Жаңылыктар Архив

Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануу концепциясы кафедрасы
Урматтуу мекендештер, кесиптештер жана студент жаштар!
Дүйнөлүк ааламдашуу процесстери жүрүп жаткан доордо адамзат коомчулугунун алдында пайда болгон проблемалардын катарында экология, б.а. курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо, аны сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыштын ресурстук потенциалдарын тереңдеп окуп-үйрөнүп, аны башкаруунун стратегиясын аныктоо зарыл. Өлкөбүздүн жер байлыктарын, топурак жана өсүмдүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсүн, республиканын аймагындагы жаратылыштын антропогендик өзгөрүүлөрүн изилдөө зарыл. Илимий иштерди алып баруу үчүн жаштарга бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык сапаттуу билим берүү географтардын башкы максаты болуп саналат. Биздин кафедранын жамааты студенттерге жогорку билим берүү жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүүдө ар тараптуу иш алып барат. Окутуучулар курамынын жана студенттердин жүргүзүп жаткан иштери элибизге белгилүү деңгеелде папйда алып келет деп ишенебиз. Ал эми кыргыздардын тарыхый географиясын билүү студенттердин мекенчилдигин арттырат деп ишенебиз. «Физикалык география, колдонмо геодезия жана ТТК» кафедрасынын башчысы, география илимдеринин доктору, профессор К.Матикеев