Илимий изилдөө иштери

2017-2018 окуу жылында кафедранын илим изилдөө иштери негизинен 3 багытты өзүнө камтыйт. Анын эң негизгилери:
I. Түштүк Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүн изилдөө, байытуу жана коргоо проблемаларын изилдөө саналат. Аталган илимий изилдөөнүн негизги багыттары төмөндөгүлөр:
1. Түштүк Кыргызстандын өсүмдүктөрүнүн кээ бир табигый жана интродукцияланган топторунун биоморфологиялык, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө, аларды өндүрүшкө сунуштоо (аткаруучулар: б.и.д. А.Тажибаев, б.и.к. Т.К.Эркебаев, О.Коланов, К.Ш. Аттокуров, ага окут О.И.Маматкулов, окутуучулар Идирис уулу Дамир).
2. Суу өсүмдүктөрүнүн флоралык, биологиялык жана чарбалык өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү (Аткаруучулар: б.и.д., профессор Б.Каримова, ага окут. Б.А.Абдымомунова).
II. Жалпы биологиялык (биохимия, биотехнология) багытындагы изилдөөлөргө төмөндөгү темалар кирет.
1. Организмде азот кычкылынын синтезделиши жана таасир этүү механизмин ар түрдүү органдарда жана организмдерде ар кыл шартта өзгөрүүсүн аныктоо (аткаруучулар: б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т., б.и.к., доцент Молдалиев Ж.Т.)
2. Ар түрдүү өсүмдүк калдыктарынан биологиялык активдүү заттарды бөлүп алуунун жана колдонуунун кээ бир биотехнологиялык аспектилери (аткаруучу: б.и.к., доцент Абылаева Б.А.,)
III. Биологияны окутуу усулу багытындагы изилдөөлөр орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында биологияны окутуунун үзүрлүү усулдарын, ыкмаларын, системалашкан түшүнүктөрдү иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлөт. Бул тармакта доцент Эмилбекова Д., ага окут. Буранов Э.Ш., окут. Абдиллаева Ж.Ж. өз изилдөөлөрүн жүргүзүүдө.
Кафедрада студенттик илимий изилдөө иштери да жолго коюлган. Кафедрада «Ботаник», «Биология жана мектеп», «Bio-Techno» деген илимий ийримдер бар жана ага 30-40 студент тартылган. Ал ийримдердин катышуучулары ар бир илимдин багыттары боюнча кеңири түшүнүктөрдү калыптандырышып, курстук жана жылына 10-15 дипломдук иштерди даярдашат.

Кафедранын илим изилдөө иштери табигый илимдердин 3 тармагы боюнча жүргүзүлөт. Анын эң негизгилери:

I. Түштүк Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүн изилдөө, байытуу жана коргоо проблемаларын изилдөө. Аталган илимий изилдөө тармагынын негизги багыттары төмөндөгүлөр:

1. Түштүк Кыргызстандын өсүмдүктөрүнүн табигый жана кээ бир интродукцияланган топторунун биоморфологиялык, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө, аларды өндүрүшкө сунуштоо (аткаруучулар: б.и.д., профессор А.Тажибаев, б.и.к., доцоценттер: Т.К.Эркебаев, О.Коланов, К.Ш.Аттокуров, ага окутуучулар: М.Т.Уметалиев, О.И.Маматкулов). Бул теманын алкагында 1 докторлук диссертация (Тажибаев А.) корголгон.

2. Суу өсүмдүктөрүнүн флоралык, биологиялык жана чарбалык өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү (аткаруучулар: б.и.д., профессор Б.Каримова, улук окутуучу Б.А.Абдымомунова, окутуучу А.Ж.Дурсунбаева). Бул багытта да бир докторлук диссертация (Каримова Б.К.) корголгон.

II. Жалпы биологиялык (биохимия, биотехнология) багытындагы изилдөөлөргө төмөндөгү темалар кирет:

1. Организмде азот кычкылынын синтезделиши жана таасир этүү механизмин ар түрдүү органдарда жана организмдерде ар кыл шартта өзгөрүүсүн аныктоо (аткаруучулар: б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т., Молдалиев Ж.Т.). Бул багытта 1 докторлук (Жумабаева Т.Т.), 1 кандидаттык диссертациялар (Молдалиев Ж.Т.) даярдалып, корголгон.

