Жаңылыктар Архив

Экономикалык география,тармактык экономика жана туризм кафедрасы
Урматтуу кесиптештер жана кадырман студенттер!
Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхында кайсыл гана мезгил болбосун, мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө илимдүү жана билимдүү жаштар негизги ролду ойноп келген. Жаштарыбыз азыркы мезгил талабына ылайыктуу билим алуу менен өлкөбүздүн келечектеги өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп белгилөөгө болот.
Биздин жамаат кафедрага тийиштүү “География мугалими”, “Туризм” жана “Геодезия” адистерин даярдоодо заманбап билим берүүгө умтулууда. Бул аракеттердин натыйжасы илимдүү, билимдүү, ийкемдүү инсандык сапаттагы бүтүрүүчү катары, алган билимин билим берүүдө, туристтик тармактарда иштөөдө, жолдорду жана үй-курууда замандын талабына ылайыктуу сапаттуу адистерди даярдоо жамаатын негизги максаты.
Бүгүнкү күндө кафедранын бүтүрүүлөрү өз адистиги боюнча жана түрдүү багыттагы тармактарда жигердүү, өздөрүнүн жоопкерчиликтүү, ийкемдүү жана сапаттуу иштеп жатышкандыгы бизди кубандырат. Ар бир бүтүрүүчүнүн жагымдуу иш аракеттери кафедранын жана университетибиздин атын даңазалоого ишеним чоң.
Сиздерди терең урматтоо менен, К. Т. Самиев
«Экономикалык, социалдык жана саясий география»
кафедрасынын башчысы, география илимдеринин кандидаты