Тарыхы
 Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы


      Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы (БББТМ) кафедрасы 1959-жылы педагогика факультети ачылгандагы алгачкы кафедра болуп эсептелет. Кафедраны Н.Я.Ильягина (1961-1965), А.Валиев (1965-1970), С.Алымкулова (1970-1972), З.Кулунбаева (1972-1975), К.Матикеев (1976-1982), А.Худайбердиев (1976-1982), Д.Тажибаев (1982-1992), Ж.Саипов (1992-1997 жана 2001-2007), Т.Акматова (1997-2001), доцент Р.П.Анаркулов (2007-2012) жетектеген. 2012-жылдын 29-мартынан бери кафедраны б.и.к., доцент М. Шайимкулова жетектеп келе жатат.
БББТМ кафедрасына ар түрдүү мүнөздөгү гуманитардык, табигый жана методикалык дисциплиналар топтолгондуктан, факультеттин студенттик контингенти, окутуучулардын сапаттык денгээли улам өскөн сайын, ошондой эле, жаны адистиктердин ачылгандыгына байланыштуу аталган кафедрадан 1978-жылы башталгыч класстарда кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы, 1979-жылы башталгыч класстарда математиканы окутуунун методикасы, 1982-жылы эмгек, сүрөт жана музыканы окутуунун методикасы кафедралары бөлүнүп чыккан.

