HISTORY OF THE DEPARTMENT
1951-жылдын 18-июлунда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жана Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин биргелешкен токтомунун негизинде Оштогу мугалимдер институтунун базасында Ош мамлекеттик педагогикалык институту түзүлүп, анда табият таануу жана филология факультеттери гана болгон. Табият таануу факультетинин курамын табият таануу жана физика-математика кафедралары түзгөн. Табият-таануу кафедрасында зоология секциясы түзүлүп, аны доцент Г.И.Светлицкий жетектеген. 1952-жылы зоология секциясы табият-таануу кафедрасынын курамынан бөлүнүп, өз алдынча зоология кафедрасы болуп түзүлүп, аны 1953-жылга чейин ага окутуучу М.С.Сатыбалдиев, 1954-1964-жылдары б.и.к., доцент К.В.Пискарев жетектеген. 1965-1978-жылдары кафедраны доцент И.И.Ибрагимов жетектеп, кафедрада 12 окутуучу, 5 лаборант эмгектенген. Бул мезгилде доцент Э.О.Коңурбаев СССРдин ИАнын зоология институтунда докторлук диссертациясын коргогон. 1979-1989-жылдары кафедраны б.и.к., доцент Н.Б.Байдөөлөтов жетектеген. Бул жылдары кафедрада доценттерден: Ч.Ж.Жумабаев, Э.О.Оморов, Н.Н.Ярошенко, Х.Х.Хаитов, Б.А.Токторалиев, ага окутуучулардан: Т.А.Айдашев, З.Ж.Шабирова, Т.М.Молдопиязова, Э.К.Айдаралиев, Б.К.Кулназаровдор эмгектенишкен. 1989-1990-жылдары зоология, ботаника жана БОУ кафедралары биригип биология жана БОУ кафедрасы болуп түзүлүп, аны доцент А.Т.Тажибаев жетектеген. 1990-жылы биология жана БОУ кафедрасынан зоология жана жалпы экология кафедрасы бөлүнүп, аны 1998-жылга чейин б.и.к., доцент Б.К.Кулназаров жетектеген. Бул жылдары кафедрада аспирантура бөлүмү ачылып, илимий кадрларды даярдоо жолго коюлган. Кафедранын илимий потенциалы өсүп, 5 окуу-усулдук китептер жана 250 гө жакын илимий макалалар жарык көргөн. Б.А.Токторалиев докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп (1997), КРнын УИАнын мүчө-корреспонденттигине шайланган. Т.М.Молдопиязова (1996), С.Т.Абжамилов (1996) жана А.А.Кенжебаевдер (1997) кандидаттык диссертацияларын коргошкон. Ак-Буура дарыясынын жээгинде «Табият-Юг» дендрологиялык паркы (1996) түзүлгөн. 1998-1999-жылдары кафедраны б.и.д., профессор Б.К.Каримова жетектеп, кафедра мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдөгү семинарлар, конференцияларга катышуулары жана стажировкалары улантылып, Эл аралык уюмдар менен болгон байланыш жолго коюлган. 1999-2007-жылдары кафедраны доцент Э.К.Айдаралиев жетектейт. Бул мезгилде Б.К.Кулназаров докторлук (2004), Б.А.Каримов (2001), Г.А.Садыкова (2001), А.М.Абдыкааров (2005) жана Р.Т.Муратова (2006) кандидаттык диссертацияларын коргошкон. 2007-2010-жылдары кафедраны б.и.к., доцент А.М.Абдыкааров жетектеген. Бул жылдары кафедранын бардык дисциплиналары боюнча окуу-усулдук колдонмолор толукталып, кайра иштелип чыккан. К.И.Алтыбаев (2007) кандидаттык диссертациясын коргогон. «Кыргызстандын биоартүрдүүлүгүн коргоонун актуалдуу проблемалары» темасында республикалык илимий-практикалык конференция (2009) өткөрүлгөн. 2010-2013-жылдары кафедраны б.и.д., профессор Б.К.Кулназаров жетектеген. Бул мезгилде Н.А.Көчкөнбаева (2010), У.А.Атабеков (2013), К.Абдисатаров (2013) жана Н.Р.Айбашева (2013) кандидаттык диссертацияларын коргошкон. Ошондой эле, Кыргызстандын түштүк аймагындагы коруктар, жаратылыш парктары менен байланыш түзүлүп, омурткалуу жаныбарлардын фаунасын изилдөөлөр улантылган. 2013-2014-жылдары кафедраны б.и.к., доцент А.М.Абдыкааров жетектеп, кафедрадагы ар тараптуу окуу-усулдук жана илимий иштер ийгиликтүү улантылган. 2014-2017 – жылдары кафедраны б.и.к., доцент С.Т.Абжамилов жетектеген. Бул жылдары К.Ы.Стамалиев (2014), Т.А.Эркебаев (2015) жана Т.Ормонкулов (2015) кандидаттык диссертацияларын коргошту. Кафедранын окумуштуулары тарабынан Туркестан, Алай, Фергана жана Чаткал тоо кыркаларынын омурткалуу жаныбарларынын фаунасын изилдөө улантылып, натыйжада 100 дөн ашуун илимий макалалар жарык көрдү. Факультетте магистратура бөлүмү ачылып, кафедранын илимий темасына ылайык изилдөөлөр жүргүзүлүп магистрдик диссертациялар корголууда. Кафедранын базасында «Таксидермия» лабораториясы ачылган. Аны б.и.к., доцент К.И.Алтыбаев жетектеп, кафедранын зоологиялык окуу-музейи жаңы экспонаттар менен толукталууда. Өзгөчө жаңы түзүлгөн «Саркент» жаратылыш паркынын омурткалуу жаныбарларынын фаунасы толук изилденип, анын жыйынтыгы боюнча парктын фаунасы жөнүндөгү илимий-популярдык китеп басылып чыгарылды. 2018 – жылы кафедраны б.и.к., доцент Алтыбаев К.И. жетектеген. Ал эми ошол эле жылдын 1-октябрынан тартып кафедраны убактылуу б.и.к., доцент Стамалиев К.Ы. жетектеген. 2019-2020 – жылдары кафедраны б.и.к., доцент Муратова Р.Т. жетектеген. 2020-жылдан баштап “зоология жана экология” кафедрасын б.и.к., доцент Абдыкааров А.М. жетектеп келүүдө. Ушул жылы кафедрадан “ветеринария” адистиги өз алдынча бөлүнүп “айыл чарба” кафедрасы болуп түзүлөт. Бул жылдары кафедра Жунусалиева Э.Ж., Батаева А.Б., Ташбалтаева Ш.А., Эгембердиева А.С., Кубаныч уулу Ж. сыяктуу жаш окутуучулар менен толукталды.