Илимий-изилдөө иштери
      Учурда кафедра мүчөлөрү төмөндөгү эки багыттагы илимий изилдөө темаларынын үстүндө иштөөдө: “Кыргызстандын өндүргүч күчтөрүн жайгаштыруу жана аны өнүктүрүү”, “Кыргызстандын туристтик комплексин жана туристтик
инфраструктурасын өнүктүрүүнүн экономикалык географиялык маселелери”.
      Ал негизинен аймактагы туризмдин өнүгүшүндөгү жана демографиялык маселелердин үстүндө алгылыктуу иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында кафедранын профессордук окутуучулук курамы тарабынан 3 монография (А.Г.Низамиев, Э.К.Алайчиев илимий эмгектери), 10 илимий брошюралар жарыкка чыккан.
      Бүгүнкү күндө кафедрада 2 докторант, 4 аспирант жана 5 илимий изилдөөчү илимий иштердин үcтүндө иштөөдө.
Алардын ичинен кафедранын издөөчүсү Сарыков Р. Кытай Эл Республикасындагы Цинзян педагогикалык институтунда илимий ишин улантууда.