Accreditation: Business Informatics Education Program

БИЗНЕС И МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИ

"БИЗНЕС ИНФОРМАТИКА ЖАНА ЭКОНОМИКАДАГЫ МАТЕМАТИКА" КАФЕДРАСЫ

Биздин девиз: "Өзүң үчүн билгениң, мекениңе кам көргөнүң"


Анализ и потребности рынка труда в выпускниках данной ООП

Ccылка

Кадровое обеспечение ООП

Ссылка

Курс;Кредиты

Ссылка

Материально-технические и финансовые условия реализации ООП

Ссылка

Матрица РО ООП

Ссылка

Миссия и цели ОП

Ссылка

Результаты обучения ООП

Ссылка

РУП

Ссылка

Сроки освоения ООП и доступные формы обучения по данному направлению

Ссылка

Требования к абитуриенту

Ссылка

Трудоемкость ООП

Ссылка

Элективный курс

Ссылка

Жалпы маалымат

Экономикалык билимдерге ээ жана заманбап технологиялар менен иштей алуучу адистерге болгон муктаждык күн санап өсүүдө. Мындай көйгөйлөрдү чечүү максатында “Бизнес жана менеджмент” факультетинин “Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасы үзгүлтүксүз иштеп келүүдө.

Эгерде тарыхка карай турган болсок, 1999-жылы августта Ош МУнун ректорунун буйругу менен «Бизнес жана менеджмент» факультетинин базасында табигый илимдер кафедрасы ачылган жана кафедра башчысы болуп ф. и. к. , доц. Т. О. Бекешов дайындалган.

Ал кафедра 2002-жылы 27-августа Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин № 79-2 чечиминин негизинде «Математикалык моделдештирүү жана статистика» кафедрасына кайра түзүлгөн. Ал эми 2009-жылы августа Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин «Адистиктерди оптималдаштыруу» тууралуу чечими менен аталган кафедра МИТ факультетинин «Экономикадагы математикалык методдор» кафедрасы менен бириктирилген. Бул кафедра 1997-жылы 18-февралдагы Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин №29 чечими менен 1997-жылдын 2-майында “Экономикадагы математикалык амалдарды изилдөө жана жогорку математика” аталышта түзүлүп, Г.23.(522300) – «Экономикадагы маалымат системалары» багытындагы бакалавр квалификациясын, ошондой эле Г.23. (5223.318) – «Экономикадагы математикалык методдор жана амалдарды изилдөө” багытындагы адистерди даярдоо максатында уюшулган жана ал учурда кафедраны доцент А. О. Абдувалиев, андан кийин доцент Т.Ч. Култаев жетектеп келишкен.

2001-жылдын сентябрынан тартып кафедранын базасында 521608 - "Экономикадагы математикалык методдор" адистиги (квалификациясы – экономист-математик) боюнча тайпалар кабыл алынып, билим берүү жүргүзүлүп келген болсо,.ал эми 2012- жылдан баштап 580100- “Экономика” (“Экономикадагы математикалык методдор”) жана 580500 - “Бизнес- информатика” багыттары боюнча бакалаврларды даярдоо жүргүзүлүп келүүдө. Компьютердик технологиялардын доору болгон бул заманга шайкеш келген адистерди даярдоону мындан ары күчөтүү максатында ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2015-жылдын 30- августагы № 6-чечими менен кафедранын аталышы “Бизнес-информатика жана экономикадагы математика” деген атка өзгөртүлгөн. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү учурда биздин Республиканын көптөгөн ишкана-мекемелеринде иштеп жатышат.

Мына ошентип «Бизнес-информатика жана экономикадагы математика» кафедрасы курамында перспективалуу илимий-педагогикалык кадрлары бар жаңы жамаат катары кайрадан калыптанды.

Кафедранын максаты менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларда иштей алуучу кесипкөй адистерди даярдоо.

Кафедра тарабынан КРнын Бж-аИМнин Жж-аОКБ башкармалыгы бекиткен окуу планына ылайык окуу-методикалык комплекстер, жумушчу программалар, практиканын программалары, лекциялык курстардын, практикалык жана лабораториялык сабактардын методикалык камсыздалышы о.э. окуу жараянын уюштурууга жана адистерди даярдоого зарыл богон окуу-методикалык материалдар иштелип чыккан.

Окутуучулардын илимий-педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу максатында методикалык кеңеш ийгиликтүү иш жүргүзүүдө.

БИж-аЭМ кафедрасы экономикада аналитикалык, уюштуруучулук жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү жүргүзө алуучу кеңири профилдеги адистерди даярдап чыгарат. Бизнес – информатика багыты боюнча бакалаврларды даярдоо үчүн окуу жайда тиешелүү сандагы окуу-лабораториялык база түзүлгөн, окуу-методикалык адабият иштелип чыккан жана ушул багыт боюнча базалык билими бар профессордук-окутуучулук курам калыптанган.

Кафедранын мүчөлөрүнүн илимдин 1 доктору, 1 профессор, 4 доцент, 4 магистр даражасына ээ. Учурда кафедрада 4 илимдин кандидаты, 7 улук окутуучу, 7 окутуучу, 2 улук лаборант, 1 лаборант, иштешет. Кафедранын илимий потенциалы дипломдуу жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Кафедранын карамагында учурда 6 компьютердик класс, электрондук китепкана жана китепкана фонду уюштурулуп, ийгиликтүү иштеп жатат.

Кафедра КМШ өлкөлөрүнүн жана биздин республиканын көптөгөн жогорку окуу жайлары, илимий изилдөө мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта иштейт.