3-март Кыргыз Республикасынын желек куну!
      3-мартта Тарых-юридика факультетинде Жаштар комитети тарабынан Мамлекеттик желек күнү белгиленди. Ага профессордук окутуучулук курамдын жалпы жамааты,жаштар комитетинин структурасы жана студенттер катышты.Жалпы студенттер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Гимнни жаныртылып, Мамлекеттик туу илинди. Максатыбыз – жаштарды патриоттуулукка, мамлекеттик символдорду сыйлоого чакыруу.
Айта кетсек, КРнын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.