History
              Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана усулияты кафедрасы 1978-жылы башталгыч билим берүү кафедрасынын базасында негизделген. Кафедраны алгач филология илимдеринин доктору, профессор М.Сулайманов жетектеген.
Бул кафедраны түптөөдө, кадрдык, окуу-усулияттык жана материалдык-базалык жактан чыңдоодо анын салымы чоң. М.Сулайманов кыргыз балдар адабияты боюнча республикага таанымал окумуштуу жана бул маселеге биринчи болуп кайрылган адис эле.
Кафедра жаңыдан түзүлгөндө 1 доцент, 3 улук окутуучу, калгандары окутуучу жана техникалык кызматкерлер болуп 13 адам эмгектенген. Алардын экөө (М.Сулайманов, Б.Эралиева) илимдин кандидаты эле.
1987-1992-жылдары кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент С.Гапаров жетектеген. Ал кафедранын илимий-усулияттык жактан өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бөлгөн. Анткени кафедранын окутуучу-профессордук курамынын илимий даражалуу адистер менен толукталышындагы бир топ жогорку көрсөткүч 1989-90-окуу жылына туура келет. Бул мезгилде кафедрада 13 адам иштеп, алардын ичинде 6 илимдин кандидаты, 4 доцент, 3 ага окутуучу, 5 окутуучу, 1 лаборант болгон. Илимий даражасы барлар 40,2% ды түзгөн.
1992-2001-жылдары кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент А.Жалилов башкарган. А.Жалилов илим айдыңында шакирттерди даярдап (анын жетекчилигинде А.Маширабов, Ч.Гапарова, И.Жороев кандидаттык диссертацияларын коргошкон), жаш изденүүчүлөргө устат катарында кеп-кеңешин берип, багыт көрсөтүп келе жаткандыгын белгилегибиз келет. Окутуу процессин эффективдүү уюштурууга, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого өтө чоң салым кошкон жана мамлекеттик тилди, мамтил мыйзамын ишке ашырууда, калайык-калкка жайылтууда жан үрөп эмгектенген инсан.
2001-2006, 2008-2009-жылдары кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Г.Жамгырчиева жетектеген. Анын кафедранын окуу-усулияттык жактан чыңдоодо өзгөчө салымы бар. Алсак, кафедрага тиешелүү бардык дисциплиналардын окуу программалары мамстандартка ылайык түзүлүп, жаңыланган.
2006-2007-окуу жылында филология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.Гапарова кафедра башчысынын милдетин аткарган. 2010-жылдан бери ал кайрадан кафедраны жетектеп, кафедранын окуу-усулияттык, илимий-усулияттык жана материалдык жактан чыңдалышына салымын кошуп келе жатат. Ч.Гапарова - кыргыз тилиндеги сүйлөшүү кебинин лексикасы маселесин алгач иликтөөгө алган адис.
2012-жылдан кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Т.К.Тойчуев жетектөөдө.
Кафедрада ар кайсы жылдарда филология илимдеринин кандидаты, доцент, белгилүү тилчи С.Гапаров, педагогика илимдеринин кандидаты Б.Эралиева, доценттер Ж.Омукеева, Б.Абдирашитов, Р.Чоконбаева, улук окутуучулар А.З.Измайилова, К.Акматов, С.Алимбеков, А.Мусаев, М.Абдураимов, С.Таласбаева, С.Бакубаева, Ы.Карыбаева сыяктуу окумуштуулар, методисттер эмгектенишкен.
Кафедрада учурда 3 доцент (Ч.Гапарова, Г.Жээнбаев, Т.Тойчуев), 5 улук окутуучу (С.Бакубаева, М.Мамутов, Б.Садыкова, А.Кулатова, А.Таабалдыева), 4 окутуучу (С.Амиралиев, Б.Жумалиева, Жалалбек кызы Айчрък, Г.Алимбековалар) жана 2 жардамчы техникалык кызматкер (А.Байчабаева, Р.Танаева) эмгектенип, алардын үчөө (Ч.Гапарова, Г.Жээнбаев, Т.Тойчуев) - кандидаттар.
