The contest´s position

“ОШ МУНУН ЭҢ МЫКТЫ 75 БҮТҮРҮҮЧҮСҮ” КОНКУРСУНУН

Ж О Б О С У

“Ош МУнун эң мыкты 75 бүтүрүүчүсү” конкурсу Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдыгына карата пландаштырылган мааракелик иш чаралардын алкагында өткөрүлөт.

Конкурстун уюштуруучулары болуп ОшМУнун ректораты, ББСД, карьера борбору, деканаттар эсептелет.

Конкурсту өткөрүү мөөнөтү: 2014 – жылдын март-май айлары.

1.Конкурстун максаттары жана милдеттери
1. Кесиптик, илимий изилдөө жана коомдук ишмердикте өздөрүн көрсөтө алган ОшМУнун (мурдагы ОшПИнин) активдүү бүтүрүүчүлөрүн табуу, алардын ишмердигин даңазалоо аркылуу студенттерди эмгекти сүйүүгө, профессионализмге, мекенчилдикке тарбиялоо.
2. Университеттин структуралык бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча иштерин активдештирүү.
3. КРнын түштүк регионундагы ишкер коомчулуктун көңүлүн жаш адистердин жумушка жайгашуусуна буруу.
4. Өз кесибинин мыктыларын даңазалоо.

2. Конкурска катышуучу талапкерлерге коюлуучу талаптар.
1. ОшМУнун 2011- жылга чейинки бүтүрүүчүсү болуу.
2. 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча эмгек стажына ээ болуу.
3. Коомдук иштерде ж.б. активдүүлүк.
4. Личносттук сапаттары (активдүү турмуштук позиция, кеңири кругозор, лидерлик сапаттар, социалдык активдүүлүк) көрсөтүлгөн 2-3 рекомендация.
5. Иштеген мекемеден өндүрүштүк мүнөздөмө (адистик компетенцияларынын деңгээли, карьералык өсүүсү, ачылыштары, патенттери, публикациялары ж.б. камтыган).
6. Резюме (Үлгүсү).

3. Конкурстун уюштуруу комитети
Конкурсту уюштуруу, аны өткөрүү, ошондой эле талапкерлерди баалоонун критерийлерин, финансы каражаттарын жана катышуучуларды сыйлоо тартибин аныктоо менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт.
Конкурсту уюштуруу комитетинин курамына ректор, окуу иштери боюнча проректор, сапат департаментинин директору, факультеттердин декандары, тарбия департаментинин башчысы, карьера борборунун жетекчиси кирет.
Уюштуруу комитети конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө кулактандырууну 2014-жылдын 1-апрелине чейин университеттин сайтына, “НУР” ж.б. областтык, шаардык гезиттерге, райондук гезиттерге жарыялоого, ошондой эле телеканалдар аркылуу да маалыматты кеңири таратууга тийиш.

4. Конкурсту өткөрүүнүн этаптары
1 - этап (март, 2014) .
1. Конкурстун жобосун түзүү;
2. Конкурсту уюштуруу комитетин түзүү;
3. Конкурсту уюштуруу комитетинин ишин пландаштыруу, мүчөлөр арасында милдеттерди бөлүштүрүү;
4. ММК аркылуу кеңири комчулукка маалымат жеткирүү;
5. Конкурстук тандоонун критерийлерин иштеп чыгуу.

2- этап (арпель, 2014)
• Талапкерлердин базасын түзүү;
• Талапкерлер жөнүндө ММКда билдирүүлөр уюштуруу;
• Студенттер менен (профиль, адистик боюнча) бүтүрүүчүлөрдүн жолугушууларын уюштуруу;
• ММКларга маалыматтар даярдоо;
• Сыйлык фондун аныктоо.

3- этап: (май, 2014)
• Конкурстун жеңүүчүлөрү болгон 75 бүтүрүүчүнү тандап алуу;
• Жеңүүчүлөрдүн хитпарадын түзүү, аны университеттин сайтына; жайгаштыруу;
• Сертификаттарды даярдоо;
• Сыйлоо церемониясын уюштуруу жана өткөрүү.
 

Ректор, профессор:                                                           К.Исаков

ББСДнын директору, профессор:                                   М.Алтыбаева

Көчүрүп ал