Scientific conferences

Урматтуу кесиптештер жана студенттер!

Ош мамлекеттик университети окуу жайдын 75 жылдык юбилейине карата 2014-жылдын 10-ноябрында өткөрүлүүчү “Илим жана жаштар – жаңы идеялар жана жыйынтыктар” аттуу республикалык студенттик илимий конференцияга чакырат.

Конференциянын илимий багыттары

1. Математика, физика, информациялык технологиялар;

2. Табигый, медициналык илимдер;

3. Экономикалык, социалдык илимдер;

4. Коомдук, гуманитардык илимдер;

5. Инженердик-техникалык илимдер.

Конкурска катышуунун шарттары

Макаланын көлөмү 5 беттен кем эмес болуп, текст солдон 2,5 см, оңдон, жогорудан жана төмөндөн 2 см талаа менен Word редакторунда, 14-өлчөмдөгү Тамга-Кит программасында (кыргыз тилиндеги макалалар үчүн), Times New Roman шрифтинде (орус тилиндеги макалалар үчүн) терилүүсү зарыл.

Макалада эң жогорку саптын сол жагында УДК, андан кийинки сапта макаланын темасы, кийин автордун (авторлордун) аты-жөнү, окуган жери көрсөтүлөт. Макаланын аннотациясы кыргыз (орус), англис тилдеринде берилип, пайдаланылган адабияттардын тизмеси болуусу зарыл.

Макаланын автору (авторлору) жөнүндөгү кыскача маалымат (курсу, тайпасы, факультети, окуу жайы, телефон номерлери жана илимий жетекчисинин аты-жөнү) башка баракка көрсөтүлөт.

Конференцияга катышуу үчүн макалалар 2014-жылдын 15-сентябрына чейин электрондук варианты менен кошо төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 331,
Ош мамлекеттик университети, 131, 136-кааналар
Тел: (03222) 2-31-63, (03222) 7-43-25
Электрондук почта: nauka-oshsu@mail.ru