2. Ар түрдүү өсүмдүк калдыктарынан биологиялык активдүү заттар-ды бөлүп алуунун жана колдонуунун кээ бир биотехнологиялык аспектилери (аткаруучу: б.и.к., Исраилова Г.С.).

Ш. Биологияны окутуунун теориясы жана методикасы багытын-дагы изилдөөлөр:

Жогорку окуу жайларда жана орто мектептерде биологияны окутуунун заманбап технологияларын колдонуу менен, табигый илимий түшүнүктөрдү системалуу өнүктүрүүнүн методикасы, болочок мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу, профилдик окутуунун учурдагы проблемалары багытындагы илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тармакта п.и.к., доцент Эмилбекова Д.А., ага окутуучу Буранов Э.Ш., окутуучу Абдиллаева Ж.Ж. өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн жүргүзүүдө. Темага байланыштуу 1 кандидаттык диссертация (Эмилбекова Д.А.) корголгон.

Кафедрада студенттик илимий изилдөө иштери да жолго коюлган. Бул багытта «Ботаник»,«Гүл өстүрүүчүлүк», «Биология жана мектеп», «Bio-Techno» деген илимий ийримдер бар жана аларда 30-40 студент илимий изилдөө иштери менен алектенишет. Ал ийримдердин катышуучулары ар бир илимдин багыттары боюнча кеңири түшүнүктөрдү калыптандырышып, курстук жана жылына 10-15 квалификациялык иштерди даярдашат.

Акыркы жылдары факультетте “Биология” адистиги боюнча магистрлерди даярдоо колго алынып, 2014-15-окуу жылында алгачкы студенттерди (магистрлерди) кабыл алуу жүргүзүлгөн. Азыркы кезде кафедранын окутуучу-профессордук курамы бул багытта да өздөрүнүн магистрлеринин илимий изилдөө темаларын бекиттирип, алардын план-проспектилерин түзүп, аткарылышына жетекчилик кылышууда. Магистратуранын окуу планына ылайык тиешелүү дисциплиналардын жумушчу программалары, силлабустар түзүлүп, талдоодон өтүүдө.

Профессордук курамы бул багытта да өз билимдерин магистранттарга беришүүдө. Лекцияларды жана лабораториялык сабактарды откоруу үчүн шарттар камсыз болгон 2 лекциялык зал, 2 мультимедиялык окуу залы, 8 окуу-лабораториясы, 1 илимий лаборатория, 1 гербарий фонду, жандуу бурч, жалпы аянты 5.9 га болгон агробиостанция кызмат кылат. Окуу-талаа практикалары үчүн Түштүк Кыргызстандагы улуттук жаратылыш парктары, мамлекеттик коруктар жана билим берүүчү окуу жайлар менен келишимдер түзүлгөн. Дисциплиналарды өздөштүрүүдө жергиликтүү материалдарды пайдаланууга көп көңүл бурулат.

Кафедранын мүчөлөрү окутуунун модулдук системасына толук өтүшкөн. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ар бир семестрде кеминде 2-3 жолудан рейтинг өткөрүшөт. Кафедранын мүчөлөрү тарабынан КРнын билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыгарылган окуу куралдары, окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыгылган, кошумча сабактарды жана консультацияларды өткөрүү үчүн атайын аудиториялар жабдылган. Окутуучулар өздөрүнүн теориялык билимдерин, педагогикалык чеберчиликтерин өнүктүрүү үчүн түрдүү билимин өркүндө-түүчү курстарга катышып, сертификаттардга ээ болушкан. Кафедрада өз ара сабактарга катышуу, аны талкуулоо кеңири практикаланат.

1. Студенттик илимий-изилдөө иштерин уюштуруу.

Студенттердин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу боюнча кафедрада 3 багыттагы илимий ийримдер иштеп, аларда студенттер жетекчилери менен иш алып барышат. Бул ийримдерге жооптуу окутуучулар бекитилген жана алар изилдөө иштерин координациялап, иш –пландарды түзүп, изилдөө жыйынтыктарын практика жүзүндө колдонушат.

-курстук иштер азыркы окуу планына ылайык окуу процессинен алынган, ошондуктан студенттер курстук иш аткарышпайт.