1982-жылы математика жана аны башталгыч класстарда окутуунун методикасы кафедрасы кайрадан башталгыч билим берүүнүн методикасы кафедрасына кошулуп, башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы деген аталышка ээ болгон. Демек, бул кафедра учурунда факультеттеги башка кафедралардын ачылышына жана окуу-методикалык жана кадрдык жактан даярдалышына пайдубал, негиз болуп келгенин белгилөөгө тийишпиз.
Кафедранын түптөлүшүнө жана илимий кадрлардын, окуу-усулдук жумуштардын өркүндөшүнө кафедранын мүчөлөрү А.Валиев, К.Матикеев, О.Худайбердиев, Н.А.Куликов, Т.Рахманов, М.Анарбаев, Р.Ахмедовдор өздөрүнүн чоң салымдарын кошушкан.
Учурда кафедрада 18 окутуучу иштейт, алардын ичинен төртөө – илимдин кандидаты, доценттер, экөө – илимий даражасы жок доценттер, бешөө – ага окутуучу.
Кафедрада математика жана аны башталгыч класстарда окутуунун методикасы, табият таануу жана аны окутуу, сүрөт, эмгек жана музыканы окутуунун методикасы секциялары иштейт. Кафедрадагы илимий иштердин жанданышы негизинен 1990-жылдардан башталган. Математика жана аны башталгыч класстарда окутуунун методикасы секциясынын мүчөлөрү «Математиканы окутууда кенже мектеп окуучуларынын таанып-билүүсүн активдештирүү» (каттоо номери 5075), табият таануу жана аны окутуунун методикасы секциясынын мүчөлөрү «Кенже класстардын окуучуларын мекенди сүйүүгө тарбиялоо аркылуу эстетикалык табиттерин өстүрүү» деген темалардын үстүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Изилдөөлөрдүн натыйжалары мектептер үчүн окуулуктар, окутуучулар жана студенттер үчүн усулдук колдонмолор мүнөздө басылмалардан жарык көрүп келе жатат: О.Х.Худайбердиев «Математика: 1-4-класс» (Бишкек, 2002), “Математиканы окутууда экономикалык билимдерди калыптандыруу маселелери”, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент М.Анарбаев “Математикага экономиканын айкалышы” (1988), “Математика плюс экономика” (1991), “Экономика менен таанышуу” (1994), “Рынок тилин үйрөнөлү” (түшүндүрмө сөздүк) (1994), Б.Д.Идаев «Музыка: 1-4-класс» (Бишкек, 2000), К.А.Шакиров «Көркөм эмгек», «Көркөм сүрөт өнөрү» окуу китептери үчүн методикалык көрсөтмө: 1-4-класстар үчүнн программа» (Бишкек, 1998), «Көркөм эмгек: 1-класс» (Ош-Бишкек, 1998), «Көркөм эмгек: 3-класс» (Ош, 2003).       Окутуучулардын илимий-изилдъъ иштеринин негизги темасын башталгыч класстардын окуу предметтерин окутуудагы жалпы дидактикалык жана тарбиялык мазмундагы материалдар түзөт. Бул багытта кафедранын мүчөлөрү тарабынан төмөнкүдөй кандидаттык, докторлук диссертациялар даярдалган жана корголгон: Т.Рахманов “Къкарт дарыясынын алавынын геоморфологиялык түзүлүшү” (1972), О.Х.Худайбердиев «Башталгыч класстарда геометриялык материалдарды окутуу» (1974) (13.00.02), К.Матикеев “Сох дарыясынын алавынын ландшафты жана аны чарбачылыкта пайдалануу” (1971, кандидаттык диссертация), “Борбордук жана Орто Азия аймактарындагы токой ландшафтарынын калыптаныш закон ченемдүүлүктөрү” (1996, докторлук диссертация), Т.Мансурова “Фергана өрөөнүнүн каналдарындагы макрозообенттери” (1982), Т.Аманкулова “Биология и экология пяденицы обдирало орехово-плодовых лесов южного Кыргызстана” (1987, кандидаттык диссертация) (03.00.09), “Түштүк Тянь-Шандагы токойлордун таралышынын өзгөчөлүктөрү жана анын экологиялык ыңгайлануушусу” (2006, докторлук диссертация) (06.02.03), Г.К.Омуралиева “Түштүк Кыргызстандагы жаңгак токойлорундагы зыянкеч курт-кумурскалардын мермитиддери” (1989) (03.00.20), М.Анарбаев “Математиканы окутуудагы экономикалык билимдерди калыптандыруу” (1990), Ж.Саипов «Башталгыч класстарда математиканы окутууда окуучулардын таанып-билүүсүн активдештирүү» (1992), Р.П.Анаркулов «Кенже мектеп окуучуларын эмгекке окутуу процессиндеги практикалык иштердин системалары» (1992) (13.00.02), Т.Акматова «Улуттук (кыргыз) айылдык мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларын адептүүлүккөтарбиялоонун өзгөчөлүктөрү» (1993) (13.00.01), Т.А.Жоробеков “Кенже мектеп окуучуларын көркөмдүүлүккө тарбиялоодогу үй-бүлөө жана мектептин биргелешкен иш-аракети” (1993) (13.00.01), К.Исаков «Стереометриянын курсун окутууда окуучулардын таанып - билүү ишмердүүлүктөрүн активдештирүү» (1995) (13.00.02), А.Асанов “Псевдогиперболикалык теңдемелер үчүн тескери маселелер” (1996), М.А.Шайимкулова «Ак-Буура дарыясынын альгофлорасы жана анын суунун сапатын баалоодогу ролу» (2007) (03.00.05), И.К.Жунусов «Педагогикалык ишмердүүлүктө келечектеги музыка мугалимин даярдоо» (2007) (13.00.01), Р.Ж.Турганбаева «Математиканы окутууда окуучулардын экономикалык алгачкы тажрыйбаларын калыптандыруу» (2009) (13.00.02), Ж.Аблабекова «Башталгыч класстардын окуучуларында алгачкы экологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруунун педагогикалык негиздери» (2011) (13.00.01).
Кафедранын мүчөлөрүнүн ичинен Т.Акматова Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы жана «Жылдын адамы – 2010» диплому, Т.Мейманов Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, Р.П.Анаркулов Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Ош мэриясынын Ардак грамотасы, Ош МУнун Ардак грамотасы, Ж.Саипов Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы, М.А.Шайимкулова Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, К.А.Шакиров Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы тъш белгилери менен сыйланышкан. Кыргыз Республикасынын эмгек сиёирген артисти, жумуриятка таанымал обончу И.К.Жунусов да ушул кафедрада профессорлук кызматта эмгектенген. Учурда кыргыз элине белгилүү ырчы, доценттин милдетин аткаруучу Т.Турдубаев аталган кафедрада үзүрлүү эмгектенүүдө.
Кафедра илимий-изилдъъ иштерди Бишкектеги И.Арабаев атындагы мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Билим берүү академиясы ж.б. жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер менен тыгыз алакада жүргүзөт.
Ош шаарындагы Навои, Барпы, “Керме-Тоо" орто мектептери, №48 “Шүүдүрүм”, №46, №39 балдар бакчалары базалык мектептер жана бала бакчалар болуп саналат. Аларда жаёы илимий-методикалык идеялар эксперименттен өткөрүлөт. Кафедранын окутуучулары аталган базалык билим берүү жана тарбиялоо мекемелеринин кызматкерлерине лекцияларды окуп, илимий-усулияттык жардамдарды берип турушат.
Кыргызстанда “Сорос-Кыргызстан” фондусу тарабынан каржыланган балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына, кенже класс окуучуларына, ата-энелерге жана тарбиячыларга, студенттерге жана мугалимдерге арналып, мектепке чейинки, башталгыч жана жогорку билим берүү баскычтарын камтыган “Алга кадам таштап” аттуу эл аралык вариативдүү билим берүү программасынын иштери белгилүү.


      Бул программа республикабыздагы бир катар базалык бала бакчалардын, башталгыч класстардын, ЖОЖдордун педагогика факультеттеринин педагогикалык жамааттары менен биргелешип, болочок адистерди тарбиялоо, окутуп-тарбиялоо жараянын демократиялаштыруу жана бул жааттагы үзгүлтүксүздүктү камсыз кылуу багытында жигердүү аракеттерди жасоодо.
1996-жылдын сентябрь айынан бери кафедра мүчөлөрү аталган программа менен биргеликте иштешип келе жатат. Ал окуу китептери, окуулуктар, техникалык каражаттар, мезгилдик басылмалар менен камсыз болунган, атайын каана түзүлгөн. Андагы китептердин саны 6000 (алты миё) нускага жетет. Кафедранын окутуучулары «Сынчыл ойлом», «Сапаттуу билим» аттуу эл аралык программаларга катышып, өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүүдө.
Ошондой эле, кафедрага тиешелүү бардык дисциплиналар боюнча бир нече предметтик кааналар түзүлүп, практикалык, лабораториялык сабактар үчүн зарыл гербарийлер ж.б. къргъзмъ-демонстрациялык материалдар, оргтехникалар менен жабдылган.
Студенттерди илимий-изилдөө жана къркъм чыгармачылык иштерге тартуу максатында «Математик», «Жаш натуралист», «Ыр-бий» ийримдери иш алып барат.

