100 « Эсептөө техникаларын жана автомат таштырылган систем аларды программалык камсыздоо ».
- 710 2 00 « Экономикадагы информациялык систем алар жана технологи ялар » .
- 710 3 00 « Колдонмо информатика (экономика аймагында)».
Кесипке багыттоо боюнча суроолор
1. ОшМУнун жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктеринин бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө кантип тапшырууга болот? Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн бакалавр багытынын бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн негизги жана кошумча тесттеги баллдары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген босоголук (пороговый) баллдардан кем эмес б.а. негизги тест: 110 баллдан, кошумча тест: 60 баллдан кем эмес болуш керек.
Эгерде Сиздин билимиңиз босоголук баллга жетпей калса, билимге болгон умтулууңузду өчүрбөстөн колледжди тандаңыз.Себеби, Сиздин билимиңиз (толук эмес – 9-класс, толук – 11-класс) сапаттуу кесиптик орто билим (колледж) менен толукталып, түздөн-түз жогорку билимге (бакалаврга) 2-курстан улантууга жол ачылат.
2. Колледждин канчалык пайдасы бар? Жооп: Мектептеги 10-11-класстын ордуна кесиптик орто билимге (дипломго) ээ болот. Окуусун улантууну кааласа, жогорку билимди 2-курстан баштайт.
3. Эгерде колледждин “ Эсептөө системалары каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” адистигин бүтүрсө кандай кызматтарда иштей алат?
Жооп: Бул адистикти бүтүргөндөр техник, техник-инженер, прикладдык-программист, аппараттык-программалык жабдуу боюнча адис, инженер-инструктор, эсептөө система-сынын техникалык кызматкери, компьютердик класстын лаборанты, компьютердик класстын оператору, маалыматтар базасынын адми-нистратору, өндүрүштү автоматташты-рылган системалар менен башкаруу техниги, компьютердик коммуникациялар жана компьютердик тармак адиси сыяктуу кызмат орундарында иштей алат.