News Архив

Журналистика кафедрасы


Урматтуу замандаш!

Эгерде сиз ММКнын бардык тармагында профессионалдык ишмердүүлүгүңүздү жүргүзө ала турган универсалдуу, креативдүү журналист болууну кааласаңыз, анда сиз үчүн журналистика адистигинин эшиги ачык.

Журналистика кафедрасында заманбап телерадио, жана басма сөз лабораториясы, жаш журналисттердин чыгармачыл борбору, кесипке зарыл болгон мезгилдүү басылмалар жазылган гезит-журналдар топтому жана китепкана бар. Студенттер интернетти кенен, чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө да ээ.

Оператордук чеберчилик жана монтаждоо, телерадио ийримдерине студенттер кызыгуусуна карап катышса болот. Эгерде сиз конвергенттик журналистиканын принцибине ылайык иш туткан сапаттуу журналист катары өзүңүздү көргүңүз келсе, окуу жайдын эшиги ар дайым сиздер үчүн ачык, урматтуу абитуриенттер!

Сиздерди терең урматтоо менен, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Эргешова С.Б.