-дипломдук иштердин аткарылышы кафедрада талапка ылайык жүргүзүлөт. Дипломдук квалификациялык жумуштардын темалары кафедранын окутуучулук-профессордук курамынын аткарган илимий темалары менен байланышкан, актуалдуулугу күмөн туудурбайт, аткарылган иштердин сапаты, актуалдуулугу талапка жооп берет. Дипломдук жумуштар кафедранын кеңешмесинде талкууланып, кемчиликтери көрсөтүлүп, айрымдарынын иштери кайра кафедранын кеңешмесинде угулуп, андан кийин коргоого сунушталат.

Кафедрада студенттик илимий ийримдер иштейт, студенттик илимий изилдөө иштери да жолго коюлган. Бул багытта «Ботаник» (жет.окут.Дурсунбаева А.Ж.), «Гүл өстүрүүчүлүк» (жет.улук окут. Абдымомунова Б.А.), «Биология жана мектеп» (жет.окутуучу Абдиллаева Ж.Ж.) , «Биоэффект» (жет. Б.и.к., улук окут. Исраилова Г.С.) деген илимий ийримдер бар жана аларда 30-40 студент илимий изилдөө иштери менен алектенишет. Ал ийримдердин катышуучулары ар бир илимдин багыттары боюнча кеңири түшүнүктөрдү калыптандырышып, квалификациялык иштерди даярдашат. Аталган студенттик ийримдердин иш-пландары жыл башында түзүлүп,кафедранын кеңешмесинде бекитилген, алардын жыл ичиндеги ишинин натыйжалуулугу канааттандырарлык. Илимий ийримдеринин катышуучуларынын саны: “Ботаникте”- 12, “Гүл өстүрүүчүлүктө” -8, “Биология жана мектеп” -10, “Биоэффектте” – 6 студент.

Магистерлик багытта кафедранын окутуучу-профессордук курамы өздөрүнүн магистрлеринин илимий изилдөө темаларын бекиттирип, алардын план-проспектилерин түзүп, аткарылышына жетекчилик кылышууда. Магистратуранын окуу планына ылайык тиешелүү дисциплиналардын жумушчу программалары, силлабустар түзүлүп, талдоодон өтүүдө.

Профессордук курамы бул багытта да өз билимдерин магистранттарга беришүүдө. Лекцияларды жана лабораториялык сабактарды откоруу үчүн шарттар камсыз болгон 2 лекциялык зал, 2 мультимедиялык окуу залы, 8 окуу-лабораториясы, 1 илимий лаборатория, 1 гербарий фонду, жандуу бурч, жалпы аянты 5.9 га болгон агробиостанция кызмат кылат.

Студенттер кафедрада, факультетте өтүлүүчу “Табигый илимдердин эффективдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер” боюнча илимий жумалыкка активдүү катышып, өздүрүнүн илимий иштеринин жыйынтыктары боюнча доклад-презентацияларды онлайн режиминде көрсөтүп, баяндама жасашат.БК-1-18 тайпасынын студенти Курсанбекова Кылымбүбү Кыргыз-Өзбек Университети жана Орхус борбору тарабынан уюштурулган “Ош шаарынын экологиялык абалы” аттуу илимий конференцияда доклад жасап дипломго ээ болду.

2. Кафедранын мүчөлөрүнүн Кыргызстандын чегинде конференцияларга, симпозиумдарга, форумдарга ж.б. илимий иш-чараларга катышуусу

Аталышы

Өткөрүлгөн

жери жана

убактысы

Катышуучулардын

саны

Уюштуруучулар

1

Международное позиционирование университета: управление партнерствами и и участие в рейтингах”

Международный онлайн семинар-вебинар с региональным директором QS по Восточной Европе и Центральной Азии Зайцевой З.О.

ОшМУ, 13-май айы 2020 ж.

Кафедранын ОПК курамы, магистранттар

Билим берүү жана илим министирлиги,

ОшМУ

2

ОшМУнун 80 жылдыгына арналган мааракелик онлайн илимий-практикалык конференциясы

ОшМУ: 2020-жылдын 28-майы 09:00 - 09:30

Кафедранын ОПК курамы, магистранттар

ОшМУ, ТТГФ, кафедралар

3

“Б.Кулназаровдук окуулар” аттуу илимий-практикалык конференция

Май айы 2020-жыл

Кафедранын ОПК курамы, магистранттар

ТТГФ, Зоология жана экология кафедрасы, Магистратура бөлүмү

4

Билим, илим жана маданият-жаркын келечек аталышындагы жаш илимпоздордун жана студенттердин илимий-практикалык конференция

Кыргыз-Өзбек университети

12.11. 2020 ж.