Кафедранын мүчөлөрү
Кафедрада кыргыз тили, орус тили жана англис тили деген үч секция иштейт. Секциялардын мүчөлөрү тарабынан жогорку билимдүү башталгыч класстын мугалимдерин даярдоодо зарыл болгон азыркы кыргыз, орус тилдери, туура жазуу жана жазуу маданиятынын усулу, кыргыз, орус балдар адабияттары, көркөм окуу, адабият таанууга киришүү, кыргыз, орус жана англис тилдеринин практикалык курсу, кыргыз, орус, англис тилдерин, кыргыз, орус адабияттарын башталгыч класстарда окутуунун методикалары, лингвоөлкө таануу, англис тили боюнча атайын курс, семинарлар окутулат.
Кафедранын кыргыз тили жана адабияты секциясынын мүчөлөрү доцент Ч.Гапарованын жетекчилигинде «Кыргыз тилинин, балдар адабиятынын тарыхы жана башталгыч класстардын окуучуларын адабий окуу сабагында тарбиялоо» (каттоо №000096) деген теманын үстүндө изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, анын натыйжалары кафедранын отурумдарында талкууланып турат жана макала, монография, методикалык колдонмо мүнөздө басылмалардан жарык көрүп келе жатат. Алсак, акыркы жылдарда аталган секциянын мүчөлөрү тарабынан төмөнкүдөй эмгектер жарык көрдү: Ч.Гапарова «Кыргыз тилиндеги карапайым сөздөр» (Ош: Ош облустук басмаканасы, 2005. – 64 б.), «Кыргыз тилиндеги сүйлөшүү кебинин лексикасы: Монография» (Ош: Вега, 2008. – 144 б.), «Түштүктө эмгектенген кыргыз тилчилери (Биобиблиографиялык справочник)» (Ош, 2009. – 88б.), «Азыркы кыргыз тили боюнча текшерүү иштердин темалары жана аны жазууга карата методикалык көрсөтмөлөр» (Ош, 2010. – 24 б.); «Азыркы кыргыз тилинин программасы» (Ош, 2011. - 32б.), «Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы кафедрасынын педагогикалык практика боюнча программасы» (Ош, 2011. - 22б.); Ы. Карыбаева «Адабий окуу сабагында окуучуларды адептүүлүккө тарбиялоо» (Ош, 2010. – 96б.), «Мектеп окуучуларынын кебиндеги стилистикалык каталар» (Ош, 2009. – 55б.); Г.Жээнбаев «Адабий окууну окутуунун методикасы боюнча түзүлгөн курстук иштердин темалары жана аны аткаруу боюнча методикалык сунуштар» (Ош, 2010. – 18б.) ж.б. Т.Тойчуев кыргыз тилиндеги мейкиндик маанидеги жөнөкөй сүйлөмдүн моделдерин (Модели простых предложений пространственной семантике в современном кыргызском языке // Подвижники сибирской филологии. В.А.Аврорин, И.Е.Убрятова, В.Н.Наделяев: Материалы научной конференции. – Новосибирск, 2007. – 10-15-б.).
Улук окутуучулар М.Мамутов али жалпы тил илиминде да жакшы колго алына элек плеоназмдарды (Атоочтук плеоназмдардын маанилик топтору // Ош МУнун жарчысы, 2006. – 20-25-б.), А.Таабалдыева кыргыз тилиндеги паронимдерди изилдеп, макалаларды жарыялап келе жатышат.
