History
Кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасы 1. Кафедра 1978-жылы август айында кыргыз тили жана кыргыз адабияты кафедраларынын базасында уюшулуп, анын башчылыгына профессор Ж.Шериев дайындалган. Кафедранын алгачкы мүчөлөрү төмөнкүлөр болушкан: доц. Суранчиева Б.С., окутуучулар Тагаева З., Садыков М., Аширбаев Т., Искендерова С. Учурда кафедраны п.и.к., доцент Т.А. Жороев жетектейт. Кафедрада 10 окутуучу эмгектенет. Сапаттык курамы төмөнкүчө: Илимдин докторлору Профессор Доцент Илимдин кандидантты Улук окутуучулар Сапаттык көрсөткүч 2 1 3 1 3 70% 20% 10% 30% 10% 30% Кафедранын окутуучулары “кыргыз тилин жана адабиятын орто мектептерде жана жогорку окуу жайларда окутуунун актуалду проблемалары” аттуу илимий багытта иш алып барат. Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстарына кыргыз тили жана кыргыз адабияты предмети боюнча окуу программаларын түзүшүп анын негизинде окуу китептеринин жана окуу куралдарын даярдашкан. Мындан сырткары окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу программаларын жана окуу-усулдук эмгектердин үстүндө эмгектенип келе жатышат. Кафедранын окутуучулары өз билимдерин Орто Азия мамлекеттери, РФ, КЭР, АКШ, Эстония ж.б өлкөлөрдө өркүндөтүшкөн. Бир нече билим берүү программалары боюнча эмгектенишет. Кафедранын окутуучулары факультеттин кыргыз тили жана адабияты, журналистика адистиктеринин күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн студенттерине кыргыз тилин окутуу методикасы, кыргыз адабиятын окутуу методикасы, кыргыз тилинин практикуму, кыргыз адабиятынын практикуму ж.б. дисциплиналар боюнча лекция окушуп, практикалык сабактар жүргүзүшөт. Мындан башка, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн IV-V курстарынын студенттеринин адаптациялык, кесиптик-базалык, профилдик педагогикалык практикасын уюштурушат. КТАОМ кафедрасы квалификациялык профилине ылайык системалуу түрдө мектеп турмушу менен байланыштагы иш-аракеттерин жүргүзүп, кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасынын өндүрүштүк маселелерин аткарып келет. Кафедранын материалдык – техникалык базасын заман талабына шайкеш келтирүү максатында педпрактика, инновациялык лаборатория жана көп тилдүү жана көп маданиятуу билим берүү боюнча ресурстук борбор, окутуунун жаңы технологиялары, кыргыз тилин окутуу методикасы А.Сыдыков атындагы «Манас таануу», Ж.Шериев атындагы , кыргыз тили жана адабияты кааналары адистикке багытталып, кесипке байланыштырылып, жаңы технологиялар менен жабдылып жасалгаланган. Мындан сырткары, ар бир окутуучунун жеке изилдөө багыттары да аныкталган. Профессор С. Момуналиев «Орто мектептерде лириканы окутуу», проф. Тагаева З. «Кептик потенциалды калыптандыруу жолдору», профессор Л. Жусупакматов «Кыргызстандагы таш сүрөттөр», п.и.к., доцент О. Шаимкулов «Адабиятты окутуу курсунда повесттик жанрды окутуу», доцент Т. Жороев «Кыргыз тили сабактарында окуучулардын тилдик - коммуникативдик компотенттүүлүгүн өстүрүү», п.и.к .З. Раимбердиева «Окуучулардын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн активдештирүү, улук окутуучу Н.Жумаев «Фонетикалык сабактарда тыбыштардын фонетикалык өзгөрүүлөрүн окутуу аркылуу окуучулардын кептик компотенттүүлүктөрүн өстүрүү», деген темалардын үстүндө иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Кафедранын тарыхы


Кафедранын тарыхы