13:00. 1-секция

Молдалиев Ж.Т.

Асомидинов К.М., Кадырова А.Д.

Кыргыз-Өзүбек университети, факультеттер, кафедралар

5

«Академическая свобода высшей школы и подготовка PhD докторов в Кыргызской Республике» видеоконференции и вебинары.

2 декабря 2020 года, 15:00 (GMT+6) онлайн

Жумабаева Т.Т.

Молдалиев Ж.Т.

МО и Н КР, КНУ им Ж.Баласагына

6

“Матикеевдик окуулар” аттуу илимий-практикалык конференция

ОшМУ, ТТГФнин 100-каана.

07.12. 2020 ж.

Молдалиев Ж.Т.

Асомидинов К.М., Кадырова А.Д.

Бопоев Н.О.

Курбанбек кызы Миржамал

ФГ, КГжанаТТКкафедрасы,

Магистратура бөлүмү

7

ОшМУнун PhD докторантура департаментинин жыл сайын өткөрүлүүчү “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” деген аталышта илимий-практикалык конференциясы

2020-жылдын 9-декабрь күнү саат 10:00 онлайн

Жумабаева Т.Т.

Молдалиев Ж.Т.

Асомидинов К.М., Кадырова А.Д.

Бопоев Н.О.

Курбанбек к Миржамал

Өздемир Хасан

Субанов Т.И.

ОшМУнун PhD докторантура бөлүмү, магистратура бөлүмдөр

8

Магистранттар үчүн “Мугалимдин статусу жана көйгөйлөрү” аттуу онлайн

12 дек 2020 10:00 Кыргызстан. Ош.

Молдалиев Ж.Т.

Асомидинов К.М., Кадырова А.Д.

Бопоев Н.О.

Курбанбек к Миржамал

Өздемир Хасан

Субанов Т.И.

ОшМУнун PhD докторантура бөлүмү, Н. Назарбаев атындагы университеттин профессору Д. Шаматов

3. Кафедранын мүчөлөрүнүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө конференцияларга, симпозиумдарга, ж.б. илимий иш-чараларга катышуусу

Аталышы

Өткөрүлгөн жер жана убактысы

Катышуучулардын

аты-жөнү

Эскертүү

1

Международный культурно-образовательный форум молодежи “Чингиз Айтматов и молодежь XXI века”

МГЛУ Москва ш., БГУ ,Нац.академия “Манас” и Ч.Айтматова Бишкек ш.

8-10 декабрь 2020 ж

Жумабаева Т.Т.,

Бопоев Н.(магистрант)

4. Кафедранын мүчөлөрүнүн диссертациялык кеңештердин иштерине катышуусу .

Эмилбекова Д.А. - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы педагогика илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулар даражасын ыйгаруу боюнча уюштурулган Д 13.18.577 диссертациялык кеңешинин мүчөсү.

Кафедранын ОПКнын 2020-жыл ичинде жарык көргөн илимий макалалары:

Авторлор,

түзүүчүлөр

Эмгектин

аталышы

Басмадан чыккандыгы жөнүндөгү толук маалыматтар

Көлөмү

1

Зулушова А.Т., Эмилбекова Д.А., Манасов Н.А., Хаитов Ш.К.

Формирование естественно-научных понятий у студентов на основе межпредметных связей/ илимий макала

Международный научный журнал “Наука Образование Техника” №1(20) 2020. С. 82-87

2

Бабаев Д., Эмилбекова Д.А., Зулушова А.Т., Буранов Э.Ш.

The role of teacher,s professional competence in the formation of natural scientific concepts in the process of teaching biology/ илимий макала

International Scientific Journal Theoretical and Applied Science 06(86) 2020/ p. 176-180

Philadelphia, USA

3

Эмилбекова Д.А., Манасов Н.А., Зулушова А.Т.

Болочокмугалимдердинилимий түшүнүктөрдү системалуу өздөштүрүүдөгү компетенттүүлүгү/ илимий макала

Международный научный журнал “Наука Образование Техника” №2 (20) 2020. С. 78-83

4

АтанаевТ.Б., Андакулова Ж.А., Молдалиев Ж.Т.