Орус тили секциясынын мүчөлөрү улук окутуучу А.Кулатованын жетекчилигинде «Кыргыз аудиториясында орус тилин өздөштүрүүнүн маселелери» деген теманы изилдешүүдө. Алар улуттук группалардын студенттери үчүн төмөнкүдөй усулдук колдонмолорду даярдап, басмадан чыгарышкан: С.Бакубаева, С.Таласбаева «Контрольные работы по современному русскому языку» (Ош, 2004. - 46 б.), С.Бакубаева, Г.Абдукаиров «Контрольные работы по современному русскому языку» (Ош, 2009. – 60б.), С.Бакубаева, З.Аскаров «Контрольные работы по практическому курсу русского языка» (Ош, 2008. – 128б.) ж.б.
Англис тили секциясынын мүчөлөрү улук окутуучу Б.Садыкованын жетекчилигинде «Студенттерди англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүүнүн маселелери» деген теманын үстүндө изилдөө жүргүзүшүүдө. (Садыкова Б. Using Innovation Methodologies in Teaching English language in Primary Schools // Ош МУнун жарчысы. - 2006. - N 1-2. – 46-48-б; Some ways of improvement of language development // Ош МУнун жарчысы. - 2010. - N1-2. – 169-173-б.). Алар «Тынчтык» корпусу менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, факультеттин окуу-методикалык жана материалдык-базалык жактан толукталышына салымдарын кошуп келишүүдө. Алсак, 2005-жылы аудио-визуалдык лингвистикалык лаборатория «Тынчтык» корпусунун каржылоосу менен заманбап эмеректер, оргтехникалык каражаттар менен жабдылган жана 50дөн ашуун китеп комплекси кассеталары менен факультеттин окуу залына өткөрүлүп берилген.
Факультетке волонтерлорду тартууда улук окутуучу Б.Садыкова жана доцент Р.Чоконбаевалардын эмгеги өзгөчө мактоого арзыйт. Волонтерлор Керл Дингман (2004-2006) жана Линда Браундар (2006-2007) факультеттин студенттерине жана каалоочу жаш окутуучуларга англис тилин үйрөтүү максатында «Англисче сүйлөйбүз» («Speak English») аттуу ийримди жетектешкен.
Кафедранын окутуучулары волонтерлор менен тыгыз байланышта иштешет. Алсак, 2008-жылы 5-августтан 8-сентябрга чейин улук окутуучу Б.Садыкова волонтер Керл Дингмандын чакыруусу менен АКШнын Калифорния, Флорида, Түндүк Каролина, Нью-Йорк штаттарына тажрыйба алмашуу максатында барып келген. Ал жердеги мектептердин шарттары менен таанышып, башталгыч класстарында сабак өтүп, Кыргызстандын калкы, жери, шарты, жаратылышы, улуттук баалуулуктары жана окутуу системасы жөнүндө кеңири маалымат берген.
Улук окутуучу Б.Садыкова жана волонтер Керл Дингман кошумча англис тили сабагында (АКШ, 2008-ж.)
Студенттерди илимий-изилдөө жана адабий-көркөм чыгармачылык иштерге тартуу максатында кафедрада бир нече жылдардан бери өз салттары, тарыхы бар «Усулчу», «Англисче сүйлөйбүз», «В мире слов» деген ийримдер иш алып барат.
Кафедранын негизги иш багыттарынын дагы бири – аудиториядан тышкаркы учурларда студенттер арасында жүргүзүлүүчү таалим-тарбиялык иштер. «Мамлекеттик тил күнү», «Мамлекеттик тилди үйрөнөбүз» ж.б.у.с. иш-чараларды, акын-жазуучулар менен жолугушууларды уюштуруп туруу салт болуп калган.
Кафедра студенттерге заманбап билим берерлик материалдык-техникалык базага ээ. Ага тиешелүү толук жабдылган бир лингафондук каана бар. Ошондой эле, мамлекеттик тилди үйрөнүү, кыргыз тилинин методикасы, орус тилинин методикасы, орус тилинин жана англис тилдеринин практикалык курсу кааналары, С.Гапаров атындагы азыркы кыргыз тили жана М.Сулайманов атындагы балдар адабияты кааналары түзүлгөн. Алар окуу жараянына керектүү ар түрдүү дидактикалык материалдар, таблица-схемалар, көрсөтмө куралдар менен жабдылган.