2012-2013-окуу жылында ага окутуучусу Х. Ибайдуллаев Ош Мунун “Мыкты окутуучусу” конкурсуна катышып, Ош Мунун сыйлыктарына эгедер болду. Кафедра мүчөлөрү ар жыл сайын университеттик деңгээлде тарбиялык иш чараларды уюштурууда. Мисалы: ушул эле окуу жылында кафедранын доценти маркум К.Исаковдун эскерүү кечесине МИТ, Филология, искусство факультетинин өкүлдөрү, маркумдун туугандары достору, студенттер катышып кеңири масштабтагы кече өткөрүлдү.

2014-жылдын октябрь айында Ош МУнун 75 жылдыгына карата бир топ иш чаралар пландаштырылып аткарылды. Айрыкча “ Мамлекетибиздин эртеңи жаштардын колунда”-деген иш чара кафедра башчысы М. Шайимкулова тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп Ош телевидениясы аркылуу элге көрсөтүлдү. 2013-2014 окуу жылында Байгазиев К. “Мыкты лектор” конкурсуна катышып байгелүү орунга ээ болду.

2014-2015-окуу жылы Н. Капарова “Кыргызстан токойлору аларды туруктуу өнүктүрүүнүн жолдору” деген темада магистрдик диссертациялык ишин коргоду. Ж. Аблабекованын “Гигиена жана дене маданиятынын гигиенасы” окуу колдонмосу, “Кишинин жана булчуң иш аракетинин физиологиясы” лекциялар жыйнагы 2014-жылы жарык көрдү. К. Байгазиевдин “Тексттүү маселелерди чыгаруунун теориясы жана технологиясы” окуу колдонмосу “Мыкты окуу колдонмо-2015” сынагында Ош МУнун III даражадагы дипломуна ээ болду.

2015-2016 окуу жылында кафедранын окутуучулары Б. Идаев, М. Молдомырзаева, Т. Маткеримова, Н. Сарыгулова “Магистр” даражасына ээ болушту. 2015-жылдын ноябрь айында окутуучу К. Джанибае Ош шаарынын , ОшМУнун деңгээлинде көргөзмө уюштурду. Анкени көргөзмөгө ЕГО, искусство факультеттеринин окутуучулары, Ош шаарындагы Г. Айтиев атындагы сүрөт мектебинин сүрөтчүлөрү катышышты. Окуу методикалык иштерден тышкары кафедра мүчөлөрү кайрымдуулук иштерин дагы алып барышат. 2016-жылдын 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарындагы №1 балдар үйүнө кайрымдуулук көрсөтүштү. 2016-жылы кафедранын доценти М. Шайимкулова, окутуучу Р. Алдашүкүров тарабынан “Анатомия” окуу китеби КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин грифи менен басмага сунушталды. Доцент Р. Анаркулов “Башталгыч класстарда математиканы окутууда таяныч схемаларды пайдалануу” Вестник БАТГУ Кызыл-Кыя 2016-жыл. Доцент Т. Турдубаев акыркы беш жыл ичинде “Оштой кенен жер барбы”, “Ыр тумар”, “Энекем”, “Апакем”, “Полковник”, “Жарк деп койчу”, Жаңы жыл”, “Арманым болбос” деген чыгармаларын жаратты. А. Гапаров “Башталгыч класстар үчүн 1001 маселе, мисалдар мугалимдер үчүн методикалык колдонмосу 2016-жылы жарык көрдү.

Акыркы жылдары башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилинин бүтүрүүчүлөрүнө талап көбөйүүдө. Мамлекетибиз башталгыч класс мугалимдерине материалдык жана моралдык жактан зор конүл бөлуп, ыңгайлуу шарттарды түзүп жаткандыктан жогоруда аталган профиллге, башталгыч класстарда билим берүү адистиктерине тапшырган абитуриенттердин саны да арбыды. Натыйжада кафедранын аткаруучу окуу жүктөмү 2016-2017-окуу жылында 26684 саатты түздү. Окуу жүктөмдүн көбөйүшү менен профессордук-окутуучулардын курамы да өсүп, кафедрада 28 мүчөсү эмгектенуудө. Бүгүнкү күндө кафедрада 51 дициплинадан аудиториялык окуу методикалык иштери алып барылат. Бул предметтер боюнча ОМК, силлабустар, СӨАИлер, жумушчу программалар түзүлүп, ОшМУнун сайтына жуктөлүүдө.