Роль квантовых явлений при рассмотрении структуры и функций биологических мембран/ илимий макала

Вестник Ошского государственного университета. 2020. № 1-2. С. 22-26.

5

Атанаев Т.Б., Андакулова Ж.А., Молдалиев Ж.Т.

Применение метода активированной родамином хемилюминесценции для оценки антиокислительных свойств биоактивных веществ / илимий макала

Вестник Ошского государственного университета. 2020. № 1-2. С. 26-30.

6

Исраилова Г.С.

К вопросу об изученности альгофлорырисовых полей Центральной Азии/ илимий макала

Научный журнал "Universum: химия и биология" 2020 г. С.10-14

Сайт: 7universum.com

7

Исраилова Г.С., Танаков Н.Т.

Исследование микробиологических и технологических свойств полуфабриката из плодов облепихи/ илимий макала

Межд.научн.-практ.интернет -конф. “Технико-технологический форум в области пищевой и текстильной промышленности” КГТУ им.И.Раззакова

12.11.2020

Кафедранын мүчөлөрүнүн квалификацияларын жогорулатуусу

Фамилия, аты - жөнү

Квалификация жогорулатуу формалары

Өтүлгөн жери

натыйжасы

1

Эмилбекова Д.А.

Буранов Э.Ш.

ImpactFactor критерийине ээ болгон илимий макалаларды публикациялоо

Publishers International Linking Association (Lynnfield, MA,USA)

Сертификат

2

Исраилова Г.С.

Дурсунбаева А.Ж.

Молдалиев Ж.Т.

"Предметти жана тилди интеграциялап окутуу технологиялары (CLIL)" тренинг –семинары

ОшМУ, январь айы 2020-жыл

Сертификат алынды

3

Исраилова Г.С.

“Мультиурок” проектинде өздүк сайт түзгөндүгү тууралуу сертификат (Сертификат о создании собственнного сайта в проекте “Мультиурок”)

Май айы 2020-жыл

Сертификат

4

Исраилова Г.С.

Мультиурок” проектиндеги сайтка “Биотехнология” предметинен окуу материалдарын жарыкка чыгаргандыгы тууралуу Күбөлүк (Свидетельство о публикации учебных материалов по биотехнологии в сайте проекта “Мультиурок”),

Май айы, 2020 -жыл

Күбөлүк

5

Эмилбекова Д.А.

Абдиллаева Ж.

Абдымомунова Б.А.

Буранов Э.Ш.

Молдалиев Ж.Т.

Маматкулов О.И.

Дурсунбаева А.Ж.

Аралыктан окутуунун моделдери жана Moodle ачык билим берүү платформасын сырттан жана дистанттык билим берүүдө пайдалануу

ОшМУ, сыртттан жана дистанттык билим берүү бөлүмү, январь айы 2020 –жыл

Сертификат

6

Молдалиев Ж.Т.

Маматкулов О.И.

Умарова Р.

“Внедрение и распространение доступных технологий в Центральной Азии для адаптации к изменению климата на местном уровне” тренинг

РЭЦЦА проектисинин демилгеси

Сертификат


Кафедранын 2020-2021-окуу жылындагы илимий жумалыгы

Табият таануу жана география факультетинде 2021- жылынын26-30-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар” жөнүндөгү Жарлыгына карата уюштурулган “Табигый илимдердин эффективдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер” аттуу илимий жумалык болуп өттү.

19.04.2021-жыл саат 13:00. БАЗда

Илим жумалыгынын ачылышы

Илимий жумалыктын ачылыш аземи оффлайн форматта башталып, куттуктоо сөздөрү менен ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, м.и.д, профессор Б.З.Осумбеков, аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М.Анарбаева, Табият таануу жана география факультетинин деканы, г.и.д., профессор А.Г.Низамиев факультеттин профессордук-окутуучулук курамына, магистранттарга жана студенттерге кайрылуу жасашты. Куттуктоо сөздөрүндө факультетибиздин илимий потенциалы, илимий макалалардын абройлуу журналдарда жарык көрүшү жана дүйнөлүк аренада таанылышы, илимпоздорубуздун жетишкендиктерин белгилешти.