2011-жылдын 15-декабында факультеттеги кааналардын заманбап жасалгаланышы боюнча өткөрүлгөн конкурста 204 (куратор А. Таабалдиева), 205 -кааналар (куратор А. Кулатова) 1-орунга ээ болуп, акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.
2010-жылы профессор М.Сулаймановдун өздүк китепканасынан 579 нуска китеп факультеттин окуу залына өткөрүлүп берилген.
2006-жылы кафедра «Ош МУнун эң мыкты кафедрасы - 2006» конкурсуна катышып, II даражадагы диплом менен сыйланган.
Окутуучулар кесиптик билимдерин өркүндөтүү үчүн тиешелүү семинарлардан, курстардан өтүшүп, анын натыйжаларын лекциялык, практикалык сабактарда үзүрлүү пайдаланып келе жатышат. Улук окутуучу Б.Садыкова 2010-2011-жылдары USAID тарабынан уюшулган «Сапаттуу билим» программасынын алкагында уюшулган семинарга катышып, серитификатка ээ болду. 2005-жылы улук окутуучу С.Бакубаева «Ош МУнун мыкты мугалими» конкурсуна катышып, «Ош МУнун мыкты мугалими – 2005» наамына ээ болсо, 2010-жылы доцент Ч.Гапарова доценттер жана профессорлор арасында өткөрүлгөн «Ош МУнун мыкты мугалими - 2010» конкурсуна катышып, II даражадагы диплом менен сыйланган.
Кафедра илимий изилдөө иштерин Кыргызстандагы ЖОЖдор жана Ош шаарындагы базалык мектептер менен тыгыз байланышта жүргүзөт. Алардын катарына жогорку окуу жайларынан Кыргыз улуттук университетин, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетин, Кыргыз билим берүү академиясын, КР Улуттук илимдер академиясын, Ош гуманитардык педагогикалык институтун, о.э. Ош шаарындагы базалык мектептерден №38 Барпы, №8 А.Навои, А.С.Макаренко, Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы орто мектептерди кошууга болот. “2015-2016-окуу жылында ага окутуу А.Таабалдиева, окутуучулар Г.Алимбекова, Ө.Шаимкулова, Б.Жумалиева магистратура бөлүмүн ийгиликтүү аякташты. Мамутов Мансур Тайлуевич 2016-ж. Январь айында кандитаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Кафедранын ага окутуучулары, окутуучулары “Коммуникативные методы обучения второму языку” деген жылдык семинарга доцент Ч.Гапарова, ага окутуучулар С.Бакубаева, А.Кулатова, А.Таабалдиева окутуучулар Ө. Шаимкулова, Шанызак у.Жылдыз, жана Г.Темирбаевалар катышышты. 2016-жылдын 24-27-августуна чейин кураторлор үчүн “Интеркультурное образование учащихся в системе высшего образования Кыргызстана” семинар – тренинге ага окутуучу С. Бакубаева катышты. 2016-2017-окуу жылында кафедранын мүчөлөрү төмөндөгү окутуучулар менен толукталды: Абдураимов Акболуш, Кадырова Орозгүл, Абдыкапар кызы Гүлзада,Абдыкадырова Улкан, Мамасадыков Айбек, Турдумамат уулу Муса. 2017-жылы янврь айында Таабалдиева Атыргүл, Бакубаева Салима, Мамутов Мансур, Мамасадыков Айбек, Алимбекова Гулазия, Абдыкапар кызы Гулзада, Абдыкадырова Улкан, Кадырова Орозгул, Жумалиева Бегимай, Гапарова Чынаркан "Жогорку мектепте мамлекеттик билим берүү стандарттарын колдонуу. Негизги билим берүү программасына өздүк баа берүүнү өткөрүү методикасы" семинарына катышып сертификаттарга ээ болушту.