Илим жумалыгынын ачылышында эки илимий баяндама угулду:

1. М.Д. Абдуллаева, “Химия жана химиялык технология” кафедрасынын профессору, т.и.д. – “ Кыргызстандын түштүк регионундагы минералдык ресурстарды керамика өнөр жайынын сырьесу катары изилдөөлөр ”.Баяндамачы М.Д.Абдуллаева илимий баяндаманын башталышында илимий жумалыктын багыты Президенттин Жарлыгына дал келгендигин белгилеп, азыркы учурда экологиялык коопсуздук маселелери глобалдык масштабда олуттуу көйгөйлөрдү жаратып, климаттык туруктуулукту камсыздоо үчүн жаңы инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу аспектилери жөнүндө айтып берди.

2. Момошева Г.А., “Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм” кафедрасынын окутуучусу – “ Оценка особенностей экономико-географического положения малых городов южного региона Кыргызстана”.

20 - апрель. Саат 1300. 313-аудитория.

“Химия жана химиялык технологиялар” жана “Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулдары” кафедраларынын биргеликтеги секциялык илимий отуруму болду.

Кафедралардын жамаатын, магистранттарды жана студенттерди илимий жумалыктын жүрүшү менен “Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын профессору, х.и.д. Д.Т.Алтыбаеваменен “Ботаника, ЖБД жана БОУ” кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Д.А.Эмилбековакуттуктап ийгиликтерди каалашты.

Жалпысынан бул күнү 8 илимий баяндама угулуп кызуу талкууланды.

Илимий докладдар:

1. Абдулазизов Тилебалды Адилович,“Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын доценти, х.и.к. – “ Нанобөлүкчөлөрдүн перспективасы. Төрт компоненттүү (TixVyMoz)C кубдук татаал карбиддерди электроучкундук диспергирлөө методу менен синтездөө ”.

2. Алимжанова Мадина,“Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын магистранты– “ Экологиялык таза төмөнкү темпера-туралык жылуулук ташыгычтардын жылуулук физикалык касиетте-рин изилдөө жана өндүрүштө колдонуу ”.

3. Асилбек кызы Канзада, “Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын магистранты– “ Химиялык калыбына келтирүүдө жездин нанобөлүкчөлөрүнүн пайда болушунун шарттарын аныктоо ”.

4. Бекташева Умсунай Кудайназаровна,“Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын аспиранты –“Синтез хлорида кобальта с треонином”.

5. Уметалиев Мырзаалы Торобаевич, “Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулдары”кафедрасынын ага окутуучусу – “ Фергана кырка тоолорунда таркалган Onobrychis тукумунун кээ бир түрлөрүнүн онтогенездик өзгөчөлүктөрү ”.

6. Дурсунбаева Аида Жакыповна, “Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулдары”кафедрасынын окутуучусу – “ Краткий очерк флоры и растительности бассейна р.Куршаб”.

7. Мамытова Рахат, “Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулдары”кафедрасынын магистранты – “ Өрүктөрдүн (Armeniaca) кеңири тараган сортторунун вегетативдик органдарынын салыштырмалуу изилдениши ”.

8. Арстанбек кызы Мадина, БК-1-17 тайпасынын студенти – “ Ош шаарындагы А.Навои атындагы паркында жайгашкан булак суусунун химиялык курамы ”.






>



      

2022-жылдын 7-9-сентябрь күндөрү Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын окумуштуулары Казахстан Республикасынын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы Токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү комитетине караштуу Ботаника жана фитоинтродукция институтунун жана Башкы ботаникалык бактын 90 жылдыгына арналган «Евразиянын өсүмдүктөр дүйнөсүн үйрөнүү, коргоо жана сарамжал пайдалануу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине катышып келишти. Пленардык отурумда делегациянын атынан б.и.к., доцент О.Коланов куттуктоо сөзүн сүйлөп, ОшМУнун атынан белектерди тапшырды. Секциялык иштерде доцент О.Коланов, доцент Д.А.Эмилбекова, ага окутуучу О.И.Маматкулов, окутуучу А.Ж.Дурсунбаева, ага окутуучу Б.А.Абдымомунова, доцент Б.А.Каримов, доцент Г.С.Исраилова, кафедранын аспиранты Ж.С.Абдырахмановалар доклад окушту.